Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25
Украина, Харьков облусу. Орусиянын чабуулунун кесепети. 21-август, 2026-жыл

Украина жана Орусия бири-бирине сокку урду, бир нече киши каза тапты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

11:47 24.2.2025

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын премьер-министри Кир Стармер келерки аптада Вашингтонго сапарынын алкагында АКШ президенти Дональд Трампты Украинада ок атышуу келишими кабыл алынса, ал аймакка бейпилдик күчтөрүн киргизүүгө ынандырууга аракет кылат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Басылма Украинага европалык өлкөлөрдөн 30 миңге чейин аскер жөнөтүү планы тууралуу жазган. Өз аскерлерин жөнөтүүнү каалабаган АКШдан тынчтык орнотуучу күчтөрдү коргоо жана Орусиянын ок атышууну токтотуу режимин бузушуна жол бербөө үчүн Европа үчүн жетишпеген аскердик ресурстарды берүүнү суранышат.

Мисалы, АКШ коңшу өлкөлөрдөгү абадан коргонуу системаларын колдонушу мүмкүн, алар Украинанын айрым аймактарын коргойт. Европада, Украинанын сыртында жайгашкан америкалык авиация европалык тынчтык орнотуучулар коркунучка кабылган учурда даяр абалда турушу мүмкүн.

The Wall Street Journal британ аткаминерлеринин пикирин келтирип, тынчтык орнотуу миссиясын коргоодо америкалык колдоо чечүүчү роль ойной турганын жана бул башка европалык өлкөлөрдү Украинага бейпилдик күчтөрдү жөнөтүүгө түрткү бериши мүмкүн экенин жазды.

Эммануэл Макрон европалык лидерлердин арасынан биринчи болуп Украинага француз аскерлерин жөнөтүүгө даяр экенин айтып чыкты. Кир Стармер да эгерде тынчтык орнотуучу күчтөрдү жайгаштыруу Орусия менен тынчтык келишимдеринин бир бөлүгү болсо, аскерлерин жөнөтө турганын айтты. Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү да өлкөнүн аскер кызматкерлерин бейпилдик миссиясына катышуусун четке каккан жок.

Бирок кийин Олаф Шольц Берлин мындай шартка миссияга АКШ катышкан учурда гана макул экенин тактаган. Швециянын өкмөт башчысы Ульф Кристерссон да миссияга катышууга каршы эместигин белгиледи.

11:46 24.2.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев АКШ сунуштаган баалуу кен байлыктар боюнча макулдашууга кол коюуга даяр эмес экенин билдирди.

Ал мындай шартты адилетсиз деп атап, Вашингтон тараптан берилген кайтарымсыз жардамды карыз катары кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу 23-феврадагы маалымат жыйында айтканын “Свобода” радиосу жазды.

Анда Зеленский кен байлыктар боюнча сүйлөшүү Киевдин сунушу менен башталганын, "Украинанын жеңиш планынын” алкагында биргелешип кен казууну сунуштаганын айтты.

“Силер казасыңар, биз бөлүшөбүз. Бирок баарын бизде адилеттик орной тургандай кылгыла. Ушул согушту токтоткула, буга Путинди мажбурлагыла. Анда дагы курал-жарактар, абадан коргонуу системалары жана ушул сыяктуу башка нерселер кирген. Мен баса белгилеп кетем, бул комплекстүү сунуш болгон, бизге коопсуздук кепилдиктери керек, анын ичинде армияны күчөтүү, абадан коргонуу жана Украинанын аба мейкиндигин жүз пайыздык коргоо”, - деди Зеленский.

Президенттин айтымында, АКШнын сунушка берген биринчи жообунда кен байлыктарды тең бөлүштүрүү сунушталган. “Мен “биз мындайга кол койбойбуз” деп айттым. Бизди алдыда эмне күтүп турганын түшүнбөй туруп, жөн эле экиге бөлүп коё албайбыз. Эгерде “оккупацияланган жерлерди бөлүшөбүз, биз кайра калыбына келтирүүгө жардам беребиз, келгиле” дешсе, бул маңыздуу болмок”, - деди Зеленский.

Анын айтымында, Вашингтондун экинчи планы Киевдин көз карашы боюнча АКШга 500 миллиард доллар карыз экенин кабыл алдыруу. Анын айтымында, Киев Вашингтондон болгону 100 миллиард доллар жардам алган. Ал бул каражаттарды кайтаруу керек деп эсептебей турганын, анткени алар кайтарымсыз берилгенин кошумчалады.

Ал белгилегендей, Киев келечектеги жардамды, эгер ансыз мүмкүн эмес болсо, пайызы менен кайтарууга даяр. Бирок эки эсеге көбөйтүлгөн сумманы кайтаруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

"Менде логикалык суроо бар. Бирок ага эч ким жооп бере албайт. АКШ Израилге, Катарга, Сауд Арабиясына, БАЭге курал сатканда, алар 100% пайда табышабы?", – деп суроо салды.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына туруштук берип, кармашып келатканына туура үч жыл болду. 2022-жылдын 24-февралында орус аскерлери Украинага кол салып, ошондон бери шаар-кыштактарын талкалап, адамдарын өлтүрүп келатат. Кремл Украинанын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтууда.

Трамп жакында Зеленскийди “шайлоосуз отурган диктатор” деп атап, үч жылга созулган согуш башталганы үчүн Украина жооптуу экенин айткан. Америкалык лидердин бул сөзү Киевдин, Европа өлкөлөрүнүн, АКШ Конгрессиндеги жогорку даражалуу республикачы мыйзам чыгаруучулардын тынчсыздануусун жараткан.

06:17 24.2.2025

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Алардын ичинен таасирдүү 36 сүрөттү сунуш кылабыз.

Украина: От күйгөн согуштун үч жылын көрсөткөн сүрөттөр

Орусия Украинага басып кирген биринчи күнү Киевдин метросунда баш калкалап отурган эне-бала, 24-февраль, 2022-жыл.

1/36 Орусия Украинага басып кирген биринчи күнү Киевдин метросунда баш калкалап отурган эне-бала, 24-февраль, 2022-жыл.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Киевге чукул жерде жайгашкан Буча шаарынын тургундары таш-талканы чыккан орус армиясынын танктарынын жанында жүрүшөт, 1-март, 2022-жыл. Шаарды орус күчтөрү басып алгандан бир айдан кийин украин аскерлери бошоткон.
2/36 Киевге чукул жерде жайгашкан Буча шаарынын тургундары таш-талканы чыккан орус армиясынын танктарынын жанында жүрүшөт, 1-март, 2022-жыл. Шаарды орус күчтөрү басып алгандан бир айдан кийин украин аскерлери бошоткон.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Буча жана Ирпин шаарларынын тургундары үй-жайын таштап кетип жатат, 11-март. 2022-жыл.
3/36 Буча жана Ирпин шаарларынын тургундары үй-жайын таштап кетип жатат, 11-март. 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Украин жоокерлерине кол булгалап турган аял Чернигов облусунун тургуну, 2-апрель, 2022-жыл.
4/36 Украин жоокерлерине кол булгалап турган аял Чернигов облусунун тургуну, 2-апрель, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Украин армиясындагы капеллан Александр катардагы жоокер менен чогуу кудайга жалынууда, 24-апрель, 2022-жыл.
5/36 Украин армиясындагы капеллан Александр катардагы жоокер менен чогуу кудайга жалынууда, 24-апрель, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Юрий - Донецк аймагындагы украин армиясынын танк механиги, 11-июнь, 2022-жыл.
6/36 Юрий - Донецк аймагындагы украин армиясынын танк механиги, 11-июнь, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Харьковдун сыртындагы Салтовка шаарындагы кыйраган көп кабаттуу үйлөр, 13-сентябрь, 2022-жыл.
7/36 Харьковдун сыртындагы Салтовка шаарындагы кыйраган көп кабаттуу үйлөр, 13-сентябрь, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Колу артына байланган украин жоокеринин сөөгү Харьков облусунун Изюм шаарына жакын жерде маркумдар жапырт көмүлгөн жерден чыккан. 16-сентябрь, 2022-жыл.
8/36 Колу артына байланган украин жоокеринин сөөгү Харьков облусунун Изюм шаарына жакын жерде маркумдар жапырт көмүлгөн жерден чыккан. 16-сентябрь, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Өрт өчүрүүчү "Шахед" дрону тийгенде жерде кара түтүндүн ичинде жалын менен кармашууда, 17-октябрь, 2022-жыл.
9/36 Өрт өчүрүүчү "Шахед" дрону тийгенде жерде кара түтүндүн ичинде жалын менен кармашууда, 17-октябрь, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Макеевка шаарынын 9 жаштагы тургуну София эвакуациянын алдында кичинекей сүйүктүү жаныбарын бооруна кысып турат, 19-ноябрь, 2022-жыл.
10/36 Макеевка шаарынын 9 жаштагы тургуну София эвакуациянын алдында кичинекей сүйүктүү жаныбарын бооруна кысып турат, 19-ноябрь, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Донецк аймагындагы украин аскерлери Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү берген куралдан сокку уруп жатат, 23-ноябрь, 2022-жыл.
11/36 Донецк аймагындагы украин аскерлери Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү берген куралдан сокку уруп жатат, 23-ноябрь, 2022-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Соледар шаарын коргогон украин жоокеринин канга боёлгон чопкутталган күрмөсү, 23-январь, 2023-жыл.
12/36 Соледар шаарын коргогон украин жоокеринин канга боёлгон чопкутталган күрмөсү, 23-январь, 2023-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Донецк аймагындагы Бахмут шаарынын борбору, 25-февраль, 2023-жыл.

13/36 Донецк аймагындагы Бахмут шаарынын борбору, 25-февраль, 2023-жыл.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Бахмуттагы украин аскери, 25-февраль, 2023-жыл.

14/36 Бахмуттагы украин аскери, 25-февраль, 2023-жыл.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Бутага илинип, сокку тийип жаткан жердеги украин жоокери, 2023-жылдын май айы.

15/36 Бутага илинип, сокку тийип жаткан жердеги украин жоокери, 2023-жылдын май айы.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Бахмуттун айланасында орус күчтөрүн курчоого алган украин жоокери, 2023-жылдын май айы.

16/36 Бахмуттун айланасында орус күчтөрүн курчоого алган украин жоокери, 2023-жылдын май айы.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Бахмуттун жанында колго түшкөн орус аскерине украиндер суу жуткуруп жатат, 2023-жылдын май айы.

17/36 Бахмуттун жанында колго түшкөн орус аскерине украиндер суу жуткуруп жатат, 2023-жылдын май айы.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Украин жоокери Донецк облусунун Благодатное айылындагы талкаланган имаратта, 17-июнь, 2023-жыл.
18/36 Украин жоокери Донецк облусунун Благодатное айылындагы талкаланган имаратта, 17-июнь, 2023-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Киевдеги "Мекен-эне" эстелигине советтик эски гербдин ордуна украин элинин улуттук эн белгисинин орнотулганын майрамдап жатышат. 6-август, 2023-жыл.
19/36 Киевдеги "Мекен-эне" эстелигине советтик эски гербдин ордуна украин элинин улуттук эн белгисинин орнотулганын майрамдап жатышат. 6-август, 2023-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Черниговдун борборуна тийген соккудан кийинки кыйроо, 19-авугст, 2023-жыл.
20/36 Черниговдун борборуна тийген соккудан кийинки кыйроо, 19-авугст, 2023-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Донецк облусунун Авдеевка шаарындагы үйлөрдүн бирине тартылган муралдын алдынан өтүп бараткан жоокер, 2023-жылдын ноябры.
21/36 Донецк облусунун Авдеевка шаарындагы үйлөрдүн бирине тартылган муралдын алдынан өтүп бараткан жоокер, 2023-жылдын ноябры.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Бахмуттун жанында жайгашкан украин армиясынын аткычтар бөлүгүнүн жоокери тыным алып, чылым чегип отурат. 2023-жылдын декабрь айы.

22/36 Бахмуттун жанында жайгашкан украин армиясынын аткычтар бөлүгүнүн жоокери тыным алып, чылым чегип отурат. 2023-жылдын декабрь айы.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Украин аскерлери Бахмуттун жанында асмандагы орустардын дронуна абай салып турушат, 6-март, 2024-жыл
23/36 Украин аскерлери Бахмуттун жанында асмандагы орустардын дронуна абай салып турушат, 6-март, 2024-жыл
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Киевдин борборуна орус армиясынын соккусу тийген кафенин кызматкери өзү иштеген жерде турат, 25-март, 2024-жыл.

24/36 Киевдин борборуна орус армиясынын соккусу тийген кафенин кызматкери өзү иштеген жерде турат, 25-март, 2024-жыл.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Өрт өчүрүүчүлөр Киевдеги орус күчтөрүнүн ракетасы тийгенде кыйраган үйдүн урандыларын тазалоодо, 25-март, 2024-жыл.

25/36 Өрт өчүрүүчүлөр Киевдеги орус күчтөрүнүн ракетасы тийгенде кыйраган үйдүн урандыларын тазалоодо, 25-март, 2024-жыл.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Авдеевканын алдындагы медициналык жайдын дарыгерлери жарадар болгон бейтаптардын денесинен алып чыккан ок-дарынын сыныктары. 2024-жылдын март айы.
26/36 Авдеевканын алдындагы медициналык жайдын дарыгерлери жарадар болгон бейтаптардын денесинен алып чыккан ок-дарынын сыныктары. 2024-жылдын март айы.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Донецк облусунун Покровскисинен эвакуацияланган кыз туугандары менен коштошуп, ыйлап турат. 20-август, 2024-жыл.
27/36 Донецк облусунун Покровскисинен эвакуацияланган кыз туугандары менен коштошуп, ыйлап турат. 20-август, 2024-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.

Украинанын чыгышындагы Покровскинин көчөлөрүнүн бирине эвакуацияга жардам сурагандар үчүн илинген такта, 2024-жылдын октябрь айы.

28/36

Покровскинин айланасындагы өрт чалган жерлер, 2024-жылдын сентябры.
29/36 Покровскинин айланасындагы өрт чалган жерлер, 2024-жылдын сентябры.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
40 жаштагы Артем - украин армиясынын командири. Анын артиллериялык бөлүгү Покровскидеги каршылаштын позицияларына ок атып жатат.

2024-жылдын октябрь айы.

30/36 40 жаштагы Артем - украин армиясынын командири. Анын артиллериялык бөлүгү Покровскидеги каршылаштын позицияларына ок атып жатат.
2024-жылдын октябрь айы.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Согушта курман болгон жоокер Даниил Ляшкевичтин энеси Киевде уулунун табытын курчактап жоктоп жатат, 8-ноябрь, 2024-жыл.

31/36 Согушта курман болгон жоокер Даниил Ляшкевичтин энеси Киевде уулунун табытын курчактап жоктоп жатат, 8-ноябрь, 2024-жыл.

"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Орус армиясынын Киевге урган соккусунда күчүгүн бооруна кыскан кыз. 20-декбарь, 2024-жыл.
32/36 Орус армиясынын Киевге урган соккусунда күчүгүн бооруна кыскан кыз. 20-декбарь, 2024-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Киев авиачабуулга кабылганда баласын алып качып бараткан аял, 20-декабрь, 2024-жыл
33/36 Киев авиачабуулга кабылганда баласын алып качып бараткан аял, 20-декабрь, 2024-жыл
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Киев метросунун Lukyanivska станциясынын кире бериши орус армиясынын соккусунда бузулган. 18-январь, 2025-жыл.
34/36 Киев метросунун Lukyanivska станциясынын кире бериши орус армиясынын соккусунда бузулган. 18-январь, 2025-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Киевдин Lukyanivska метро станциясынын жанына орус армиясынын куралы тийген жер. 18-январь, 2025-жыл.
35/36 Киевдин Lukyanivska метро станциясынын жанына орус армиясынын куралы тийген жер. 18-январь, 2025-жыл.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
2014-жылдагы Евромайданды эскерүүгө келаткан тургундар. 20-февраль, 2025-жыл.

2013-2014-жылдардагы элдик нааразылыктын аркасында Москванын көзүн караган украин президент Виктор Янукович бийликтен куулган. Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасс аймагында жаңжал башталган. 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш баштаган.
36/36 2014-жылдагы Евромайданды эскерүүгө келаткан тургундар. 20-февраль, 2025-жыл.
2013-2014-жылдардагы элдик нааразылыктын аркасында Москванын көзүн караган украин президент Виктор Янукович бийликтен куулган. Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасс аймагында жаңжал башталган. 2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш баштаган.
"Азаттык" радиосунун украин кызматынын фотожурналисти Сергей Нужненко 3 жыл бою согушту талбай чагылдырып турду. Ал тарткан сүрөттөрдүн ичинен таасирдүү 36 көз ирмемди сунуш кылабыз.
Артка
Алдыга

06:15 24.2.2025

Зеленский эгер Украинанын тынчтыгы үчүн зарыл болсо кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты

Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 23-февралда пресс-конференция уюштуруп, Орусия баштаган согуштун үч жылдыгын утурлай журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“Азаттыктын” украин кызматы жазгандай, Зеленский Украинанын тынчтыгы же НАТОдогу мүчөлүгү үчүн зарыл болсо президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты.

Президенттиктен кетүү ниети тууралуу суроого ал “Эгер Украинанын тынчтыгы үчүн кызматтан кетишим керек болсо, мен даярмын. Экинчиден, НАТОго деген мүмкүнчүлүк болсо, көпкө талкуулабаш үчүн, ага да макул болом”, - деди Зеленский.

Ал бийликти ондогон жылдар бою кармап туруу ниети жоктугун, Украинанын 20 жылдан кийинки эмес, бүгүнкү күндөгү тынчтыгын ойлоп жатканын кошумчалады.

АКШ менен талкууланып жаткан кен байлыктар боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу Зеленский Вашингтон сунуштаган келишим боюнча Украина алардан жардам иретинде алган ар бир долларынын ордуна экиден доллар төлөөгө милдеттүү болуп каларын билдирди. Украин президенти “украиндердин 10 мууну” төлөш керек болуп кала турган келишимге кол койбой турганын, Кошмо Штаттар Украинага буга чейин 100 миллиард долларды насыя эмес грант түрүндө бөлгөнүн, андыктан бул каражат карыз деп эсептелбей турганын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамптын “шайлоосуз отурган диктатор” деген сөзү боюнча Зеленский ага таарынбай турганын билдирди.

“Бул сөзгө диктатор болуп отурган киши болсо таарынмак. Диктатор болбой турганыбыз анык. Мен кайсы бир күчтөр эмес, мыйзам аркылуу шайланып келген президентмин. Мени шайлоочулардын 73% колдогон”, - деди ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG