Алматыда Украинаны колдогон акцияга уруксат берилген жок
Казакстандын Алматы шаарындагы Республика аянтына Украинаны колдоп 24-февралда жалгыз пикетке чыккан орусиялык жаранды полиция кармап кетти.
Тимофей Морозов акцияга "Украина жеңет, Орусия эркин болот" деген жазуу менен чыккан.
Анын айтуусуна караганда, бийликтен акция өткөрүүгө уруксат алган эмес. Морозов 2024-жылы Орусиядан Казакстанга көчүп келгенин кошумчалады.
Ал Казакстанда "өзүн коопсуз сезерин, бирок бул акция үчүн басым болушу мүмкүн экенин" божомолдогон.
Акцияны баштагандан көп өтпөй полиция өкүлдөрү андан пикетти токтотууну суранышкан.
2022-жылдын 24-февралында Орусиянын күчтөрү Украинага басып кирип, кеңири масштабдагы согушун баштаганына үч жыл болду.
Бүгүн дүйнөнүн бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген акциялар өтүп жатат.
Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте 30га чукул активист Украинанын элчилигинин алдында көңүл айтуу иш-чарасына чогулду.
Ондон ашуун мамлекеттин лидерлери Киевге барды. Украин баш калаасында бүгүн атайын саммит өткөрүлөт. Президент Владимир Зеленскийдин айтуусуна караганда, ага дагы ондогон мамлекеттин жетекчилери видео байланыш аркылуу катышат.
Европа лидерлери Киевде чогулууда
Украинадагы согуштун үч жылдыгына карата Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо, Литванын жана Латвиянын президенттери Гитанас Науседу жана Эдгарс Ринкевичс, Эстония менен Испаниянын өкмөт башчылары, андан тышкары Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Еврокеңештин президенти Антониу Кушта 24-февралда барышты.
Фон дер Ляйен украин баш калаасына баргандан кийин X социалдык түйүнүнө "Украина - бул Европа болгон үчүн бүгүн Киевдебиз. Бул жашоо үчүн күрөштө Украинанын эле тагдыры эмес, Европанын дагы тагдыры турат", - деп жазды.
Анын айтуусуна караганда, Украинага Евробиримдик март айында 3,5 млрд евролук жаңы жардам көрсөтөт.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтуусунда, бул күнү Киевде өткөрүлө турган саммитке 13 мамлекеттин лидери барат. Андан тышкары видеобайланыш аркылуу 24 мамлекеттин президенти же өкмөт башчысы катышат.
Бул кадам АКШнын президенти Дональд Трамп Украианага жардамды кескин кыскартарын билдирип, согушту токтотуу аракеттерин күчөтүп жаткан маалда жасалууда.
Ал арада Орусиянын армиясы 24-февралга караган түнү Украинанын аймагына 185 "Шахед" дрону менен сокку урду. Бул тууралуу украин армиясы билдирди. Жыйынтыгында Днепропетров, Одесса, Киев жана облустарында инфратүзүмдөр жана карапайым адамдар жашаган турак жайлар жабыркады.
Согуштун курмандыктарын эскерүү акциясы Бишкекте да өттү
24-февралда Украинанын Кыргызстандагы элчилигинде 30га чукул активист көңүл айтуу акциясын өткөрүштү.
Катышуучулар үч жылдан бери согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, Орусиянын агрессиясын айыпташты.
Активисттер менен украин элчиси Валерий Жовтенко жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер баштаган дипломаттар жолугуп, ыраазычылык билдиришти.
Орусия мындан туура үч жыл мурда - 2022-жылы, 24-февралда Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет, фронттогу абал да чыңалган бойдон турат.
Орусиянын Рязань облусундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго жыл башынан бери үчүнчү ирет дрондон чабуул коюлду. Орусиялык Телеграм-каналдар бул ишкананын аймагында өрт тутанганы тартылган видеолорду чыгарып жатышат.
Мунай заводунун зыян тартканы азырынча расмий ырастала элек. Жабыркагандар боюнча да маалымат жок. Орусиянын Коргоо министрлиги дрон соккуларын жок кылганы боюнча отчетунда Рязань облусун белгилеп, бул аймакта эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын аскердик мекемеси Орлов облусунан 16, Брянскиден үч жана аннексияланган Крымдын үстүнөн бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Рязандагы мунай заводуна чабуул коюлганы боюнча маалымат 24-26-январь күндөрү жарыяланган. Биринчи жолу сокку урулганда мунай заводдун жанындагы Ново-Разянь жылуулук борбору да бутага алынган.
26-январда экинчи чабуул болгонун Украинанын куралдуу күчтөрү ырастап, ишкананын аймагында жарылуу болуп, өрт тутанганын, бул заводдо орус армиясы үчүн дизель жана реактивдүү отун өндүрүлөрү айтылган.
ASTRA басылмасы бир жыл ичинде украин күчтөрү Орусиянын аймагындагы 27 энергетикалык объектиге чабуул койгонун эсептеп чыккан. Негизинен бул чабуулдар дрондор менен жасалган, сокку урууда ракеталар да колдонулган. Рязань мунайды кайра иштетүүчү заводу жана Воронеж облусундагы мунай базасы бир нече жолу бутага алынган.
Рязань мунай заводу 1960-жылы колдонууга берилген. Учурда ал “Роснефть” ишканасынын карамагында турат.