"Согуштун тезирээк аякташын каалайбыз, күчүбүз калбай калды"
Кыйын абалга, оор жоготууларга жана Вашингтондун саясаты өзгөргөнүнө карабай Киевдин "Рейтердин" кабарчысы сөзгө тарткан жашоочулары украин элинин жеңишине ишенерин айтышты.
Андрей Оленюк: "Мен Украинанын президенти Зеленскийди колдойм. Согушка чейинки окуялардагы ролуна суроолорум бар. Бирок уруш учурунда биз биригип, президентибизди колдойбуз", - деди.
Виктория Блинова: "Орусия Киевди үч күндө да, үч жылда да ала албайт. Киевди багындыруу алардын колунан эч качан келбейт. Биз бекем улутпуз, бизди эч ким сындыра албайт. Орусиялыктар Киевди үч күндө алабыз деп кыялданбай эле койсун!".
Инна Зайцева: "Үмүт үзбөйм, Украина тезирээк жеңсин деп Кудайга жалынам. Бул биздин өлкөбүз, биздин жерибиз, биздин аймагыбыз. Согуштун тезирээк аякташын каалайбыз, себеби күчүбүз калбай калды".
Украинанын согуштагы жоготуулары
Согушта канча карапайым украин каза тапканы так белгисиз. Улуттар Уюмунун Украинадагы адам укуктарынын абалына байкоо салган миссиясынын маалыматына караганда, уруш 12,5 миң катардагы жарандын, арасында 650 баланын өмүрүн кыйды, 28,5 миңдей киши жарадар болду.
Бирок миссиянын жетекчиси Даниель Белл Украинанын Орусия басып алган чөлкөмдөрүнө эл аралык уюмдар бара албагандыктан жоготуулардын реалдуу саны мындан жогору болушу мүмкүн экенине көңүл бурат.
Орусия катардагы украиндерди жана жарандык жайларды бутага алганын согуштун башынан бери танып келатат.
Он миңдеген кишинин, арасында аскерлердин дайыны табылбай жатат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский быйыл февралдын ортосунда NBC каналына курган маегинде 46 миң украиналык аскер набыт болгонун, 380 миңдейи жараат алганын айтты.
БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин санагына караганда, 10,5 миллиондон ашуун украиналык жер которду, башкача айтканда, урушка чейинки калктын 25 проценти там-ташын калтырып, коопсуз жерге качууга аргасыз болду. Алардын 3,7 миллиону өлкө ичинде үйүн таштап кетсе, калган 7 миллионго жакыны чет жактарда жүрөт.
2 миллиондой турак жай жарым-жартылай же толугу менен кыйраган. Энергетикалык жайларга утур-утур урулуп келаткан соккудан кышкысын миллиондогон киши жылуулуксуз, электр энергиясыз калууда.
Мындай абалдан балдар, кары-картаңдар, майып адамдар өзгөчө жапа чегүүдө.
Уруштун өлкөнүн экономикасына тийгизген залакасы өзүнчө бир көйгөй. Чыгыш бөлүгүндө айыл чарба жана өнөр жай түйүндөрү талкаланды, жумуш орундары 30 процентке азайды.
Учурда орус аскерлери Украинанын аймагынын дээрлик 20% көзөмөлдөйт. Орусия аннексияланган Крымдан тышкары Донбасстын ири бөлүгүн, Херсон жана Запорожьенин кээ бир райондорун басып алган.
Беш миллиард доллар Украинага которулат
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул өлкөнүн өкмөтү Орусиянын камакка алынган активдеринен 5 миллиард долларды Украинага которуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 24-февралда Киевге барганда айтты.
Трюдо жана Европа Биримдигине мүчө бир катар өлкөнүн лидерлери бүгүн Украинанын борбор калаасында согуштун курмандыктарын эскерүү иш-чараларына катышып жатат.
Канаданын өкмөт башчысы Украинага LAV II аскердик машиналарынан 25, F-16 тренажерунан төртөө жана башка жабдык, курал берилерин кошумчалады.
Туткун айырбаштоо боюнча жаңы сунуш
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен туткун айырбаштоо боюнча жапырт жараян уюштурууга чакырды.
Киевде Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин лидерлери менен жолугушууда ал мындай кадам ортодогу өз ара ишенимди бекемдөөгө өбөлгө болорун айтты.
Бирок ал Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн келечегине байланыштуу күмөн ойдо болуп жатканын билдирди.
«Путин бизге тынчтыкты тартуулап берип койбойт. Аны кайсы бир нерсеге айырбаштабайт. Биз тынчтыкка күч менен, акыл калчап, биримдик аркылуу жетише алабыз», - деди Зеленский.