Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04
Украинанын борбор калаасы Киев 24-январга караган түнү да жапырт чабуулга кабылды.
Украинанын борбор калаасы Киев 24-январга караган түнү да жапырт чабуулга кабылды.

АКШ, Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:28 20.3.2025

Украинанын Кировоград облусунун Кропивницкий шаарына Орусиянын дрон чабуулунан сегиз киши жараат алды. Анын бири бала. Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

«19-мартка караган түнү орусиялыктар Кропивницкийге учкучсуз учак менен сокку урду. Кол салуу жарандык инфраструктуранын талкаланышына алып келди. Турак жайлардын терезелери сынып, балкондор талкаланган», — деп жазылган маалыматта.


12:24 20.3.2025

Трамп Украинанын атомдук электр станцияларын АКШнын карамагына өткөрүп берүүнү сунуштаганын анын басма сөз катчысы Кэролайн Левитт Ак үйдөгү брифингде билдирди. Трамптын пикиринде, бул Украинанын энергетикалык объектилерин коргоонун жакшы жолу болмок.

Трамп украин президенти Владимир Зеленскийге: "АКШ электр энергиясы жана коммуналдык кызмат көрсөтүү багытындагы тажрыйбасы менен бул станцияларды башкарууда жардам бермек", - деген. Левиттин белгилешинче, бул сунуш Трамп менен Зеленский 19-мартта телефондон сүйлөшкөн учурда айтылды.

Трамп дагы, Зеленский дагы сүйлөшүүнү тынчтыкка эртерээк жетишүү үчүн позитивдүү жана "абдан жакшы" деп баалашканы менен украин тарап бул сунуш тууралуу кабарлаган жок. Эки тарап бири-биринин энергетикалык объектилерин бутага алууну токтотсо, ал элдешүүгө карай биринчи кадам катары каралууда.

Трамп менен Зеленский Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин биринчи жолу телефондон сүйлөштү.

Мунун алдында АКШ президенти орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн.

Ак үй тараткан билдирүүгө ылайык, жетекчилер Украинадагы согушту токтотуу зарылчылыгын талкуулашкан. Лидерлер жаңжал бекем тынчтык менен аякташы керек деген орток пикирге келишти жана АКШ менен Орусия ортосундагы алакаларды жакшыртуунун маанисин белгилешкен.

Билдирүүдө президенттер тынчтыкка карай жол энергетикалык инфраструктура жайларына соккуларды убактылуу токтотуудан башталарын, Кара деңизде ок атууга чекит коюуну талкуулаган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашканы айтылган.

Кремлдин сайты орус президенти Трамптын 30 күнгө энергетикалык инфраструктураны бутага албоо сунушуна макул болгонун жазган.

15:52 18.3.2025

Орусиянын Белгород облусу учкучсуз учактардын чабуулуна туш болгондо бир киши жарадар болгонун «Пепел» Телеграм-каналы жазды. Губернатор Вячеслав Гладков 18 жаштагы жергиликтүү тургун жабыркаганы тууралуу маалыматты тастыктады.

«Пепел» дрон кулаганда соода борбору өрттөнгөнүн билдирди.

Телеграм-каналдар Краснояруж районунда эки автобус минага кабылганда беш киши жараат алды деп билдиришти. Гладков кийинчерээк үч киши жабыркаганын жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү укрианалык 46 дрон атып түшүрүлгөнүн, 41и Белгородго учурулганын, калгандары Брянск, Курск жана Орлов облустарын бутага алганын билдирди.

Курскини башкарып келаткан Александр Хинштейн аймактагы соккулардан беш киши жабыркаганын айтты.

Кремлчил блогерлер украин армиясы шейшембиде Белгород облусу менен чек арада активдешкенин жана Сумы облусу жактан кирип барууга аракеттенгенин жазышууда.

Губернатор Гладков билдиргендей, Украина менен чек арада кырдаал татаал болуп турат.

Телеграм-каналдар жазган ал жактагы кармаштар тууралуу эки тараптын тең аскерлери расмий түрдө кабарлай элек.

Орусия өз кезегинде кошуна өлкөсүнүн аймактарын аткылоону улантууда.

13:56 18.3.2025


Орусия шейшембиге караган түнү Украинаны 137 дрон менен аткылады. Анын 63ү атып түшүрүлгөнүн, 64ү бутага жетпей калганын Украинанын аба күчтөрү маалымдады.

Кабарда Орусиянын чабуулунан Харьков, Сумы, Полтава, Днепропетров жана Черкассы облустары зыян тартканы жазылган.

Днепропетров облусунда дрон чабуулунан эки ишканада өрт чыкканы кабарланды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG