Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына жаңы чабуулдарын баштаганын 9-апрелде украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийге таянып Би-Би-Си жазды. Сырский бул тууралуу Lb.ua басылмасына курган маегинде айткан.
Андан мурдараак украин президенти Владимир Зеленский чалгын кызматынын маалыматына негиздеп Орусия "Сумы, Харьков жана Запорожье облустарына жаңы чабуулдарга даярданып жатканын" билдирген.
Сумы жана Харьков облустарындагы абал тууралуу Сырский "андай чабуул башталды" деп айтты.
"Бир нече күндөн, дээрлик бир аптадан бери бардык негизги багыттарда душман чабуулдарын эки эсе күчөткөнүн көрүп жатабыз", — деди ал.
9-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Днепр аймагына учкучсуз учактар менен чабуул койгонун Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак билдирди. Анын айтканына караганда, 15 адам жабыркап, сегиз адам ооруканага жаткырылды. Шаарда дрон чабулуунун кесепетинен үйлөр жабыркады.
Шаршембиге караган түнү Харьков жана Краматорск шаары да чабуулга туш болду. Маалыматка караганда, Харьковдо эки адам жабыркады. Шаардын Основянский районунда бир нече жарандык имаратта өрт тутанды. Индустриальный районунда кампа күйүп, Киев районунда үйлөр зыянга учурады.
Краматорск шаарында 11 жаштагы өспүрүм кыз менен апасы, чоң энеси жабыркаганы кабарланды.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт.
9-апрелге караган түнү Орусиянын тогуз аймагы дрон чабуулуна туш болгону маалымдалды. Орусиянын Коргоо министрлиги 158 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, алардын 67си Краснодар аймагынан, 29у Ростов облусунун үстүнөн, 15и Түндүк Осетияда жок кылынды. Министрлик түнкү чабуулга Воронеж, Курск облустары жана аннексияланган Крым туш болгонун кошумчалады. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.
Владикавказ, Волгоград жана Грозный аэропортторунда каттамдарга убактылуу чектөө киргизилди.
Мындан тышкары эки аймакта аскердик аэродромдор бутага алынганы кабарланууда. Украинадан миң чакырым алыстыкта жайгашкан Оренбург облусунда абадан коргонуу күчтөрү аскердик аэродромго жасалган учкучсуз учактын чабуулунун мизи кайтарылганын облус губернаторунун милдетин аткаруучу Евгений Солнцев билдирди. Экинчи аэродром Түндүк Осетиянын аймагында экени айтылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги телекайрылуусунда украин аскерлеринин Орусиянын Белгород облусундагы аракеттери тууралуу айтып берди.
”Биз душмандын аймагындагы чек арага жакын райондордо активдүү аракеттерди улантып жатабыз. Бул толугу менен адилеттүү. Себеби согуш кайдан башталган болсо, ошол жакка кайтууга тийиш. Башкы максат — мурдагыдай эле, аймактарыбызды мүмкүн болушунча коргоо, Сумы менен Харьковдогу калкыбызды орус баскынчыларынан сактап калуу. Башкы командачы биздин бөлүктөрдүн чек ара тилкесиндеги жана "буфердик зона" деген аймактагы аракеттери, түз эле душмандын аймагындагы операциялар жөнүндө маалымат берди. Курск багытындагы операциянын жана жоокерлерибиздин кайратмандыгынын улам фронттун башка багыттарында, айрыкча Донецк аймагында орус армиясынын кысымы азайды. Бул өтө маанилүү”, — деди Зеленский.
Буга чейин Киев расмий түрдө украин аскерлеринин Белгород облусунда жүргөнү тууралуу маалыматтарга комментарий берген эмес.
Украинанын Deep State деген согуш талаасына мониторинг жүргүзгөн долбоорунун маалыматына караганда, украин аскерлери Белгород облусундагы Демидовка аттуу калктуу пункттун аймагында болжол менен 13 чарчы чакырымдай жерди көзөмөлдөп турушу мүмкүн.
Ошондой эле, март айында DeepState жана орус булактарынын маалыматына ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрү Белгород облусунда чек арага жакын аймактын чакан бөлүгүн ээлеген. Учурда Орусиянын аймагында жайгашкан Демидовка жана Поповка айылдарында салгылашуу жүрүп жатат.
Андан тышкары орус күчтөрү Украинанын Сумы облусундагы чек ара аймактарында да активдүү согуштук аракеттерди улантууда.
Орусиянын бийлиги азырынча Белгород облусундагы украин аскерлери тууралуу комментарий бере элек.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жекшембиге караган түнү Орусия башкалаа Киевге баллистикалык ракета менен чабуул койгонун билдирди.
Маалыматка караганда, шаардын Дарницк районунда соккудан эч ким жашабаган имаратта өрт чыгып, жакын жерде токтоп турган үч автоунаа күйүп кетти.
Оболонский районунда мебел цехи менен кампанын имараты, беш кабаттуу бизнес борбордун жогорку кабаттарына зыян келтирилди.
Соломенский районунда да кампанын имаратында өрт тутанды. Куткаруучулар Орусиянын бул чабуулунан үч киши жабыркап, экөө ооруканага жаткырылганын кабарлады.
Украинанын Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов 6-апрелге караган түнү Орусиянын снаряды көп кабаттуу үйгө тийип, бир нече батирде өрт чыкканын, эки киши жараат алганын билдирди.
Орусия бул маалыматтарга комментарий бере элек.
Орус Коргоо министрлиги 6-апрелге оогон түнү Орусиянын үч аймагы 11 дрондун чабуулуна кабылганын, анын сегизи Ростов, экөө Курск, дагы бири Белгород облусунда атып түшүрүлгөнүн жарыялады.