Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:19
Харьков. Орусиянын соккусунан жабыркаган имарат. 2026-жылдын 3-апрели.
Харьков. Орусиянын соккусунан жабыркаган имарат. 2026-жылдын 3-апрели.

"Каза болгондордун бири 16 жаштагы бала эле". Украинадагы жапырт чабуул

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:49 25.8.2025

25-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Сумы облусуна дрондор менен жапырт чабуул койду. Бул тууралуу Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди.

Анын айтымында, аймакта дрондор кеминде он жерге тийип, өрт чыкты. Алардын арасында киши жашаган үйлөр да бар.

Болжолдуу маалыматка караганда, курмандыктар жок, жабыркагандардын саны такталууда.

09:45 25.8.2025

Москванын мэри Сергей Собянин эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Ал 25-августта билдиргендей, Москваны көздөй учурулган дрондор кулаган жерде тийиштүү кызматтар иштеп жатат.

13:38 24.8.2025

Америкадагы православ чиркөөсүнүн иерархы Аляскада орус президенти Владимир Путин менен жолугушканы үчүн кечирим сурады.

Ситка жана Аляска архиепискобу Алексийдин кайрылуусу АКШдагы православдар чиркөөсүнүн расмий сайтында жарыяланды. Чиркөөнүн башчысы, митрополит Тихондун атына жолдонгон кайрылууда Алексий "анын жоруктарынан жапа чеккендерден, азап тарткандардан чын дилден кечирим сурай турганын" айткан.

Архиепископ Путин менен тынчтыкка умтулат деген ойдо жолугушканын, бирок көптөгөн эл аны орус президентинин бетине Украинага тынчтык керектиги тууралуу эч нерсе айта албады деп айыптап жатканын белгиледи. Архиепископ АКШдагы православ чиркөөсү Орусиянын Украинага басып киргенин буга чейин бир нече жолу айыптаганын, азыр деле анын позициясы өзгөрбөгөнүн айтты.

"Мен өзүм түрткү болгон жаңжал үчүн абдан өкүнөм", - деди Алексий.

Митрополит Тихон өз кайрылуусунда архиепископ Путин менен Синоддун макулдугусуз, өзүнүн демилгеси менен жолугушканын, чиркөө мурдагыдай эле согушту айыптап, аны тез арада токтотууга чакырарын белгиледи.

Архиепископ Алексий Путин менен 15-августта анын Анкориждеги сапарында советтик учкучтардын мүрзөсүнө гүл койгону барганда жолугушкан. Орус президенти ал жайга АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушкандан кийин барган.

Дин кызматкери ага аляскалык Германдын иконасын белек кылып, Путинден белекке эки икона алган. Америкадагы православдар чиркөөсү автокефалдык же көз карандысыз болуп саналат. Ал Орус православ чиркөөсүнө жана башкаларга көз каранды эмес.

Чиркөө коомунун мүчөлөрү - АКШ жана Канаданын православ динин туткан жарандары, арасында Украиндан чыккандар да бар.

10:25 24.8.2025

Ишембиде Орусиянын Санкт-Петербург шаарына, Ленинград облусуна дрон чабуулу болду. Аймактын бийлиги облустун үстүнөн алты, Петербургдан эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Петербургдун бийлиги Красносельский районунда жок кылынган дрондун сыныгы турак жайга тийип, терезелери күбүлгөнүн айтты. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

"Фонтанка" жазгандай, акыркы жолу учкучсуз аппараттар Петербургга чейин 2024-жылдын октябрында жеткен.

Ишембидеги чабуулдан улам Пулково аэропортунда каттамдар жапырт кармалды. Аба майдан кечке жуук гана ишин жандантты.

Москванын мэри Сергей Собянин башкалааны көздөй учурулган дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

23-августта Казан, Нижний Новгород, Тамбов, Самара, Калуга жана башка шаарлардын аэропортторунда да иш чектелип, каттамдар кармалды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG