Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы спикери Андрей Парубийди Львовдо атып кетишкенин "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
Полиция киши колдуу болгон адамдын ысымын атаган жок, бирок түшкө маал Сихов районунда ок атуу болгонун ырастады.
Мурдагы спикерге кол салган киши из жашырып кеткен, аны издөө уланууда.
"РБК-Украина" өз булактыран таянып кол салган кылмышкер курьер катары кийинип, кылмышты ишке ашырганын билдирди. Окуя болгон жерде жети ок табылган.
Парубийдин өлүмүн Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий ырастап, кылмышкер изделип жатканын айтышты.
Андрей Парубий 2016-2019-жылдары Жогорку Радада спикер болгон. Ал 1971-жылы Червоноградда туулган, Украинанын Европага багыт алышын колдоп келген.
Евромайдан мезгилинде ал чатыр лагеринин коменданты болуп, Майдандын коргонуу тармагын жетектеген. 2014-жылдын февралынан августуна чейин Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы кызматын аркалаган.
Украинанын Башкы штабы 30-августка караган түнү Орусиянын Краснодар жана Сызрандагы эки мунай заводуна дрондор менен сокку урганын жарыялады.
Маалыматта сокку "душмандын чабуул коюу потенциалын азайтуу, күйүүчү май жеткирүүгө бөгөт коюу" максатын көздөй турганы айтылат. Бутага алынган ишканаларда жарылуу жана өрт болгону жазылган.
Украин тараптын маалыматына караганда, Краснодардагы мунайды кайра иштетүүчү заводу жылына үч миллион тоннага чейин мунай өндүрөт, орус армиясын күйүүчү май менен камсыздоодо колдонулат.
Сызрандагы заводдун кубаттуулугу жылына 8 жарым миллионго жакын тоннаны түзөт.
Краснодар крайынын башчысы мунай заводуна дрон сыныктары тийип, өрт чыкканын ырастады. Расмий маалыматка караганда, технологиялык жабдыкка зыян келтирилип, 300 чарчы метр аянтты өрт чалды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский “Украин элинин улуттук эс тутуму мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзамынын негизинде “рашизм” түшүнүгүн расмий бекитти. Мыйзамды Жогорку Рада 21-августта жактырган.
Бул мыйзамда “рашизм” деген түшүнүккө төмөндөгүдөй аныктама берилген:
"Мамлекет-агрессор (Орусияда) режиминин негизин түзгөн, тоталитардык идеологиянын жана тажрыйбанын жаңы түрү. Ал орус шовинизминин жана империализмдин салттарына, СССРдеги коммунисттик режимдин жана улутчул социализмдин (нацизмдин) тажрыйбаларына негизделет".
Мыйзамда ошондой эле украин тилин жана маданий мурастарды коргоо Украинанын улуттук коопсуздугунун маанилүү бөлүгү катары бекитилген.
“Украинага 2014-жылдын февраль айында башталган куралдуу агрессияда баскынчылык кылган мамлекет тарыхый окуяларды бурмалап, манипуляция кылууда. Орусия куралдуу агрессиясы аркылуу украин элин өз тарыхынан ажыратууга аракет кылууда”, - деп жазылган мыйзамда.
Мындан тышкары мыйзамда “Украинанын көз карандысыздыгы үчүн согуш”, “Улуттук эс тутум”, “Тарыхый антиукраиналык пропаганда”, “Украин элине каршы кылмыштар” деген жоболор бар. Жаңы кабыл алынган документке ылайык, Украина тууралуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, бул өлкөнүн тарыхын кеңири жайылтууга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөт.
"Рашизм" термини 2008-жылы Орусия менен Грузиянын урушу учурунда пайда болгон. Кийин Орусия Украинага кол салгандан тарта бул сөз кеңири колдонула баштаган.
Орус армиясы 30-августка караган түнү Украинанын Запорожье шаарына сокку уруп, андан бир киши каза тапты, 22си жараат алды. Жараат алгандардын арасында үч бала бар.
Украинанын чукул кырдаалдар кызматы эртең менен куткаруучулар беш кабаттуу эки үйдө, беш жер тамда, кафеде жана техникалык тейлөө станциясында чыккан өрттү өчүргөнүн кабарлады.
Маалыматка караганда, жараат алган сегиз киши ооруканага жаткырылды, алардын үчөө 9, 10 жаштагы балдар жана 16 жаштагы кыз.
Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү Украина 87 дрон менен чабуул койгонун, анын баары кармалып, жок кылынганын билдирди. Маалыматта дрондордун көбү - 30у Кара деңиз акваториясында атып түшүрүлгөнү белгиленген.
Калганы Ростов жана Краснодар аймагын бутага алганы айтылды. Мекеменин күнүмдүк маалыматында дрондор түндө Орусиянын он аймагында жок кылынганы жазылган.
28-августта Орусия Киевди жапырт аткылап, андан каза болгондор акыркы маалыматтарга караганда 25 кишиге жетти. Арасында төрт бала бар.