Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23
Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. 2025-жылдын 28-декабры.
Владимир Зеленский жана Дональд Трамп. 2025-жылдын 28-декабры.

Трамп Украина боюнча сүйлөшүүлөр туура багытта баратканын айтты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:06 28.12.2025

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус армиясынын Гуляйполе жана Мирноград шаарларын алганы тууралуу кабарларды төгүндөдү.

Украин тарап орус армиясынын өкүлдөрү жана президент Владимир Путиндин Запорожье облусундагы Гуляйполе жана Донецк облусундагы Мирноград шаарларын ээледи деген билдирүүлөрү ырасталбаганын кабарлады.

"Гуляйполеде абал оор болгону менен коргонуу операциясы уланып жатат. Украинанын жоокерлери баскынчылардын калаадагы жөө аскерлерин жок кылуу операцияларын жигердүү жүргүзүүдө. Мирноградда да кырдаал оор, бирок душмандын Покровск-Мирноград агломерациясын басып алуу планы жүзөгө аша элек, мындан улам алар дезинформацияны курал катары колдонууга аргасыз", - деп жазылган маалыматта.

Украина Орусиянын Донецк облусундагы Костантиновка шаарынын жарымын көзөмөлгө алдык деген маалыматы да чындыкка жатпай турганын айтууда.

Мындан тышкары Башкы штаб Купянск шаарын ээлегенин да орус тарап бир нече жолу жарыялаганын эске салды. Иш жүзүндө Украинанын күчтөрү Купянскини орус аскерлеринен тазалап жатканын, калааны былтыркы сентябрдан бери алуу аракети ишке ашпай келатканын билдирди.

18:34 27.12.2025

Орусиянын Коргоо министрлиги 27-декабрда Украинанын аймагына жапырт чабуул жасалганын кабарлап, үндүн ылдамдыгынан да тез учуучу жана аэробаллистикалык ракеталар, согуштук дрондор колдонулганын билдирди.

Мекеме бутага "украин аскерлеринин кызыкчылыгы үчүн колдонулуучу" энергетикалык инфраструктура объектилери, аскердик өнөр жай комплексинин ишканалары алынганын, максатына жетишкенин кабарлады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ишембиге караган түнү жана эртең менен Орусия 500дөй учкучсуз учак, 40 ракета, анын арасында "Кинжалдарды" учурганын, негизги бутага борбор калаа Киев, энергетика жана жарандык инфраструктура алынганын билдирген.

Киевдин мэри Виталий Кличко шаарда жапырт аткылоодон жараат алгандар 27 кишиге жеткенин, Киев облусунда 47 жаштагы аял каза тапканын, жабыркагандар арасында балдар да бар экенин маалымдады.

Украин борбор калаасында жалпысынан 11 саат абадан коркунуч тууралуу эскертүү берилип жатты.

Днепров, Дарница, Десна, Оболонь, Шевченко райондорунда көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыкканы, сыныктар тийип, жабыркаганы белгилүү болду.

Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский АКШга баратып жолдон Канадада токтоп, бул өлкөнүн премьер-министри Марк Карни менен жолугушуу өткөрөрүн «РБК-Украина» жазды.

«Биз Европа лидерлери менен чогуу онлайн сүйлөшөбүз деп пландап жатабыз, мен АКШ президенти менен талкуулай турган документтердин деталдарын, бардык маселелерди карап чыгабыз», — деди ал.

Зеленский менен Трамптын кезектеги жолугушуусу 28-декабрда Флоридада өткөнү жатат.

Украин лидери буга чейин америкалык делегация менен өткөн сүйлөшүүлөрдө согушту токтотуу планынын 90% макулдашууга жетише алышканын айткан.

АКШ президенти Politico басылмасына «Анда эч нерсе жок, мен жактырмайынча... Эмнени сунуштайт болду экен, көрөбүз», - деп билдирген.

Ошондой эле Трамп Зеленский менен жемиштүү жолугушуу болорун күтүп жатканын айтты.

Politico жазгандай, бул жолку жолугушууда АКШнын коопсуздук кепилдиктери, Запорожье атомдук электр станциясын башкаруу жана Москва өз карамагына алууну көздөп жаткан Донбасстын аймактарын көзөмөлдөө талкууланалары күтүлүүдө.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачканына төрт жылга жакындады. Украинада дээрлик күн сайын жайкын тургундар, анын ичинде балдар каза болуп, жараат алып, бутага жарандык инфраструктура алынарын Москва танып келет.

12:05 24.12.2025

Украинада 24-декабрга караган түнү Орусиянын соккусунан айрым жерлерде адамдар жабыркап, имараттар зыянга учурады. Запорожье шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн кеминде 13ү дрон соккусуна кабылып, терезе, балкондору талкаланганын жергиликтүү бийлик башчысы Иван Федоров маалымдады.

Анын айтымында, үч киши жараат алып, дарыгерлерге кайрылды. Алар 75 жана 35 жаштагы эки аял, 46 жаштагы бир эркек тургун.

Ал тапта Орусиянын борбор калаасы Москвага өткөн түнү да согуштук дрондор учурулганы белгилүү болду. Калаа мэри Сергей Собянин кеминде үч учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн, айрым аэропорттордун ишине убактылуу чектөө киргизилгенин маалымдады.


11:53 22.12.2025

19-21-декабрь күндөрү АКШнын өкүлдөрү Украинанын жана Орусиянын делегациялары менен Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантышты. Жолугушуулар АКШнын Флорида штатындагы Майами шаарында өттү.

Бардык тараптар жолугушуулардан кийинки маалыматында сүйлөшүүлөр конструктивдүү болгонун гана жалпылап айтышты, бирок АКШ–Орусия да, АКШ–Украина да форматтарында кандайдыр бир байкаларлык прогресс жок экенин байкоочулар белгилөөдө.

Кийинки жолугушуулар тууралуу да эч кандай жарыя болгон жок.

19-декабрда АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф, кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустам Умеров баштаган делегация менен сүйлөшүү өткөргөн.

20-21-декабрда Уиткофф, Кушнер жана Ак үй өкүлү Жош Грюнбаум Кремлдин атайын чабарманы Кирилл Дмитриев баштаган делегация менен жолукту.

Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Майамидеги соңку жолугушуу тууралуу комментарийинде анда айтылган сунуштардын көбү Москвага таптакыр туура келбейт чыгар деген оюн айтты. Кремлдин так позициясы 22-декабрда, Дмитриев Орусияга кайтып барып, өлкө башчысы Владимир Путинге баарын баяндап бергенден кийин тактала турганын билдирди.

"Дмитриев мырза азыр Майамиде иш сапарда жүрөт, ал америкалыктар европалыктардан жана украиндерден алган кайсы бир “сигналдарды” алып келет. Биз бул жерден анын баарын талкуулап, кайсынысын кабыл алса болорун, кайсынысы таптакыр кабыл алынгыс экенин карап чыгабыз. Менинче, сунуштардын көпчүлүгү бизге таптакыр туура келбейт, анткени биз америкалык өкүлдөр менен Анкорижде жана башка жолугушууларда макулдашылган турумдабыз”, - деди Ушаков "Россия 1" телеканалынын "Москва. Кремль. Путин" программасындагы интервьюсунда.

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Рустам Умеров 19-декабрда өткөн жолугушуудан кийин кеңири маалымат берген эмес, болгону ага Киевдин европалык өнөктөштөрү катышканын айткан. Ал Telegram каналына "Америкалык өнөктөштөр менен кийинки кадамдар жана жакынкы арада биргелешип иштөөнү улантуу тууралуу сүйлөштүк", - деп жазган.

Ал эми 21-декабрда Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына кененирээк маалымат жазып, сүйлөшүү конструктивдүү болгону тууралуу пост жазды.

Анын айтымында, негизги көңүл “АКШнын Украина боюнча 20 пункттан турган тынчтык планын даярдоо ишин улантуу”, “Украинанын коопсуздугуна кепилдик берүүчү көп тараптуу келишим боюнча позицияларды макулдашуу”, “Украинанын коопсуздугуна АКШ бере турган кепилдиктер жөнүндөгү эки тараптуу келишим боюнча позицияларды макулдашуу”, “Экономикалык өнүгүү планы жөнүндө” деген башкы төрт документке бурулду.

Умеров менен катар Уиткофф да Х социалдык түйүнүнө комментарий жазды. Ал да Умеров баяндаган маалыматты кайталады жана “мындан аркы кадамдардын мөөнөтү жана кезеги” тууралуу сөз болгонун кошумчалады.

“Биз үчүн жалпы артыкчылык болуп адам өлтүрүүнү токтотуу, кепилденген коопсуздукту камсыз кылуу, Украинанын калыбына келиши, туруктуулугу жана узак бою гүлдөп-өнүгүшү үчүн шарт түзүү эсептелет. Тынчтык – жөн гана согуштук аракеттерди токтотуу эмес, туруктуу келечек үчүн татыктуу пайдубал түзүү дагы”, - деди Уиткофф.

АКШ өкүлдөрүнүн украин делегациясы менен бул жолугушуусуна украиналык, америкалык жана европалык жалпы стратегияны макулдашуу максатында улуттук коопсуздук боюнча негизги европалык кеңешчилер да катышкан.

Ал эми орусиялыктар менен жолугушуу тууралуу Уиткофф Дмитриев “эки күн аралыгында АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча тынчтык планын илгерилетүү максатында америкалык делегация менен натыйжалуу жана конструктивдүү жолугушуу өткөргөнүн” билдирди.

"Орусия Украинада тынчтыкка жетишүүнү дагы эле толук жактаган бойдон. Орусия АКШнын украин жаңжалын жөнгө салуу жана глобалдык коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча аракеттерин жана колдоосун жогору баалайт”, - деди Уиткофф.

The Wall Street Journal басылмасы орус президенти Путин Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катыша турган америкалык аткаминерлердин психологиялык профилин талдап, дал Уиткофф катышсын деген талап койгонун жазган. Байкоочулар белгилегендей, ал Орусияга быйыл алты жолу барды, ал эми Украинада таптакыр боло элек.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылы февралда ачкандан бери кармаш уланууда.

Трамп президенттикке талапкер кезинде эгер шайланып калса Украинадагы согушту өтө кыска аралыкта токтото аларын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG