Франциянын борбор калаасы Парижде 6-январда Украинанын, ага жардам берип жаткан союздаш өлкөлөрдүн лидерлеринин АКШнын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Жыйынтыгында француз президенти Эммануэл Макрон Украинанын коопсуздугуна кепилдиктер жөнүндөгү декларация макулдашылганын билдирди.
"Бүгүн биз олуттуу прогресске жетише алдык, анын баары бекем тынчтыктын ишенимдүү кепилдиктерин берүүчү Париж декларациясында жазылды. Бул билдирүүдө каалоочулар коалициясына (Украинага ыктыярдуу түрдө жардам берип келаткан өлкөлөр - ред.) мүчө 35 өлкөнүн, Украинанын жана АКШнын ортосунда жакындоо бар экени биринчи жолу тастыкталууда. Сөз ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери жөнүндө болуп жатат", - деди Макрон.
Анын айтымында, декларацияда атышуунун токтотулушуна АКШнын жана бир нече башка өлкөнүн катышуусунда мониторинг жүргүзүү механизмин түзүү, жаңы агрессия башталып кала турган болсо украин аскерлеринин андайга каршы тура алышын камсыздоо, атышуу токтогондон кийин абада, деңизде жана жерде башка да өлкөлөрдүн катышуусу менен күчтөрдү түзүү, эгер Орусия Украинага кайрадан кол салса союздаштардын Киевге колдоо көрсөтүүсүнүн юридикалык милдеттенмелерин аныктоо макулдашылды.
Мындан тышкары, Франция, Украина жана Улуу Британия согуш аяктагандан кийин украин жергесинде аталган эки өлкөнүн жана башка да европалык союздаштардын аскерлерин жайгаштыруу ниети тууралуу декларацияга кол коюшту. Декларацияда ал аскерлер Украинанын коопсуздугун, тынч жана туруктуу жашоого кайтуусун камсыз кыла турганы белгиленди.
Франциянын борбору Парижде 6-январда Украинанын союздаштары анын келечектеги коопсуздук кепилдиктерин талкуулаганы чогулуп жатышат. Союздаштардын башын бириктирген "Ыктыярдуу коалициянын" Париж саммитинин катышуучулары согуш аяктаса Киев ала турган кепилдиктерине байланыштуу конкреттүү милдеттенмелер боюнча макулдашууга жетишет деп күтүлүүдө.
Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Украинада ок атышууну токтотуу режимин камсыз кылуу үчүн 15–20 миң аскерди жайгаштыруу маселесин талкуулап жатышат. Айрымдар бул сан 30 миңге жакын болушуна үмүт артууда.
Миссиянын негизги бөлүгүн Франциянын жана Британиянын аскерлери түзөт. Алар жердеги жана абадагы коопсуздук үчүн жооп беришет. Ал эми Түркия Кара деңиздеги транспорттук жолдордун коопсуздугун камсыздоону өз мойнуна алат.
Ошол эле учурда Батыштын аскерлери фронт сызыгына канчалык жакын жайгашары азырынча белгисиз.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына берген комментарийинде европалык расмий өкүлдөрдүн көпчүлүгү аскерлер Украинанын батыш бөлүгүндө жайгаштырылып, жергиликтүү жоокерлерди колдоо жана окутуу менен алектенет деген пикирде.
Европалык дипломаттардын биринин айтымында, кокус Орусия кайрадан кол салып жиберсе Батыштын аскерлери жооп кайтара алабы деген маселе азырынча чечиле элек.
“Чынында, биз дагы эле ок чыгарып жооп беребизби же качып кетебизби — ушуну талкуулап жатабыз”,— деп белгиледи ал.
Европадагы аткаминерлердин айрымдары Украинанын аймагында америкалык аскерлер да пайда болушу мүмкүн экенин айтышкан.
"Европейская правда" басылмасынын маалыматына караганда, Париждеги "ыктыярдуу коалициянын" жыйынында ага мүчө өлкөлөр Украинага колдоо көрсөтүү милдеттенмелерин алууну көздөп жатышат. Буга атышууну токтотуунун сакталышын көзөмөлдөө, Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоону улантуу, Украина аймагында көп улуттуу күчтөрдү жайгаштыруу форматы, Орусиянын жаңы агрессиясы болгон учурда союздаштардын аракеттери боюнча милдеттенмелер, Украина менен узак мөөнөттүү коргонуу кызматташтыгы кирет.
"Ыктыярдуу коалицияга" 30дан ашуун өлкө кирет. Франциянын президенти Эммануэл Макрон быйыл сентябрда алардын 26сы ок атышууну токтотуу режимин көзөмөлдөө үчүн Украинага аскер жөнөтүүгө даяр экенин айткан.
Париждеги жолугушууга АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйө баласы Жаред Кушнер да катышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путиндин Валдайдагы резиденциясына украин тарап сокку урганына ишенбей турганын айтты.
"Мен сокку урулганына ишенбейм. Анча алыс эмес жерде бир нерсе болду, бирок анын буга эч кандай тиешеси жок", – деди Трамп.
Журналисттердин сокку тууралуу маалыматтардан кийин Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө эмнеге ага ишенгени тууралуу суроосуна Трамп: "Анткени, ошол учурда эч ким билген эмес. Мен биринчи уктум. Ал үйүнө чабуул коюлганын билдирди. Азыр биз текшергенден кийин, андай болбогон деп эсептейбиз", - деп жооп кайтарды.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-декабрга караган түнү Украина дрондор менен орус президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы (Валдайдагы) резиденциясына чабуул жасоого аракет кылганын жар салган. Ал чабуулдарга 91 дрон колдонулуп, алардын баарынын мизи кайтарылганын ишендиргенге аракет кылган.
Лавров расмий Москва тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын, бирок буга чейинки позициясын кайра карап чыгарын кошумчалаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Кремлдин украин дрондору орус президентинин резиденциясына "чабуул жасоого аракет кылды" деген маалыматын четке каккан. Ал муну “кезектеги калп” деп атап, орус бийлиги мындай жол менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болуп, Киевдеги өкмөттүк имараттарга чабуул жасоого шылтоо издеп атканын айтты.
Ал тапта орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин АКШ президенти менен дал ушул маселе боюнча телефондон сүйлөшкөнүн, Трамп соңку маалыматты угуп “абдан ачууланганын” маалымдады.
Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт X соцтармагы аркылуу Трамптын Путин менен сүйлөшкөнүн ырастап, бирок кеңири маалымат берген жок.
Резиденцияга чабуул тууралуу маалымат Зеленский менен Трамп Флоридада жолугуп, сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтышкандан бир күн өтпөй чыккан.
Трамп жолугушуудан бир нече саат мурда Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн белгилеп, дээрлик төрт жылга созулган согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимин түзүүгө "мурдагыдан да жакындап калганын" айткан.
Украинанын президенти "Путиндин резиденциясына жасалган чабуулду" айыптаган Борбор Азия лидерлерин сынга алган.
Орусиянын дрондору 5-январга караган түнү Киев шаарынын Оболонь районуна караштуу жеке менчик оорукананын төрт кабаттуу имаратына сокку урган.
Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Полициянын маалыматында, клиникада дарыланып жаткан 1995-жылкы киши каза тапкан. Шаар мэри Виталий Кличконун билдиришинче, төрт адам жараат алган.
Медициналык борбордо жалпы 26 бейтап болгон, алардын 16сы шаардык ооруканаларга которулган.
Киев облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Николай Калашниктин билдиришинче, Фастов районунда жети турак үй, бир көп кабаттуу имарат, гараждар, эки автоунаа, өндүрүштүк жана жеке кампалар жабыркаган. Үйлөрдүн бириндеги өрттү өчүрүү учурунда эркек кишинин сөөгү табылган.
Орусиянын чабуулунан Славутич шаарында электр жарыгы өчкөн. Зарыл инфраструктуранын бардык объектилери резервдик электр менен камсыздоого өткөрүлдү.
Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусиянын аскерлери Украинага "Искандер-М" тибиндеги тогуз баллистикалык, С-300 зениттик ракеталары жана 165 учкучсуз учак менен чабуул койгон.
Украин аскерлеринин билдирүүсүндө айтылгандай, абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө, борбордук бөлүгүндө жана чыгышында 137 дронду атып түшүргөн.