Орусиянын соккусунан Запорожьеде көп кабаттуу бир нече үй жабыркады, жаракат алгандар бар. Украина Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 30-январга караган түнү Орусия Украинага "Искандер-М" тибиндеги баллистикалык ракета жана 111 учкучсуз учак менен сокку урду. Алардын 80и жок кылынды.
"Баллистикалык ракета жана 25 сокку уруучу дрон 15 жерге тийгени, атып түшүрүлгөн дрондордун калдыктары эки жерде кулаганы катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
29-январь кечинде Орусиянын аскерлери Запорожьенин конуштарын аткылаган. Облустук администрация башчысы Иван Федоровдун айтымында, бул чабуулдан жети жер үй жабыркаган. Түн ортосуна жакын шаарга кайрадан сокку урулуп, дрон көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жерге тийген. Жарылуунун толкуну беш көп кабаттуу үйдү жана эки жеке үйдү зыянга учураткан, терезелер сынып, балкондор талкаланган. Эки аял жаракат алган.
Днепропетровск облусунун аскердик администрация башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, кечинде жана түн ичинде орус аскерлери Синельников районун аткылаган. Бир эркек киши жаракат алып, орточо оор абалда ооруканага жеткирилген. Чабуулдун кесепетинен инфраструктура объекттери жана жер үй жабыркаган. Никополь районунда көп батирлүү үй, ишканалар жана маданий мекеме зыян тарткан, Павлоградда бир автоунаа зыянга учураган.
Харьков облусунда Купянск районундагы Чоң Бурлук кыштагында колдонулбай турган административдик имаратка сокку урулган. Жарылуудан кийин имараттын чатыры 100 чарчы метр аянтта күйгөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттер менен сүйлөшүп жатып "Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолуккусу келсе Москвага келсин" деген сөз боюнча суроого жооп берди.
"Украинская правда" басылмасы Зеленскийдин жообунан цитата келтирди:
"Шексиз, мен Путин менен Москвада жолугушум мүмкүн эмес. Бул Путин менен Киевде жолугуу мүмкүн эместей эле. Мен деле аны Киевге чакыра алам, келсин. Ачык эле чакырам, эгер келе алса, албетте", - деди Зеленский.
Украин президенти эгер Путин менен жолугушуу согушту токтото алса, ага даяр экенин бир нече жолу кайталаган.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 29-январда Зеленский Путин менен жолуккусу келсе Москвага келсе болорун, ал жакта коопсуздугу кепилденерин айткан.
Украина менен Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуп жаткан АКШ эки лидердин жолугушуусун Америка президентинин катышуусунда уюштуруу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдиргени менен акыркы убактарда бул тууралуу сөз болгон эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп 29-январда Путинди суук күндөрү Украинанын борбору Киевди жана башка шаарларын аткылабай турууга чакырганын билдирген. Зеленский анын билдирүүсүн кубаттаган.
30-январдын таңында украин Куралдуу күчтөрү түн ичинде орусиялык аскерлер Украинага 111 учкучсуз учак менен сокку урганын, жай тургундар жаракат алышканын билдирди.
Украинанын Харьков облусунда орус армиясынын жүргүнчү ташыган поездге дрон чабуулунан беш адам мерт кетти. Бул тууралуу 27-январда аймактын прокуратурасы маалымдап, дагы эки адам жаракат алганын билдирди.
"Учкучсуз учактардын экөө поезддин жанына, бирөө вагонго тийген. Өрт чыккан. Поездде 155 жүргүнчү болгон", - деп маалымдады мекеме.
Украин президенти Владимир Зеленский дрон тийген вагондо 18 жүргүнчү баратканын, жалпысынан поездде 200дөн ашуун адам болгонун соцтармактагы баракчасына жазды. Ал мерт кеткендердин жакындарына көңүл айтты.
Украинаны калыбына келтирүү, аймактарды өнүктүрүү вице-премьер-министри Алексей Кулеба соцтармакка жазгандай, баштапкы маалыматтарда "Барвенково – Львов – Чоп" каттамындагы поездге "Шахед" үлгүсүндөгү үч ракета менен чабуул жасалган. Учкучсуз учактар тепловоздун алдына жана жүргүнчү вагонго түшкөн.
Жүргүнчү поездине жасалган чабуулду Алексей Кулеба "Орусиянын эч кандай аскердик бутага эмес, жарандарга каршы түз террордук акты" деп атады.
Прокуратура бул факты боюнча "киши өлүмүнө алып келген аскердик кылмыш" катары сотко чейинки тергөө ишин ачканы кабарланды.
2022-жылдын 24-февралында Украинага басып киргенден бери Орусия жай тургундарды да бутага алып келе жатканын украин тарап дайым айтып, Москваны айыптап келет. Орусия мындай айыптоолорду такай четке кагат.
Орусиянын аскерлери 28-январга караган түндө Киев облусунун Буча районундагы көп кабаттуу үйгө чабуул коюп, эки киши мерт кетти. Бул тууралуу Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Николай Калашник билдирди.
Анын сөзүнө караганда, аял жана эркек каза болгон, дагы төрт киши медициналык жардам сурап кайрылган.
Чабуулдун жыйынтыгында жетинчи кабаттагы батирдин чатыры күйгөн. Украин Чукул кырдаалдар кызматы маалымдашынча, өрт өчүрүлгөн.
Запорожьеде 12 жер үй жабыркады, айрымдарында электр энергиясы жоктугун облустук администрация башчысы Иван Федоров маалымдады. Эки адам жаракат алган, бири 88 жаштагы аял.
Одесса облусунун башчысы Олег Кипер Киев районунда орусиялык дрондор православ монастырын жана бир үйдү бутага алган. Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери дрон, ракета чабуулдарынан миңдеген кишинин өмүрү кыйылды. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы аскердик жайларга гана сокку урарын билдирип, карапайым тургундар отурукташкан аймактарга чабуул болгонун четке кагып келет.