Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:48 4.2.2026

Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде бүгүн 4-февралда АКШнын, Украинанын жана Орусиянын өкүлдөрүнүн Кошмо Штаттардын Украинадагы согушту токтотуу боюнча планын талкуулоого байланыштуу бетме-бет сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду башталды.

Үч тараптуу жолугушууда украин делегациясын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, орус делегациясын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын (мурдагы Аскердик чалгын башкармалыгы) башчысы Игорь Костюков жетектөөдө, америкалык топтун башында АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Уиткофф, кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер турат.

Умеровдун айтымында, жалпы отурумдан кийин өзүнчө багыттар боюнча топторго бөлүнүп иштешет, андан соң "позициялар кайрадан биргелешип такталып чыгат".

Жабык өтүп жаткан сүйлөшүүлөр эки күн уланат деп болжолдонууда.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эч кандай расмий билдирүү болбой турганын айтты жана Украина Москванын талаптарына макул болбосо Орусия согушту уланта берерин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду да Абу-Дабиде 23-январда өткөн, ага ушул эле курам катышкан. Жыйынтыгы кандай болгону тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Axios басылмасы америкалык өкүлдөрдүн биринин айтып бергенине таянып ал жолугушууда "баары талкууланганын", талкуудан украин тарап да, орус тарап да баш тарпаганын жазган.

16:12 4.2.2026

Одессадагы соккуда беш киши каза тапты

Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдиргендей, 4-февралга караган түнү Орусиянын соккуларында каза тапкандар беш кишиге жетти. Төрт кишиге жеринде жардам көрсөтүлгөн, бири медицина кызматкерлерине өз алдынча кайрылган. Жараат алгандардын баарынын абалы канааттандырарлык.


12:41 3.2.2026

Орусия 20 градуска жеткен суук шартында Украинанын энергетика тармагына кайрадан сокку урду. 3-февралга караган түнү орус аскерлери согуштук дрон жана ракета менен Киев, Днепр, Харьков, Одесса жана башка шаарларды аткылаганын жергиликтүү бийлик жетекчилери кабарлашты.

Харьковдун мэриясы энергетика инфраструктурасы зыянга учурагандыктан калаадагы кеминде 820 үйдүн жылуулук системасын өчүрүүгө мажбур болушканын билдирди.

«Атайылап энергетикалык инфраструктураны бутага алып жатышат. Максаты бир гана — шаарды болушунча талкалап, ушундай суукта жылуулуксуз калтыруу», - деди мэр Игорь Терехов.

Борбор калаа Киевде да айрым жерлерде электр жарыгы, жылуулук өчүрүлүп жатат.

Киев аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Орусиянын кезектеги чабуулунан эки киши жараат алганын жазды.


15:08 2.2.2026

29-январь күнү Ош шаарында Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында набыт болгон кыргызстандык жарандын сөөгү жерге берилди.

Маркумдун атын атагысы келбеген жакындарынын сөзүнө караганда, ал мурдагы күч кызматкери, 2007-жылы Орусия жарандыгын алган, 2014-жылдан бери Орусиянын армиясында келишим менен иштеп жүргөн. Жакынынын ырастоосу боюнча маркум Ростов шаарында дрон чабуулунан жаракат алып, оорукада көз жумган.

Анын Украинага каршы согушка тартылганы тууралуу так маалымат жок.

2022-жылдын февралында Москва Украинага согуш ачкандан бери орус тарапта согушкан же набыт болгон кыргызстандыктардын так саны белгисиз.

Украинанын “Хочу жить” долбоору жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.

“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.

Былтыр май айында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Украинага каршы согушка Борбор Азиянын орус жарандыгын алган 20 миңдей жараны тартылганын билдирген.

Украинага бастырып киргенден кийин Орусияда күч кызматкерлери орус жарандыгын алгандарды аныктоо үчүн рейддерди жүргүзүп келишкени, аларга аскерге чакыруу берип, аскер комиссариаттарына күчтөп алып кетишкени, алардын айрымдарын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлашканы кабарланган.

Бастрыкин 2024-жылы орус жарандыгын алган 30 миңдей мигрант аскердик каттоого турбай жүргөнү аныкталганын, алардын ичинен 10 миңдейи "окоп казып, тылды бекемдөөгө" жиберилгенин айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG