АКШ, Орусия жана Украинанын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу март айынын башында Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралда Женевада украин жана америкалык делегациялардын ортосундагы консультациялар боюнча комментарий берип жатып билдирди.
Зеленскийдин айтымында, "чыныгы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жетишилгендин баарын жыйынтыктап, лидерлердин деңгээлиндеги жолугушууга даярдануу керек".
Ал Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн контекстинде "бул формат көп нерсени чече алат" деп эсептейт.
«Согуш аякташы керек — бул биздин позициябыз, бул Украинанын позициясы, бул биздин бардык өнөктөштөрүбүздүн позициясы. Бирок, тилекке каршы, азыр баары көрүп турат, Орусия тынчтыкка даяр эмес жана Путин өзүнүн согуш машинасын токтотуп жатканынын белгилери жок. Тескерисинче, ал согушту улантууга даярданып жатат жана дүйнө Орусияга муну өзгөртүү үчүн басым көрсөтүүгө даяр болушу керек», - деп жыйынтыктады Зеленский.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен сүйлөшүүсүндө Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтоткусу келерин билдиргени кабарланган. Бул тууралуу 26-февралда Axios Ак үйдөгү булакка шилтеме берип билдирген.
Эки президенттин бул телефон сүйлөшүүсү Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушунун төрт жылдыгынын эртеси болгон. Басылманын булактарынын маалыматы боюнча, «президенттердин ортосундагы сүйлөшүү абдан достук жана позитивдүү болду».
Axios басылмасынын маалыматына караганда, сүйлөшүү учурунда Зеленский Ак үйдүн башчысына Украинага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Путинди согушту токтотууга бир гана Трамп мажбурлай аларын баса белгилеген. Америкалык президент, өз кезегинде, Зеленскийге АКШ Орусия менен тынчтык келишиминин алкагында анын өлкөсүнө "олуттуу коопсуздук кепилдиктерин" берүүгө даяр экенине ишендирген.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинанын президенти Владимир Зеленскийге ачык кат жазды. Орусия мунайын Венгрияга жана Словакияга өткөргөн "Достук" куурунун ишин жандантуу талабы менен жазылган катын ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Орбан Будапешт "согуштук аракеттерди каржылоону жана энергия үчүн ашыкча төлөөнү каалабасын" билдирген.
"Төрт жылдан бери орус-украин согушуна карата венгер өкмөтүнүн жана венгер элинин позициясын кабыл ала албай келе жатасыз. <...> Биз украин элине боорубуз ооруйт, бирок биз согушка катышкыбыз келбейт. <...> Мен сизди "Достук" куурун токтоосуз ачууга жана мындан ары Венгриянын энергетикалык коопсуздугуна чабуул коюудан карманууга чакырам", – деп жазды Орбан.
Орусиянын мунайын Венгрияга жана Словакияга өткөрүү 27-январда токтогон. Украин бийлиги буга куурдагы түтүктөр Орусия армиясы Львов облусуна чабуул койгондо жабыркаганын негиз кылган. Киев ошондой эле Венгрия менен Словакия орус мунайын сатып алууну улантып, Орусиянын Украинага каршы согушун каржылап жатат деп билдирүүдө.
Буга жооп кылып 23-февраль күнү Венгрия Евробиримдиктин Орусияга санкцияларынын 20-пакетин жана Украинага 90 млрд евро насыя берүү чечимин бөгөттөп салган. Венгрия Киев куурду саясий себептер менен ачпай жатат деп, куурга жасалган ракеталык чабуул үчүн украин аскерлерин айыптоодо.
"Украиндер бизге шантаж кылып жатышат. Алар Брюссел менен тил табышып, Венгриянын оппозициясы менен биригип, биздин энергетика тармагыбыздын жана жалпы Венгриянын коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө", - деп билдирген Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто.
23-февраль күнү Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо "Достук" мунай кууру калыбына келтирилмейинче Словакия Украинага электр энергиясын берүүнү токтоторун жарыялаган.
Орусиянын Смоленск облусундагы химиялык заводго жасалган дрон чабуулдан төрт адамдын өмүрү кыйылып, 10у жаракат алды. Бул тууралуу аймактын губернатору Василий Анохин билдирди. Ал чабуулду Украинадан көрдү.
Украиналык жана орусиялык Телеграм-каналдардын маалыматына ылайык, 25-февралга караган аба чабуул Дорогобуж шаарындагы химиялык заводго жасалган. Маалыматты кийинчерээк аймак жетекчилиги дагы ырастады.
Украинанын мониторинг жүргүзгөн Exilenova+ жана Supernova+ каналдары сүрөт жана видеолорго таянып, чабуул аммиак өндүргөн заводго багытталганын жазышты. Бул ишкана 2025-жылдын ноябрь жана декабрь айларында да дрон соккусуна дуушар болгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги таңкы маалыматында Смоленск облусунун үстүнөн түн ичинде 14 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
ASTRA басылмасы белгилегендей, жергиликтүү коомдук баракчаларда Дорогобуж шаарындагы бардык мектептерде окуу бүгүн токтотулганы тууралуу маалымат тараган.
Киев расмий түрдө бул ишканага жасалган сокку боюнча азырынча комментарий бере элек. Адатта украин бийлиги Кремлдин согуш машинасын жүргүзүүгө көмөктөшкөн ишканаларды бутага аларын билдирип келет. Ал эми Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку урууну улантууда.
Орусияда жана орус армиясы басып алган украин аймактарында кеминде 4029 адам согушка байланыштуу саясий негиздеги кылмыштарга айыпталганын "Поддержка политзеков. Мемориал" долбоору эсептеп чыкты.
Укук коргоочулар белгилегендей, 1614 адам – Орусиянын, 1277 – Украинанын жарандары, 121 адам Украина жана Орусиянын жарандыгына ээ, дагы 47 адам башка өлкөлөрдүн жарандары.
1277 украиндин 726сы аскер кызматкери. 2022-жылдан бери кеминде 39 украин өмүр бою эркиндигинен ажыратылганын "Мемориал" жазды.
Ушул тапта 3059 адам жабык жайларда кармалып турат. Орусиянын соттору бул иштер боюнча бир дагы актоо чечимин чыгарган эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский беларустун "Зеркало" басылмасына курган маегинде Орусиянын абактарында 7 миңдей украин бар экенин билдирген.
"Алар украиндерге башка өлкөлүк саясий туткундарга караганда катаал мамиле кылышат", – деди Зеленский.
5-февралда Орусия менен Украина согуш туткундарын 157/157 форматында алмашкан. Зеленский анын ичинен жетөө жай тургун, калганы аскер кызматкерлери экенин кошумчалады. Туткундардын эң жашы 23 жашта, ал туткунга 19 жашында, Маруиполду коргоп жатып түшкөн. Орусиялык сот аны өмүр бою эркиндигинен ажыраткан.