Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58
Сумы.
Сумы.

Түз ободо Сумы менен Харьков дрон жана ракета чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:36 8.4.2026

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын 8-апрелдеги маалыматы боюнча, орусиялык күчтөр Одесса, Сумы жана Харьков аймактарына абадан сокку уруп, кеминде бир адам каза болду, бир нече киши жараат алды. Жалпысынан Украинанын Куралдуу күчтөрү 8-апрелге караган түнү орусиялык 176 дрондун 146сын атып түшүргөнүн, 24ү бутага жеткенин билдирди.

8-апрелге караган түнү орус аскерлери Одесса облусуна ири чабуул койгонун Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы (SES) Telegram баракчасына жазды. Одесса аймактык аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин айтымында, соккулар жарандык жана порттук инфраструктурага зыян келтирди. Баштапкы маалыматтарга караганда, адамдар арасында курмандыктар жок.

Ошондой эле Харьков облусундагы жарандык объектиде орусиялык дрондун чабуулунан улам чыккан ири өрт өчүрүлдү.

Сумы аймактык аскердик департаментинин башчысы Олег Григоровдун айтымында, дрон Ромны аймагында турак жайга тийген. Өрттөн 42 жаштагы эркек киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алды.

Запорожье облусунда, аймактык аскердик департамент башчысы Иван Федоров билдиргендей, орус аскерлеринин дрон чабуулунан бир адам каза болуп, дагы эки адам жаракат алды.

Украинанын чыгыш аймагындагы бир нече жерде электр энергиясы чабуулдардан улам өчүрүлдү. Борбор калаа Киевде электр энергиясын өчүрүү графиги киргизилди.

Орус армиясы Украинанын аймагына сокку урууда 176 дрон колдонгонун, алардын көпчүлүгү Шахед дрондору болгонун украин Аскер-аба күчтөрү маалымдады. Мекеме билдиргендей, дрондор Брянск, Орел, Курск, Миллерово, Приморско-Ахтарск жана аннексияланган Крым аймактарынан учурулган. Украинанын аба чабуулдарынан коргонуу күчтөрү өлкөнүн түндүгүндө, түштүгүндө жана чыгышында 146 дронду атып түшүрүүгө жетишкен.

"12 жерде 24 чабуулчу дрондун соккусу, ал эми бир жерде атып түшүрүлгөн дрондордун кыйрашы катталды", - деп айтылды Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Ал тапта аннексияланган Крым жарым аралындагы Феодосия шаарындагы «Деңиз мунай терминалы» пилотсуз учактардын чабуулуна туш болгонун Astra жана мониторинг жүргүзгөн украиналык телеграм-каналдар жазышты.

Supernova+тараткан маалыматка караганда, мунай базасында эки резервуар өрттөндү.

Орусия суюлтулган отун сакталган терминалга сокку урулганын расмий ырастаган жок. Феодосиянын бийлиги шаардагы эки көчө жана Керч шоссеси «кырдаалга байланыштуу» жабык турганын билдирди.

Өрт чыкканын НАСАнун спутниктери да бышыктайт.

Крымдагы эң ири терминал аркылуу жылына 12 миллион тонна мунай продукциясы өтөт, ал жакта бир учурда 250 миң тонна продукция сакталат.

Украин армиясынын Башкы штабы буга чейин билдиргендей, «Деңиз мунай терминалы» ишканасы Крым жарым аралына жана убактыуу оккупацияланган аймактарга күйүүчү май ташылган негизги хаб болуп эсептелет. Терминал украин куралдуу күчтөрүнүн соккуларына мурда да кабылган. Согуш башталгандан бери андагы 34 резервуардын 12си жабыркаган.

Украина Орусиянын агрессиясына жооп иретинде ал өлкөнүн согуш машинасын күйүүчү май менен камсыздаган жайларды бутага алып келет.

13:32 6.4.2026

6-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Одессага ири масштабда сокку уруп, үч адам, анын ичинде эки жарым жаштагы наристе набыт болду. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жана шаардык аскердик администрация башчысы Сергей Лысак билдирди.

Одесса облусунун аскердик администрация башчысы Олег Кипер тактагандай, 15 адам жабыркап, алардын 13ү ооруканага жеткирилген.

Маалыматка караганда, эки адамдын абалы оор. Жараат алгандардын арасында эки өспүрүм бар.

Лысак Приморск районунда көп кабаттуу турак жай комплекси жана жети жеке үй жабыркаганын айтты.

Киев районунда бир көп кабаттуу имарат, беш жеке үй, менчик бала бакча, дүкөн жана 27 автоунаа зыян тарткан.

Издөө-куткаруу иштери уланууда, урандылардын алдында адамдар болушу мүмкүн.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматы боюнча Орусия 6-апрелге караган түнү 141 дрон менен чабуул койгон. Алардын 114ү атып түшүрүлгөн.

Орусия Одессага жасалган жапырт чабуул боюнча комментарий берген жок.

Согуштун бешинчи жылында Москва Украинанын түштүгүндөгү негизги логистикалык түйүнгө жана өлкөдөгү эң ири портко соккуларын күчөттү. Бул порт аркылуу украин дан азыктарынын жана башка деңиз аркылуу экспорттолчу товарлардын негизги бөлүгү өтөт.

6-апрель - Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланды.

16:11 4.4.2026

Украинанын Днепропетровск облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Ганжа өзүнүн Telegram каналында Никопол шаарында Орусиянын чабуулунан беш адам каза болуп, 19 адам жаракат алганын 4-апрелде жазды. Ал сокку FPV дрондору менен жасалганын кошумчалады.

Администрация башчысынын айтымында, каза болгондордун арасында үч аял жана эки эркек бар. Жаракат алгандардын арасында 14 жаштагы кыздын абалы оор.

Ганжа ошондой эле соккудан өрт чыгып, чекене соода павильондору жана дүкөн жабыркаганын билдирип, сүрөттөрүн жарыялады.

Орусия тараптан азырынча эч кандай билдирүү боло элек.

4-апрелге караган түнү Орусия Украинанын Киев, Сумы, Днепропетровск облустарына дрон менен чабуул койгон.

Учкучсуз учактар Сумы облусундагы 16 кабаттуу үйгө жана менчик аймакка тийген. Шаар мээринин милдетин аткаруучу Артем Кобзар 13 киши жараат алганын, арасында 15 жаштагы өспүрүп бар экенин билдирди.

Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү жалпысынан 286 дрон чабуул койгонун, алардын 260ы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орусия соңку чабуулдар тууралуу комментарий бере элек.

4-апрелге караган түнү Орусиянын Самара облусундагы Тольятти шаары дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлап, ASTRA Телеграм каналы, украиналык байкоо салган Exilenova+ жана Supernova+ каналдары чабуулдун кесепеттери, өрт тутанганы тууралуу жазышты.

ASTRA каналынын маалыматына караганда, “Тольяттикаучук" жана "КуйбышевАзот" ишканаларынын аймагында өрт чыкты. "КуйбышевАзот" Орусиядагы жер семирткич өндүргөн ири химиялык компаниялардын бири. “Тольяттикаучук” нефтехимиялык, синтетикалык каучук өндүргөн ишкана.

Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев Тольяттиге сокку урулганын соцтармакка ырастап, бир кызматкер жараат алганын билдирди. Дрон көп кабаттуу үйдүн чатырын зыянга учуратты, транспорт кыймылы чектелди.

Украин тарап азырынча комментарий бере элек.

Мындан сырткары Ростов облусундагы Таганрог шаары 4-апрелге караган түнү аткылоого дуушар болуп, бир киши каза тапты. Төртөө жараат алды, алардын бири башка өлкөнүн жараны. Бул тууралуу облус башчысы Юрий Слюсар билдирди.

09:06 4.4.2026

Украинанын бир катар аймактарында 3-апрелде жана 4-апрелге караган түнү Орусиянын чабуулдарынан адамдар каза болгону, жараат алганы кабарланууда.

Сумы облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Кривошеенко билдиргендей, көп кабаттуу үйгө тийген соккудан кеминде төрт адам жаракат алды. Дрондун соккусунан улам 16 кабаттуу турак жайдын 13-кабатында өрт чыкты.

Сумы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Артем Кобзар калаа аймагында үч жолу жарылуу болгонун, айрым жерлерде өрт чыкканын билдирди.

Херсон аймагында, облустук прокуратуранын маалыматына караганда, орусиялыктардын чабуулунан бир адам каза болуп, 16 адам жаракат алды.

"3-апрелде орус армиясы Херсон аймагына бомбалоочу төрт учак, ошондой эле артиллерия, миномет жана учкучсуз учуучу аппараттар менен абадан сокку урду", - деп айтылды билдирүүдө.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, саат 8:30 чамасында орус аскерлери кичи автобус аялдамасына дрондон жарылуучу зат таштап, тогуз жүргүнчүнү жарадар кылды. Андан кийин, саат 12:30да облустук борборго дагы бир сокку урулуп, 60 жаштагы аял каза болду, дагы бир адам жаракат алды.

Күн бою Херсон артиллерия жана дрон менен аткыланып, дагы алты жайкын тургун жаракат алганын да прокуратура кабарлады. Мекеме кошумчалангандай, жеке жана көп батирлүү үйлөр, ооруканалар жана билим берүү мекемеси, диний имарат, кичи автобус жана башка унаалар зыянга учурады.

Орус аскерлери Краматорск шаарына да кол салып, төрт адам каза болду. Донецк облустук администрациясынын башчысы Павел Филашкиндин айтымында, орус аскерлери шаарга абадан бомба ташташты. Төрт адам, анын ичинде 16 жаштагы бала каза тапты.

Жергиликтүү бийлик билдиргендей, соккулардын айынан көп кабаттуу кеминде беш имарат, бир май куюучу жай жана беш унаа зыян тартты.

Днепропетровск аймагында орусиялык дрон, артиллерия жана ракета чабуулдарынан улам бир адам каза болуп, 12 адам жаракат алды.

"Никопол районунда инфраструктура, оорукана, базар, май куюучу жай, ишканалар, административдик имарат, жеке үйлөр жана көп кабаттуу имараттар, ошондой эле унаалар жабыркады", - деди Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Александр Ганжа.

Орусиянын дрондору Харьковдун Шевченко районун да бутага алганын облустун губернатору Олег Синегубов кабарлады.

"Учурда эки адам жаракат алганы белгилүү - 60 жаштагы эркек жана 30 жаштагы аял. Медицина кызматкерлери аларга зарыл болгон жардамын көрсөтүп жатышат", - деди ал. Көп өтпөй облус башчысы дагы эки киши жаракат алганын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG