19-апрелге караган түндө Орусиянын армиясы Украинага 236 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, аларды 203ү жок кылынганын украин Куралдуу күчтөрү кабарлады.
"32 дрон 18 локацияга тийгени, ошондой эле сыныктар 8 жерге түшкөнү катталды", - деп айтылды билдирүүдө.
Черниговдо соккудан 16 жашар өспүрүм мерт кетти. Облустук администрация башчысы Вячеслав Чаус билдиргендей, куткаруучулар анын сөөгүн урандылардын алдынан табышты. Акыркы маалыматтар боюнча дагы төрт киши жаракат алды.
"Шаарда олуттуу кыйроолор. Лицей менен жер үй жабыркады. Өнөр жай объектилерине жана 2022-жылы орусиялыктар талкалап салып иштебей турган медициналык мекемеге дрон тийди", – деп жазды Чаус.
Жекшембинин таңында Херсондо учкучсуз учак автоунаага тийген. Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы маалымдагандай, бир адам мерт кетип, экөө жаракат алды. Облустук администрация башчысы Александр Прокудин мерт кеткен адам 56 жаштагы жаран экенин тактады.
Украин президенти Владимир Зеленский бир аптада Орусиянын армиясы 2360тан ашуун дрон жана 1320 авиабомба жана 60тай ракета менен сокку урганын билдирди.
"Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетүүнү улантуу согуштагы азыркы чыныгы кырдаалга жана дипломатияга туура келбейт, Орусия жетекчилигинин согушту улантууга боло берет деген иллюзиясын күчтөндүрөт", - деп жазды Зеленский.
Украин президентинин сөзүнө караганда, учурда деңизде Орусиянын "көмүскө флотуна таандык" 110дон ашык танкер турат. "Алардын бортунда санкциялар жумшарганына байланыштуу эч кандай тоскоолдуксуз сатууга мүмкүн болгон 12 млн тоннадан ашуун орусиялык мунай бар. Бул 10 млрд доллар ресурс - түз эле Украинага жаңы сокку болуп урулат", - деп кошумчалады ал.
18-апрелде АКШ Орусиянын танкерлерге жүктөлгөн мунай жана мунай өнүмдөрүн убактылуу санкциядан чыгарган. Уруксат 16-майга чейин созулат жана транзиттеги мунайга гана тиешелүү.
Киевде 18-апрелдеги ок атуудан каза тапкандар алтыга жетти. Буга чейин беш киши өлгөнүн жергиликтүү бийлик кабарлаган. Кийинчерээк дагы бир аял алган жаракатынан улам ооруканада үзүлгөн.
Кол салган адам кармоо учурунда өлтүрүлгөн.
Жараат алгандардын саны да көбөйдү. Акыркы маалымат боюнча 14 киши ар кандай жараат менен ооруканага түштү. Арасында балдар бар.
Ишембиде Киевдин Голосеев районунда белгисиз адам көчөдө өтүп бара жаткандарга ок чыгарып, супермаркетте адамдарды барымтага алган.
Украинанын Коопсуздук кызматы окуяны "террордук акт" катары иликтеп жатат.
Украинада бейшембиге караган түнү каза болгондор 20га жетти. Буга чейин 16 кишинин набыт болгону кабарланган.
Днепропетровск облусунун аскердик администраиясынын башчысы Александр Ганжа жаракат алган бир киши ооруканада үзүлгөнүн, дагы эки кишинин сөөктөрү урандылардан алынып чыкканын маалымдады.
Жергиликтүү маалымат каражаттары жана бийлик органдарынын маалыматы боюнча, Орусия бул жолу Киев, Харьков, Одесса, Днепропетровск жана Днепр аймактарын бутага алды.
"Одессадагы бул оор түндөн кийин биз сегизинчи өлүм тууралуу жаңы эле билдик", - деп жазды шаардын аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак Telegram баракчасына.
Ал мурдараак Одессада түнкү чабуулдан алты адам каза болгонун билдирген.
Киевде төрт тургун, арасында 12 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, жапа чеккендер 62ге жетти.
16-апрелге караган түнү орусиялык күчтөр Украинанын аймагына ракета жана чабуулчу дрондор менен сокку урушту. Жергиликтүү маалымат каражаттары жана бийлик органдарынын маалыматы боюнча, Орусия бул жолу Киев, Харьков, Одесса, Днепропетровск жана Днепр аймактарын бутага алды.
"Одессадагы бул оор түндөн кийин биз сегизинчи өлүм тууралуу жаңы эле билдик", - деп жазды шаардын аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак Telegram баракчасына.
Ал мурдараак Одессада түнкү чабуулдан алты адам каза болгонун билдирген.
"Бул түнү шаар бир нече жолу ракеталык чабуулду жана дрон соккуларын башынан өткөрдү", - деп жазган Лысактын айтымында, Одессада инфраструктура, турак жай имараттары жабыркады, ошондой эле жарылуу толкуну бир нече имараттын 300дөн ашык терезесин сындырып салды.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Киевге жасалган түнкү соккулардан кеминде төрт адам каза болду, 48 адам жаракат алды.
"Подольский, Оболонский, Шевченковский жана Деснянский райондору жабыркады", - деп билдирди аталган кызмат Telegram баракчасы аркылуу.
Киевдин мэри Виталий Кличко каза болгондордун арасында 12 жаштагы бала бар экенин айтты. Ал турак жайлар жабыркаганын, уранды кулаган жерлерде тез жардам жана коммуналдык кызматтар иштеп жатканын кошумчалады.
Харьков да дрон соккуларына кабылды. Украинанын маалымат каражаттары жана жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, шаарда бир катар жарылуу угулуп, сокку жана өрт катталды. Харьков аймактык аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов Telegram каналына жазгандай, сокку жарандык инфраструктурага тийди, курмандыктар саны жана келтирилген зыяндын көлөмү тууралуу маалымат текшерилип жатат.
Синегубов шаардын эки районундагы соккунун натыйжасында көп кабаттуу үйдүн короосунда машиналар өрттөнүп кеткенин, 66 жаштагы эркек киши жана 77 жаштагы аял жаракат алганын жазды.
Днепрде да бир катар жарылуу болду. Суспильный, 24-канал жана Oboz.UA порталынын маалыматы боюнча, Днепр шаары жанкечти дрондорун жана баллистикалык ракеталардын жапырт чабуулуна дуушар болду. Бир катар жарылуу болуп, абадан коргонуу системасы иштеп турду. Айрым аймактарда өрт чыгып, турак жай имараттары жабыркады.
Украиналык маалымат каражаттары Днепропетровск аймактык аскер администрациясына шилтеме берип шаардын айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураганын билдиришти. Куткаруу топтору жана коммуналдык кызматтар сокку урулган жерлерде иштеп жатышат.
Днепропетровск аймактык аскер администрациясынын башчысы Александр Ганжа орусиялыктардын чабуулунун натыйжасында үч адам каза болуп, 34 адам жаракат алганын билдирди. Ал шаарда турак жай имараттары, гараждар жана унаалар күйүп жатканын, билим берүү мекемеси жабыркаганын кошумчалады.