Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпайт

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:36 20.4.2026

Орус армиясынын 20-апрелге караган түнкү аба соккуларынын натыйжасында Украинада кеминде 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар кызматтары билдирди.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына ылайык, орус күчтөрү 100дөн ашуун дрон менен чабуул койгон. Алардын 70тейи атып түшүрүлгөн. Учкучсуз аппараттар менен жалпысынан Украинанын 18 аймагы бутага алынган.

Маалыматка караганда, алты адам Днепропетровск облусунда жабыркаган. Аткылоонун натыйжасында менчик үйлөр, беш кабаттуу имарат, бир нече ишканалар жана инфратүзүмдөр жарым-жартылай талкаланган. Кривой Рог шаарында да инфраструктура объектилери жабыркады.

Киев облусунун Бровары районунда бийликтин маалыматына караганда, дрондордун чабуулунан бир адам жаракат алды.

Харьков шаарында дагы үч адам жабыркады. Дрондордун бири турак үйгө тийип, өрт чыккан.

Херсон облусунун бийлиги билдиргендей, орусиялык аскерлер Белозерка айылына бомба таштаган. Натыйжада 20га жакын турак үй толугу менен же жарым-жартылай талкаланган, бирок жабыркагандар жок.

Орусиянын бийлиги көптөгөн далилдерге карабастан, Украинадагы аскердик обьектилерди гана бутага аларын билдирип, карапайым калк жашаган аймактарга урулган соккуларды мойнуна албай келет.

20:42 19.4.2026

19-апрелге караган түндө Украинанын армиясы Орусиянын Ростов облусуна ракета менен чабуул койгонун аймактын башчысы Юрий Слюсарь билдиржи. Таганрогдо үч адам жаракат алган.

"Таганрогго ракета чабуулунан коммерциялык инфратүзүм жабыркады. Кампалар жакта өрт чыкты", - деп жазды Слюсарь Телеграм каналында.

ASTRA басылмасы кеп учкучсуз учактарды даярдап чыгаруучу "Атлант Аэро" заводу тууралуу болуп жатканын тактады. Заводго сокку урулганын украиналык Supernova+ мониторинг телеканалы да билдирди.

Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы "Атлант Аэрого" сокку урулганын тастыктады. Билдирүүдө "завол "Чагылган" тибиндеги сокку уруучу жана чалгындоочу дрондорду жана башка учкучсуз учактарды иштеп чыгары айтылган. Аталган завод буга чейин, быйыл январда жана мартта да бутага алынган болчу.

Түндө Краснодар крайындагы Ейск шаарына да сокку урулду, дрон сыныктары деңиз порту тарапка түшкөнүн аймактын ыкчам штабы кабарлады. Бийликтин маалымдашынча өрт жок, жабыркагандар катталбады, үч жер үйдүн терезе айнектери күүлүп түшкөн. ASTRA басылмасы сүрөттөрдө өрт көрүнүп турганын жазды. Басылма Ейск деңиз портуна жылына 3-4,5 млн тонна жүк - дан, көмүр, мунай заттары, ошондой эле металл жана куюучу жүктөр келерин маалымдады.

Азов деңизинин тайыздыгына байланыштуу порт чектелген массадагы кемелерди гана кабыл алат. Порт Азов-Кара деңиз бассейниндеги логистикада да маанилүү роль ойнойт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 19-апрелге караган түндө украиналык 13 дрон жок кылынганын билдирди. Маалыматка ылайык, аларды Белгород, Курск жана Ростов облустарында, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда жана Азов деңизинин үстүнөн атып түшүрүшкөн.

16:38 19.4.2026

19-апрелге караган түндө Орусиянын армиясы Украинага 236 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, аларды 203ү жок кылынганын украин Куралдуу күчтөрү кабарлады.
"32 дрон 18 локацияга тийгени, ошондой эле сыныктар 8 жерге түшкөнү катталды", - деп айтылды билдирүүдө.

Черниговдо соккудан 16 жашар өспүрүм мерт кетти. Облустук администрация башчысы Вячеслав Чаус билдиргендей, куткаруучулар анын сөөгүн урандылардын алдынан табышты. Акыркы маалыматтар боюнча дагы төрт киши жаракат алды.
"Шаарда олуттуу кыйроолор. Лицей менен жер үй жабыркады. Өнөр жай объектилерине жана 2022-жылы орусиялыктар талкалап салып иштебей турган медициналык мекемеге дрон тийди", – деп жазды Чаус.

Жекшембинин таңында Херсондо учкучсуз учак автоунаага тийген. Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы маалымдагандай, бир адам мерт кетип, экөө жаракат алды. Облустук администрация башчысы Александр Прокудин мерт кеткен адам 56 жаштагы жаран экенин тактады.

Украин президенти Владимир Зеленский бир аптада Орусиянын армиясы 2360тан ашуун дрон жана 1320 авиабомба жана 60тай ракета менен сокку урганын билдирди.

"Орусияга каршы санкцияларды жеңилдетүүнү улантуу согуштагы азыркы чыныгы кырдаалга жана дипломатияга туура келбейт, Орусия жетекчилигинин согушту улантууга боло берет деген иллюзиясын күчтөндүрөт", - деп жазды Зеленский.

Украин президентинин сөзүнө караганда, учурда деңизде Орусиянын "көмүскө флотуна таандык" 110дон ашык танкер турат. "Алардын бортунда санкциялар жумшарганына байланыштуу эч кандай тоскоолдуксуз сатууга мүмкүн болгон 12 млн тоннадан ашуун орусиялык мунай бар. Бул 10 млрд доллар ресурс - түз эле Украинага жаңы сокку болуп урулат", - деп кошумчалады ал.

18-апрелде АКШ Орусиянын танкерлерге жүктөлгөн мунай жана мунай өнүмдөрүн убактылуу санкциядан чыгарган. Уруксат 16-майга чейин созулат жана транзиттеги мунайга гана тиешелүү.

16:37 19.4.2026

Киевде 18-апрелдеги ок атуудан каза тапкандар алтыга жетти. Буга чейин беш киши өлгөнүн жергиликтүү бийлик кабарлаган. Кийинчерээк дагы бир аял алган жаракатынан улам ооруканада үзүлгөн.

Кол салган адам кармоо учурунда өлтүрүлгөн.

Жараат алгандардын саны да көбөйдү. Акыркы маалымат боюнча 14 киши ар кандай жараат менен ооруканага түштү. Арасында балдар бар.

Ишембиде Киевдин Голосеев районунда белгисиз адам көчөдө өтүп бара жаткандарга ок чыгарып, супермаркетте адамдарды барымтага алган.

Украинанын Коопсуздук кызматы окуяны "террордук акт" катары иликтеп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG