26-апрелге караган түндө орусиялык аскерлер Украинага 144 дрон менен сокку урду, анын 124ү атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрү кабарлады. Бутага Одесса да алынган.
Украин өкмөтүнүн вице-премьери Алексей Кулеба өзүнүн Телеграм каналына жазгандай, соккунун натыйжасында Одессанын портундагы логистикалык инфратүзүм, кампалар, техникалык жабдуулар, жүк сактагычтар, администрациялык имараттар жана жүк ташуучу унаалар жабыркаган. Палау желеги менен жүргөн жарандык кеме да жабыркаганы катталды.
Облустук администрация башчысы Олег Кипер соккунун кесепети тартылган сүрөттү жарыялап, бир адам жабыркаганын маалымдады.
Украинанын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Орусиянын Днепропетровск облусуна соккусунун кесепеттеринин сүрөтүн жарыялады. Ал жакта адамдардан жабыркагандар жок экени айтылды.
Согуш учурунда маалыматтарды көз карандысыз жактардан тактоо мүмкүн эмес.
Жекшембиге караган түндө Украинанын аскерлери Орусиянын Ярославль облусундагы мунай иштетүүчү "Славнефть-ЯНОС" заводун бутага алды.
Күбөлөрдүн сүрөт жана тасмалары, ошондой эле спутник аркылуу Жердеги өрттөргө көзөмөл кылган NASA FIRMS сервисинин маалыматтары жарыяланды.
Ярославль облусунун губернатору Михаил Евраев Телеграм каналына "украиналык дрондордун ири чабуулунун мизи кайтарылганын" жазган.
Чабуулга Вологда облусунун Череповец шаарындагы "Апатит" ишканасы да кабылган. Губернатор Георгий Филимоновдун айтымында, соккудан беш адам жаракат алган, алардын биринин абалы оор.
PhosAgro Group компаниясынын курамына кирген "Апатит" акционердик коому Европадагы жер семирткичтердин, фосфор жана күкүрт кислоталарынын эң ири өндүрүүчүсү экени веб-сайтында жазылган. Бул заводго быйыл 13-апрелде да Украина чабуул болгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Ярославль жана Вологда облустарынын үстүнөн украиналык 49 дронду жок кылганын билдирди.
Маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болду. Орус аскерлери Украинага күн сайын сокку уруп жатат. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясынын каржы булагы деп эсептелген мунай заводдорун жана башка объектилерин маал-маалы менен бутага алып келет.
24-апрелдин таңында орус армиясынын чабуулунан Одесса шаарында жетимиш жаштан ашкан жубайлардын өмүрү кыйылды. Дрон соккуларынан бир катар облустарда карапайым тургундар жабыркады. Ал арада Орусиядагы Туапсе шаарында кара май иштетүүчү заводго жасалган соккулардан улам калаада "мунай жамгыры" жаады. Заводдо тутанган өрттү өчүрүү иштери көпкө уланды. Шаардыктар көчөгө чыгууга мүмкүн болбой калганын айтышты.
"Мына ушундай кара май аралашкан тамчылар түштү. Азыр жакыныраак көрсөтөм. Мына ушундай...", - деди Туапсенин тургундарынын бири шаардан тартылган видеодо.
Калаада «мунай жамгыры» жаап жатты. Мындай кара тоголоктор унааларга, имараттарга, кийим-кечеге, атүгүл үй жаныбарларынын жүнүнө чейин жабышып калып жатканын тараган сүрөттөрдөн, видеолордон көрүүгө болот.
Сергей Гапон геоинформатика боюнча эксперт. Алнын айтымында, күйүүчү заттар атмосферага көтөрүлүп, бири-бири менен байланышып, булуттарда конденсацияланып, андан кийин жамгырдын тамчылары менен кошо жерге түшөт:
"Негизи, эгер мунай сактагычтар эмес, башка нерсе күйүп жатса да ушундай жамгыр жаашы мүмкүн. Мисалы, торф катмарлары катуу күйгөндө же токой өрттөнгөндө да ушундай көрүнүштөр байкалат. Бул жолу атмосферага өтө чоң көлөмдө күйүүчү заттар көтөрүлгөн. Ошондуктан ушундай жамгыр жаап жатат. Жергиликтүү тургундар мындай жамгырды дагы бир нече жолу сөзсүз көрүшөт".
Мунун баары украин армиясынын Туапсе мунай иштетүүчү заводуна жасаган соккуларынын жыйынтыгы.
Дрондор Туапсе шаарын 16-апрелде жана 20-апрелде бутага алган. Экинчи жолкусунда мунай сактоочу жайга чабуул коюлган. Анда тутанган өрттү тиешелүү кызматтар ушул күнгө чейин өчүрө албай убара тартууда.
24-апрелге карата беш резервуар күйүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Спутниктен алынган кадрларга караганда, кара түтүн 300 чакырымга чейин созулуп, Ставрополго чейин жеткен.
Роспотребнадзор Туапсе шаарынын тургундарын зарыл болбосо көчөгө чыкпоого жана үйдүн терезелерин ачпоого чакырды. Ал эми калаадагы мунай иштетүүчү завод жумушун биринчи чабуулдан кийин эле токтоткон.
Бул жумада украин дрондору Сызран шаарындагы мунай иштетүүчү заводду дагы бутага алды. Ошол эле учурда соккулар Новокуйбышевск мунай иштетүүчү заводуна да урулган. Чабуул 22-апрелде кайра кайталанган, бирок Сызрандагы завод биринчи соккулардан кийин эле ишин токтоткон.
Жалпысынан апрель айынын башынан бери, Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Орусияда мунай иштетүүчү төрт завод ишин токтотту.
Украина энергетикалык объектилерди мыйзамдуу аскердик бута деп эсептейт.
Ал арада орус армиясы 24-апрелге караган түнү Украинадагы бир катар аймактарга абадан сокку урду.
Орус аскерлери 24-апрелге караган түнү Украинанын Одесса аймагына сокку урганын, кеминде эки кишинин өмүрү кыйылганын шаардын жана облустун аскердик администрация башчылары Сергей Лысак жана Олег Кипер Telegram каналдарында билдиришти.
Турак жай кварталдары жана соода кемеси бутага алынып, каза тапкан эки адамдан тышкары дагы 14ү жаракат алганы, алардын экөө ооруканага жаткырылганы маалымдалды.
Лысак чабуулдун курмандыгы 75 жаштагы жубайлар болгонун билдирди. Куткаруучулардын маалыматы боюнча, алар эки кабаттуу үйгө сокку урулганда каза болушкан, дагы бир адам жаракат алган. Дагы үч үйгө чабуул коюлганы, ал жерде батирлер талкаланып, өрт чыкканы, алты адам жаракат алганы кабарланды.
Бул жолу орус аскерлери Украинаны эки "Искандер-М" баллистикалык ракетасы жана 107 согуштук дрон менен аткылаганын, эртең мененки саат 8ге карата 96 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады.
Николаев облусунда эртең мененки дрон чабуулунан, сыныктардын түшүүсүнөн 45 жана 68 жаштагы аялдар жабыркап, эки үй зыянга учураганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги жумага караган түнү өлкөнүн төрт аймагында жана аннексияланган Крымда Украинанын 10 учкучсуз учуучу аппараты "кармалып, жок кылынганын" билдирди.
Одесса шаарында жашы жетимиштен ашып калган жубайлар көз жумду. Орусиянын бийлиги бир гана аскердик объектилерге сокку урганын билдирип, жайкын тургундарга коюлган чабуулдарды мойнуна албайт.
Кавказ.Реалии жазгандай, Краснодар крайындагы Туапсе шаарында учкучсуз учактардын чабуулунан кийин портто күйүүчү май күйүп жатат, аккан мунай деңизге жана шаардык пляжга түштү. Ыкчам штаб билдиргендей, нөшөр жамгырдан улам мунай агып түшкөн Туапсе дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, тосмолордон ашып, деңиз акваториясына жана жээк сызыгына түштү. Тазалоо иштери жүрүп жатканы кабарланууда.
Буга чейин бийлик көптөгөн арыздардан кийин шаардын бир катар райондорунда бензол, ксилол концентрациясы нормадан 2-3 эсе ашканын мойнуна алган.