Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:18

Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпайт

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:36 28.4.2026

Орус аскерлери шейшембиге караган түнү Украинага 123 дрон менен чабуул койду, 95и атып түшүрүлдү. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрү билдирди.

Запорожье облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоровдун маалыматына караганда, соккулардан эки киши жарадар болду, экөө тең орточо оор абалда ооруканада жатат.

Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик кызмат орус аскерлери Сумы облусундагы жарандык инфраструктурага сокку урганын кабарлады. Натыйжада бала бакча менен бир нече турак жай зыян тартты, төрт киши дарыгерлерге кайрылды.

Чернигов аймагында айыл чарба ишканасы чабуулга кабылды. Өрт буудай кампаларын чалды. Дагы бир райондо жер тамдар менен чарбалык курулуштар өрттөнгөнү маалымдалды.

Орус армиясы кошуна өлкөсүнүн жарандык инфраструктурасын бутага алганын танып келет.


17:52 27.4.2026

Одесса облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, түндөгү аба соккуларынан кеминде 14 киши жабыркады, бешөө ооруканага жеткирилди. Чабуулдан эки көп кабаттуу үй, мейманкана, фуникулер, кампалар зыян тартты.

Украинанын куралдуу күчтөрү бул түнү Одесса жана башка аймактарга Орусия бардыгы 94 учкучсуз аппарат, дрондор менен чабуул койгонун, алардын 74ү асманда атылып түшүрүлгөнүн билдиришти.

Орусия тарап дүйшөмбүнүн таңында украин армиясынын учкучсуз аппараты Запорожье атомдук станциясынын транспорттук цехин бутага алып, бир айдоочу мерт болгонун маалымдады. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик окуя болгон жерге адистерин жөнөткөнүн, алар атомдук станциядагы жагдайды иликтей турганын билдирди.



13:03 27.4.2026

Өткөн түнү кеминде 11 адам орусиялык учкучсуз учактардын Одессага жапырт чабуулунан жабыркады. Жараат алгандар арасында балдар дагы бар деп билдирди Одесса аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер.

Турак жай жана чарбалык курулуштар бузулуп, шаардагы бир мейманкананын чатыры күйүп кеткен. Портко жакын аймакка олуттуу зыян келтирилген. Айрым автоунаалар бузулуп же талкаланган.



12:57 27.4.2026

Өткөн суткада Запорожье облусунун айланасында аба соккуларынан бир киши каза тапканын облустук аскердик администрация башчысы Иван Федоров билдирди. Анын маалыматында, 629 сокку урулуп, 45 калктуу конуш бутага алынган.

Херсон облусунун аймагында соңку суткада Орусиянын 34 калктуу конушту бутага алганын облустук администрация жетекчиси Александр Прокудин билдирди. Үч адам жарадар болуп, олуттуу кыйроолор катталды.

Корюковка шаарында дрон соккусунан эки адам жабыркады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы фронтто 141 кагылыш катталганын маалымдады. Мурдагы күндөрдөгүдөй эле кандуу салгылаштар Покровск багытында (55) жана Константиновка багытында (26) катталган.

Украинанын чыгышында согушкан орусиялык топтор 112 украин пункттары учкучсуз учак аркылуу талкаланганын билдиришти.

Согуштук аракеттер учурунда маалыматты согушуп жаткан тараптардан же көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.



Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG