Орусиянын Краснодар крайындагы Туапсе шаарындагы мунай заводунда дрон чабуулунан кийин өрт чыкканы кабарланды.
Аймактын губернатору Вениамин Кондратьев Туапсе округунун башчысы Сергей Бойкого шилтеме берип билдиргендей, жабыркагандар жок, өрттү өчүрүүгө 122 адам жана 39 техника, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тартылды.
Маалыматта мунай заводдун жанындагы имараттардын тургундары эвакуацияланып жатканы айтылат.
Орус аскерлери шейшембиге караган түнү Украинага 123 дрон менен чабуул койду, 95и атып түшүрүлдү. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрү билдирди.
Запорожье облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоровдун маалыматына караганда, соккулардан эки киши жарадар болду, экөө тең орточо оор абалда ооруканада жатат.
Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик кызмат орус аскерлери Сумы облусундагы жарандык инфраструктурага сокку урганын кабарлады. Натыйжада бала бакча менен бир нече турак жай зыян тартты, төрт киши дарыгерлерге кайрылды.
Чернигов аймагында айыл чарба ишканасы чабуулга кабылды. Өрт буудай кампаларын чалды. Дагы бир райондо жер тамдар менен чарбалык курулуштар өрттөнгөнү маалымдалды.
Орус армиясы кошуна өлкөсүнүн жарандык инфраструктурасын бутага алганын танып келет.
Одесса облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, түндөгү аба соккуларынан кеминде 14 киши жабыркады, бешөө ооруканага жеткирилди. Чабуулдан эки көп кабаттуу үй, мейманкана, фуникулер, кампалар зыян тартты.
Украинанын куралдуу күчтөрү бул түнү Одесса жана башка аймактарга Орусия бардыгы 94 учкучсуз аппарат, дрондор менен чабуул койгонун, алардын 74ү асманда атылып түшүрүлгөнүн билдиришти.
Орусия тарап дүйшөмбүнүн таңында украин армиясынын учкучсуз аппараты Запорожье атомдук станциясынын транспорттук цехин бутага алып, бир айдоочу мерт болгонун маалымдады. Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик окуя болгон жерге адистерин жөнөткөнүн, алар атомдук станциядагы жагдайды иликтей турганын билдирди.
Өткөн түнү кеминде 11 адам орусиялык учкучсуз учактардын Одессага жапырт чабуулунан жабыркады. Жараат алгандар арасында балдар дагы бар деп билдирди Одесса аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер.
Турак жай жана чарбалык курулуштар бузулуп, шаардагы бир мейманкананын чатыры күйүп кеткен. Портко жакын аймакка олуттуу зыян келтирилген. Айрым автоунаалар бузулуп же талкаланган.