Орус аскерлеринин соккусуна 29-апрелге караган түнү Украинанын Сумы облусу да кабылды. Дрон жана ракета менен чабуул коюлганын аймактык аскер администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.
Ал Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө жарандык инфраструктура жана турак жай имараттары жабыркаганын, "чоң өрт" кучагында калганын айтты.
Күйүп жаткан имараттардын биринде 60 жаштагы аял көмүртек кычкыл газынан ууланып каза болду.
Дагы эки адам медициналык жардамга кайрылды.
Калган тургундар тез арада эвакуацияланды.
Чабуул коюлган Шостка аймагы Украина менен Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан жана орусиялык дрондордун чабуулуна көп кабылат.
29-апрелге караган түнү Орусия Украинанын Харьков аймагынын бир нече районуна дрон менен чабуул койгонун мэр Игорь Терехов билдирди. Анын айтымында, чабуулдан бир адам жаракат алды.
Соккулар инфраструктуралык объектилерге жана турак жайларга тийген: көп кабаттуу үйлөрдөгү терезелер талкаланган, ал эми даракка тийген дрондун калдыктары жеке сектордогу бир нече үйгө зыян келтирген.
Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан Харьковго орусиялык аскерлердин чабуулдары жана соккулары дайыма болуп турат.
Орусиянын Краснодар крайындагы Туапсе шаарындагы мунай заводунда дрон чабуулунан кийин өрт чыкканы кабарланды.
Аймактын губернатору Вениамин Кондратьев Туапсе округунун башчысы Сергей Бойкого шилтеме берип билдиргендей, жабыркагандар жок, өрттү өчүрүүгө 122 адам жана 39 техника, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тартылды.
Маалыматта мунай заводдун жанындагы имараттардын тургундары эвакуацияланып жатканы айтылат.
Орус аскерлери шейшембиге караган түнү Украинага 123 дрон менен чабуул койду, 95и атып түшүрүлдү. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрү билдирди.
Запорожье облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоровдун маалыматына караганда, соккулардан эки киши жарадар болду, экөө тең орточо оор абалда ооруканада жатат.
Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик кызмат орус аскерлери Сумы облусундагы жарандык инфраструктурага сокку урганын кабарлады. Натыйжада бала бакча менен бир нече турак жай зыян тартты, төрт киши дарыгерлерге кайрылды.
Чернигов аймагында айыл чарба ишканасы чабуулга кабылды. Өрт буудай кампаларын чалды. Дагы бир райондо жер тамдар менен чарбалык курулуштар өрттөнгөнү маалымдалды.
Орус армиясы кошуна өлкөсүнүн жарандык инфраструктурасын бутага алганын танып келет.