Орусиянын Перм аймагында "Транснефть" мунай ишканасына караштуу станция тарапта 30-апрелге караган түнү жарылуу болгонун жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып орусиялык жана украиналык Телеграм каналдар жазып жатышат.
Алардын белгилешинче, ишкана 29-апрелде украин дрондорунун чабуулуна кабылган, соккулар 30-апрелдин түнүндө да кайталанган болушу ыктымал.
Социалдык түйүндөрдө жарыяланып жаткан сүрөт жана видеолордон "Перм" өндүрүш-диспетчердик станциясынын аймагын түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.
Орусиялык Shot Телеграм каналы Пермде бир нече жарылуу угулганын жана абадан коргонуу тууралуу эскертүү берилгенин билдирди. Жергиликтүү тургундар шаардын түштүгүндө эки же үч жолу жарылуу угулганын айтышты. Дагы бир орусиялык Mash каналы Пермге Украинанын Куралдуу күчтөрү алыскы аралыкка учуучу дрон менен чабуул койгонун жазды. Украинанын мониторинг каналдары да ушундай эле маалыматты жарыялап, жарылуулардын жана өрттүн сүрөттөрүн, видеолорун чыгарып жатышат.
Перм крайында аэропортто учактардын конуусуна жана учуусуна убактылуу чектөө киргизилди.
Украинанын Коопсуздук кызматы 29-апрелдин түнүндө Пермдеги ишканага сокку урганын ырастаган жана мунай сактоочу цистерналар өрттөнүп кеткенин билдирген.
Перм өндүрүш-диспетчердик станциясынын "Транснефть-Прикамье" компаниясы үчүн борбордук мунай насостук станциясы болуп саналат, ал ар кандай маркадагы мунайды аралаштырып, андан кийин аны Сургут-Полоцк, Холмогор-Клин, Перм-Альметьевск жана Перм-Лукойл-Пермнефтеоргсинтез магистралдык куурлары аркылуу ташыйт. Станциянын аймагында сактоочу цистерна паркы да жайгашкан.
Жакында эле украин күчтөрү Кара деңиздеги Туапсе портундагы орусиялык ири мунай сактоочу жайга бир нече жолу сокку урушкан. Ал жер катуу өрттөнүп, аймакка "мунай жамгыр" жааган, мунай ташуу токтогону маалымдалган.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.
Орусиянын Хабаровск аймагындагы аскердик гарнизондо жардыруу болуп, бир адам каза тапты, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу «ВЧК-ОГПУ» жана Khabara Телеграм каналдары жазышты.
Маалыматка караганда, чабуул генерал-майор Азатбек Омурбековду жок кылуу максатында коюлган болушу мүмкүн.
Жардыруу гарнизондогу №55 үйдүн кире беришинде болгон. Бомба тепкичке коюлган. Натыйжада подполковник Кузьменко каза болуп, Омурбеков аман калган. Бирок анын абалы тууралуу маалымат жок.
Khabara жазгандай, жардыруу 28-апрелде эртең менен болгон. Үч-төрт киши жаракат алган.
Расмий бийлик бул окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.
Азатбек Омурбеков 2022-жылы Хабаровск крайында жайгашкан №64 өзүнчө мото аткычтар бригадасын жетектеген. Ал Украинанын Буча шаарындагы кыргынга айыпталып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке каккан.
Бирок Associated Press жана Би-би-си сыяктуу эл аралык медиалар өз иликтөөлөрүндө жарандардын өлүмүнө орус аскерлери тиешеси бардыгын көрсөтүшкөн.
Украинанын прокуратурасы оккупация маалында Бучада 600дөн ашуун карапайым киши өлтүрүлгөнүн, көбү кыйноого кабылганын аныктаган.
2022-жылдын жай айларында ошол эле бригаданын жоокери Даниил Фролкин журналисттерге интервью берип, оккупациядагы Андреевка айылында жаранды өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал ошондой эле Омурбеков жоокерлерди сабап, кемсинткенин жана фронттогу кырдаал тууралуу бурмаланган маалымат бергенин айткан.
Кийин Фролкин «жалган маалымат таратты» деген айып менен 5,5 жылга соттолгон. Аны менен бирге кызмат өтөгөн аскерлер Омурбеков жарандарды, айрыкча уюлдук телефону бар адамдарды атууга буйрук бергенин билдиришкен.
Бучадагы окуялардан кийин ага орус президенти Владимир Путин «Орусиянын Баатыры» наамын ыйгарган.
Омурбековго АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик санкция киргизген.
Омурбеков 1983-жылы Өзбекстандын Каракалпак автоном облусунун башкы каласы Нукус шаарында төрөлгөн.
Украинанын Одесса аймагында 30-апрелге караган түнү орусиялык дрондордун чабуулунан кеминде 20 адам жабыркады, алар 17ден 70 жашка чейинки курактагы жергиликтүү тургундар. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын төрагасы Олег Кипер маалымдады.
Жараат алгандардын арасында 17 жаштагы улан бар экенин шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак Telegram баракчасына билдирген.
Анын айтымында, катуу чабуул шаардагы турак жай имараттарына жана жарандык инфраструктурага багытталды. Көп кабаттуу турак жайлар зыян тартты, айрым жерлерди өрт чалды.
Дрондордун бири бала бакчага тийип, өрт чон аянтка жайылганы, олуттуу зыян келтиргени маалымдалды. Соода борбору, мейманкана, административдик имараттар, кампалар да жабыркаганы, унаа жайларда ондогон автобустар жана жеңил машиналар талкаланганы да айтылды.
Лысак жараат алгандардын экөө оор абалда реанимацияда жатканын жазды.
Украинанын аскердик мекемеси билдиргендей, өткөн түнү Орусия украин жергесин баллистикалык «Искандер-М» ракетасы жана 206 согуштук дрон менен аткылады.
Орусиянын Перм крайынын губернатору Дмитрий Махонин “өнөр жай аянтчаларынын бирине” дрон чабуулу коюлганын билдирди.
Анын айтымында, ишкананы өрт чалды, жумушчулары эвакуацияланды, эч ким жабыркаган жок.
Губернатор кеп кайсы жай тууралуу жүргөнүн тактаган жок.
Украиналык Exilenova+ Телеграм каналынын маалыматына ылайык, өрт "Перм" станциясына таандык “Транснефть” заводунда тутанды. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Перм крайында “Лукойл” компаниясынын мунай иштетүүчү заводу жана мунай ташуучу “Перм” диспетчердик станциясы жайгашкан. Станцияда мунайдын түрлөрү аралаштырылып куурлар менен ташылат. Анын аймагында кара май сакталуучу резервуарлар орун алган.
Оренбург облусунун губернатору Евгений Солнцев украиналык дрондор “бир нече өнөр жай ишканаларына сокку урууга аракеттенгенин” билдирди.
“Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, төрт пилотсуз учак облустун үстүндө атып түшүрүлдү. Курман болгондор жана жабыркагандар жок”, - деп жазды Солнцев.
Украиналык Supernova+ Телеграм каналы Орск шаарында машина куруучу завод чабуулга кабылганын маалымдады.
Орус Коргоо министрлиги 29-апрелге караган түнү украиналык 98 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украина Орусиянын агрессиясына жооп иретинде ал өлкөнүн согуш машинасын күйүүчү май менен камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.