Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36
Киев. 2026-жылдын 30-сентябры.
Киев. 2026-жылдын 30-сентябры.

Киевде үч адам каза болду, дагы төртөө жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:58 10.5.2026

Ишембинин кечинде орусиялык аскерлер Харьков шаарына дрон менен сокку урганын облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди.

Дрон тогуз кабаттуу үйдүн техникалык кабатына тийген, натыйжада лифт шахтасы жарактан чыгып, 30дай айнек күбүлүп түштү. Беш адам түрдүү жаракат алды.

Андан тышкары Днепропетров облусунун Никополь жана Синельников райондоруна да чабуул болду. Инфратүзүм жабыркады. Үч жаштагы кыз жаракат алып, орточо оор абалда ооруканага жеткирилгенин облустук аскердик администрация башчысы Александр Ганжа маалымдады.

Донецкинин Дружковка шаарында дрон соккусунан тогуз кабат үйдө өрт чыкты, ал эми Краматорскиде эки май куюучу бекетте газ сакталуучу идиштер күйүп кеткенин Украинанын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жекшембиде кабарлады. Херсон облусунда чабуулдан эки автоунаа жана жер үй өрттөндү.

Украин Аба күчтөрү түн оогондон таңкы саат 8:00гө чейин орусиялык аскерлер Украинага 27 дрон менен сокку урганын билдирди. Бардыгы жок кылынган.

  • 8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина 9-10-11-май күндөрү ок атышпоону макулдашканын билдирген. Кийинчерээк Киев менен Москва аны ырасташкан. Макулдашуунун алкагында тараптар 1000 туткунду алмашары айтылган.
17:19 10.5.2026

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Украина менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычы пландалбаганын кайрадан билдирди. Ал ошондой эле ок атышпоо келишими 11-майга чейин жетишилгенин, аны узартуу тууралуу сөз жоктугун белгиледи.

"Жок, ок атышпоо боюнча келишим Жеңиш күнүнө карата гана болгон, үч күн - 9-10-11-майда гана уланат", - деди ал.

АКШнын президенти Дональд Трамп 8-майда үч күндүк ок атышпоо тууралуу жарыялаган, ошол эле учурда сүйлөшүүнү улантуу жөнүндө айтып, ок атышпоо үч күндөн ашык убакытка созулушу мүмкүндүгүн билдирген.

Ушаков Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы ок атышпоо узартыларына ишенерин, бирок бул "бир гана андан көз каранды эмес экенин" айтты.

Трамптын келишимди узартуу боюнча үмүтүн Ушаков "негизсиз" деп атады. Сүйлөшүүлөрдүн уланышын украин аскерлеринин Донецк аймагынан чыгарылышы менен байланыштырды. Киев бул талапты кабыл албай турганы белгилүү.

Путиндин жардамчысынын сөзүнө караганда, президент мурдагыдай эле украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр, бирок Москвада гана.

Украин президентинин кеңешчиси Сергей Лещенко өз кезегинде Зеленский Путин менен Москвадан башка кайсы жерде болбосун жолугушууа даяр экенин билдирди.

"Москва - баскынчы мамлекеттин борбору. Мындай форматтагы сүйлөшүү мүмкүн эмес", - деди ал.

Ушаков мындан тышкары орус-америка байланышы Украинанын коркутуусу, ага Орусия Киевге сокку урарын билдирген жообунан кийин жанданганын айтты. Ишембиде алмашуу болбосун, учурда туткундардын тизмесин тактоо жүрүп жатканын айтты. Эки күн ичинде ок атышпоо, анын алкагында туткундарды алмашуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

16:56 9.5.2026

9-май күнү Орусия менен Украинанын ортосундагы, мурда Трамп жарыялаган үч күндүк ок атышууну токтотуу башталды.

Украин Куралдуу күчтөрү 9-майга караган түндө Орусия тараптан 43 дрон жана "Искандер-М" ракетасы менен чабуул коюлганын, 34 дрон жок кылынганын кабарлады.

Ишемби күнү эртең менен украин армиясы Запорожьедеги дрондор тууралуу эки ирет маалымдашты, шаарда абадан эскертүү берилди.

Запорожье облусунун башчысы Иван Федоров Пологов районунда орусиялык дрон автоунаага тийип, 67 жаштагы айдоочу ошол жерде көз жумганын, жүргүнчүлөрү - 62 жаштагы эркек менен 81 жаштагы аял жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 9-майда эртең менен 44 украин дрону жок кылынганын билдирди, бирок сөз саат 24:00кө чейинки убакыт - ок атышпоо келишими күчүнө кире элек мезгил жөнүндө болгонун тактады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жеңиш парадын үзгүлтүккө учуратуу аракети болбогонун билдирди. Андан Трамптын ок атышпоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүүсүн Кремлде көрүштүбү деп сурашты.
"Көрбөдүк. Ок атышпоо азыр, 9-10-11инде (май), башка сөз болгон эмес", – деп жооп берди Песков.

8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишкенин билдирген. Киев менен Москва маалыматты тастыктаган. Трамптын сөзүнө караганда, ок атышпоо 9-10-11-май күндөрү уланып, 1000 туткунга 1000 туткун алмашылат. Трамп жазгандай, ок атышпоо өтүнүчү менен тараптарга ал өзү кайрылган, Орусия менен Украинанын президенттери макул болушкан.

Трамптын билдирүүсүнөн соң, украин президенти Владимир Зеленский Москвада Кызыл аянтта аскер парадын өткөрүүгө уруксат берип, Кызыл аянттын координаты көрсөтүлгөн аймакка украиналык куралды колдонууга тыюу салган жарлыгын жарыялады.

Ага чейин Орусия бир тараптуу түрдө 8-9-май күндөрү ок атышпоону жарыялап, парад үзгүлтүккө учурачу болсо, Киевдин борборун талкалоону эскерткен. Владимир Зеленский ок атышпоо режимин 6-майда сунуштаган, бирок Орусия ошол эле күнү Украинанын шаарларына сокку урган. 8-майга караган түнү Орусиянын бир катар шаарлары масштабдуу чабуулга кабылышты.

15:23 8.5.2026

Орусиянын бир катар аймактарына 8-майга караган түнү украин учкучсуз учактары сокку урду.

Соккудан Ростов облусунда өрт тутанганын жашоочулар жарыялаган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.

Astra басылмасынын анализине ылайык, өрт Батыш өнөр жай түйүнү жайгашкан аймакта чыккан. Басылманын маалыматында, бул жерде көптөгөн ишканалар жайгашкан, арасында 2026-жылдын январында чабуулга кабылган "Эмпилс" заводу жана "Радар" илимий-техникалык изилдөө борборунун филиалы да бар. Украиналык Exilenova+ телеграм-каналы НАСАнын спутниктен тартылган сүрөтүнө таянып, "Радар" илимий-техникалык борборунун аймагында чындап эле өрт тутанганын жазды. Ал эми "Крым шамалы" мониторинг тобунун телеграм-каналы Ростов-на-Дону шаарында "Ростовагропромзапчасть" ишканасы чабуулга кабылганын билдирди.

Кийинчерээк Орусиянын Транспорт министрлиги Ростов-на-Дону шаарындагы "Орусиянын Түштүгүнүн аэронавигациясынын" имаратына дрон тийгенден кийин өлкө түштүгүндөгү 13 аэропорттун иши убактылуу токтотулганын билдирди. Алардын ичинде Сочи да бар.

"Астрахань, Владикавказ, Волгоград, Геленжик, Грозный, Краснодар, Махачкала, Магас, Минеральные Воды, Нальчик, Сочи, Ставрополь, Элиста аэропортторунун иши убактылуу токтотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

"Эмплис" - Орусиянын түштүгүндөгү химиялык боёк чыгаруучу заводдордун бири. Ал эми "Радар" илимий-техникалык изилдөө борборунун филиалы радиоэлектрондук техника жана атайын багыттагы системаларды иштеп чыгып, өндүрүү менен алектенип, Орусиянын Коргоо министрлиги менен кызматташат.

Пермь

Аймактын губернатору Дмитрий Махонин өнөр жай объектилерине учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) сокку урганын билдирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.

Exilenova+ тelegram-каналынын маалыматында, Пермь шаарындагы "Лукойл-Пермнефтеоргсинтез" (ПНОС) мунай иштетүүчү заводу кайрадан чабуулга кабылган.

Крым

"Крым шамалы" телеграм-каналы спутниктен тартылган сүрөттөргө таянып аннексияланган Крымда "Красноперекопск" электр көмөк чордону күйүп жатканын билдирди.

Каналдын маалыматында, "Бром" химиялык заводунун аймагында да өрт чыккан.

Ярославль

Astra жүргүзгөн анализге ылайык, Ярославлдагы "Славнефть‑ЯНОС" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыккан.

Орусиянын Борбордук федералдык округундагы мунай иштетүүчү бул завод "Роснефть" жана "Газпром" тарабынан көзөмөлдөнөт. Жылына 15 миллион тонна мунайды өндүргөн кубаттуулукка ээ.

Ярославлдагы мунай заводуна сокку урулганын Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы ырастады. Ал бул объект орусиялык согушту каржылоодо чоң роль ойногонун билдирди.

Бул объект Орусиянын согушун каржылоодо чоң мааниге ээ болгонун белгиледи.

"Мындай адилет кадам үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүнө жана биздин аскердик чалгын кызматыбызга ыраазычылык билдирем. Украинанын узак аралыктагы “санкциялары” биздин шаарлар менен айылдарга жасалган орус соккуларына жооп катары уланууда. Орусия чыныгы тынчтыкты тандашы керек жана буга жетиш үчүн күчтүү басым гана жардам берет", - деп жазды Владимир Зеленский.

Зеленский адатта Орусиянын аймагына урулган соккулар тууралуу сейрек маалымат берет.

Калуга облусунун башчысы Владислав Шапша билдиргендей, дрон кулагандан кийин шаар четиндеги дачада өрт чыккан. Жабыркагандар жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород, Брянск, Воронеж, Калуга, Курск, Липецк, Ростов, Рязань, Смоленски, Тула, Ульянов, Ярославль облустарында, Краснодар крайынын үстүндө, Татарстанда жана Москвага жакын аймактарда, аннексияланган Крымда, Азов жана Кара деңиз акваториясынын аймагында дрондор атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Министрлик "8–10-май аралыгында жарыяланган ок атышууну токтотуу режимине карабастан, украин аскер түзүмдөрү дрондор жана артиллерия менен биздин аскерлердин турумдарына, Белгород жана Курск облустарынын чек ара аймактарындагы жарандык объектилерге сокку урууну улантты", - деп билдирди. Орус аскерлери "жарашуу режиминин бузулушуна күзгүдөгүдөй жооп кайтарды" деп айтылат.

"Атайын аскердик операция аймагынан тышкары""аба чабуулунун 396 каражаты жок кылынды, алардын ичинде 390 учак тибиндеги дрон жана алыскы аралыкка багытталган алты “Нептун” ракетасы бар" деп кабарлады министрлик.

Өз кезегинде Владимир Зеленский орус аскерлери өздөрү жарыялаган жарашуу режимин сактабаганын белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги 8-10-майда Жеңиш күнүн майрамдоо үчүн бир тараптуу жарашууну жарыялаган. Бирок ага чейин орусиялык аскерлер 6-майда Зеленский жарыялаган "тынчтык режимин" сактаган эмес.


Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG