АКШнын ортомчулугу менен Орусия жана Украина макулдашкан үч күндүк элдешүүгө карабастан, акыркы суткада орус аскерлери Украина аймагына сокку урганы маалым болду. Украин бийлиги билдиргендей, соңку чабуулдардан өмүрү кыйылгандар жана жараат алгандар бар.
Херсон облусунда аткылоолордон эки адам набыт болуп, дагы эки киши жараат алды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди.
Харьков облусунда аба чабуулдардан беш жайкын тургун жабыркаганын облустук администрациянын жетекчиси Олег Синегубов маалымдады.
11-майга караган түнү Днепропетров облусундагы Никополь району дрондордун чабуулуна кабылды. Облустук администрациянын башчысы Александр Ганжанын айтымында, бир ашкананы өрт чалып, чарбалык курулуш талкаланган.
Фронтто да салгылашуулар уланды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 11-майдын таңында тараткан маалыматына ылайык, акыркы суткада 180ге жакын кагылышуу катталган. Айыгышкан салгылаштар Покровск, Гуляйполе жана Лиман багыттарында жүрдү.
8-майда АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосунда үч күндүк элдешүү боюнча макулдашуу жетишилгенин билдирген. Кийинчерээк Киев менен Москва бул макулдашууну ырасташкан. Трамптын айтымында, элдешүү 9, 10 жана 11-май күндөрү уланмак жана ага согуш аракеттерин токтотуу менен катар “1000ге 1000” форматы боюнча туткундарды алмашуу да кирмек.
Трамп өзү жазгандай, элдешүү өтүнүчүн ал сунуштап, Орусия менен Украинанын президенттери буга макул болушкан.
Ишембинин кечинде орусиялык аскерлер Харьков шаарына дрон менен сокку урганын облустук аскер администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди.
Дрон тогуз кабаттуу үйдүн техникалык кабатына тийген, натыйжада лифт шахтасы жарактан чыгып, 30дай айнек күбүлүп түштү. Беш адам түрдүү жаракат алды.
Андан тышкары Днепропетров облусунун Никополь жана Синельников райондоруна да чабуул болду. Инфратүзүм жабыркады. Үч жаштагы кыз жаракат алып, орточо оор абалда ооруканага жеткирилгенин облустук аскердик администрация башчысы Александр Ганжа маалымдады.
Донецкинин Дружковка шаарында дрон соккусунан тогуз кабат үйдө өрт чыкты, ал эми Краматорскиде эки май куюучу бекетте газ сакталуучу идиштер күйүп кеткенин Украинанын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жекшембиде кабарлады. Херсон облусунда чабуулдан эки автоунаа жана жер үй өрттөндү.
Украин Аба күчтөрү түн оогондон таңкы саат 8:00гө чейин орусиялык аскерлер Украинага 27 дрон менен сокку урганын билдирди. Бардыгы жок кылынган.
- 8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина 9-10-11-май күндөрү ок атышпоону макулдашканын билдирген. Кийинчерээк Киев менен Москва аны ырасташкан. Макулдашуунун алкагында тараптар 1000 туткунду алмашары айтылган.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Украина менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы баскычы пландалбаганын кайрадан билдирди. Ал ошондой эле ок атышпоо келишими 11-майга чейин жетишилгенин, аны узартуу тууралуу сөз жоктугун белгиледи.
"Жок, ок атышпоо боюнча келишим Жеңиш күнүнө карата гана болгон, үч күн - 9-10-11-майда гана уланат", - деди ал.
АКШнын президенти Дональд Трамп 8-майда үч күндүк ок атышпоо тууралуу жарыялаган, ошол эле учурда сүйлөшүүнү улантуу жөнүндө айтып, ок атышпоо үч күндөн ашык убакытка созулушу мүмкүндүгүн билдирген.
Ушаков Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы ок атышпоо узартыларына ишенерин, бирок бул "бир гана андан көз каранды эмес экенин" айтты.
Трамптын келишимди узартуу боюнча үмүтүн Ушаков "негизсиз" деп атады. Сүйлөшүүлөрдүн уланышын украин аскерлеринин Донецк аймагынан чыгарылышы менен байланыштырды. Киев бул талапты кабыл албай турганы белгилүү.
Путиндин жардамчысынын сөзүнө караганда, президент мурдагыдай эле украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен жолугушууга даяр, бирок Москвада гана.
Украин президентинин кеңешчиси Сергей Лещенко өз кезегинде Зеленский Путин менен Москвадан башка кайсы жерде болбосун жолугушууа даяр экенин билдирди.
"Москва - баскынчы мамлекеттин борбору. Мындай форматтагы сүйлөшүү мүмкүн эмес", - деди ал.
Ушаков мындан тышкары орус-америка байланышы Украинанын коркутуусу, ага Орусия Киевге сокку урарын билдирген жообунан кийин жанданганын айтты. Ишембиде алмашуу болбосун, учурда туткундардын тизмесин тактоо жүрүп жатканын айтты. Эки күн ичинде ок атышпоо, анын алкагында туткундарды алмашуу тууралуу макулдашууга жетишилди.
9-май күнү Орусия менен Украинанын ортосундагы, мурда Трамп жарыялаган үч күндүк ок атышууну токтотуу башталды.
Украин Куралдуу күчтөрү 9-майга караган түндө Орусия тараптан 43 дрон жана "Искандер-М" ракетасы менен чабуул коюлганын, 34 дрон жок кылынганын кабарлады.
Ишемби күнү эртең менен украин армиясы Запорожьедеги дрондор тууралуу эки ирет маалымдашты, шаарда абадан эскертүү берилди.
Запорожье облусунун башчысы Иван Федоров Пологов районунда орусиялык дрон автоунаага тийип, 67 жаштагы айдоочу ошол жерде көз жумганын, жүргүнчүлөрү - 62 жаштагы эркек менен 81 жаштагы аял жаракат алып, ооруканага жеткирилгенин маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 9-майда эртең менен 44 украин дрону жок кылынганын билдирди, бирок сөз саат 24:00кө чейинки убакыт - ок атышпоо келишими күчүнө кире элек мезгил жөнүндө болгонун тактады.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жеңиш парадын үзгүлтүккө учуратуу аракети болбогонун билдирди. Андан Трамптын ок атышпоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүүсүн Кремлде көрүштүбү деп сурашты.
"Көрбөдүк. Ок атышпоо азыр, 9-10-11инде (май), башка сөз болгон эмес", – деп жооп берди Песков.
8-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишкенин билдирген. Киев менен Москва маалыматты тастыктаган. Трамптын сөзүнө караганда, ок атышпоо 9-10-11-май күндөрү уланып, 1000 туткунга 1000 туткун алмашылат. Трамп жазгандай, ок атышпоо өтүнүчү менен тараптарга ал өзү кайрылган, Орусия менен Украинанын президенттери макул болушкан.
Трамптын билдирүүсүнөн соң, украин президенти Владимир Зеленский Москвада Кызыл аянтта аскер парадын өткөрүүгө уруксат берип, Кызыл аянттын координаты көрсөтүлгөн аймакка украиналык куралды колдонууга тыюу салган жарлыгын жарыялады.
Ага чейин Орусия бир тараптуу түрдө 8-9-май күндөрү ок атышпоону жарыялап, парад үзгүлтүккө учурачу болсо, Киевдин борборун талкалоону эскерткен. Владимир Зеленский ок атышпоо режимин 6-майда сунуштаган, бирок Орусия ошол эле күнү Украинанын шаарларына сокку урган. 8-майга караган түнү Орусиянын бир катар шаарлары масштабдуу чабуулга кабылышты.