Орусия 14-майга караган түнү Украинага 56 ракета, анын ичинде үч «Кинжал» аэробаллистикалык ракетасы, 18 «Искандер-М» ракетасы жана 35 Х-101 канаттуу ракетасы менен чабуул койду. Мындан тышкары 675 дрон колдонулган. Бул тууралуу украин армиясы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 41 ракета жана 652 дрон атып түшүрүлгөн. Бул сандарды көз карандысыз булактар азырынча ырастай элек.
Негизинен башкалаа Киев жана Киев облусу бутага алынган.
Киевдин Дарницкий районунда тогуз кабаттуу үй жабыркаганын шаар мэри Виталий Кличко билдирди. Анын айтымында, 18 батир талкаланган. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр менен видеолордо үйдүн бир подъезди толугу менен урап түшкөнү көрүнүп турат.
Бийликтин акыркы маалыматына ылайык, Киевде беш адам каза болду.
Жараат алгандардын саны 39га жетти. Алардын арасында бир айлык ымыркай да бар экенин Кличко кошумчалады.
Урандылардын алдынан 28 адам куткарылды. Куткаруучулар дагы деле урандыларды тазалоону улантып жатышат, алардын алдында адамдар болушу мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат чабуулдун кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын билдирди.
Киев облусунда Өзгөчө кырдаалдар кызматы бир катар райондордо соккулардан улам кыйроолор катталганын маалымдады. Айрым жерлерде өрт тутанган.
Андан тышкары Одесса облусуна коюлган чабуулдун натыйжасында порттогу жабдуулар, имараттар жана жүк ташуучу автоунаалар жабыркаган. Бул тууралуу аймак башчысы Олег Кипер билдирди.
Чернигов районунда орус армиясынын дрон соккуларынан энергетикалык объект жабыркап, 31 миңден ашуун киши электр жарыксыз калганы кабарланды.
Харьков облусунун бийлиги билдиргендей, аба чабуулдан тогуз адам жабыркады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус аскерлери кадимки турак үйлөрдү, мектепти, ветеринардык клиниканы жана башка жарандык инфраструктураны бутага алганын билдирди.
Орус аскерлери азырынча бул чабуулдар боюнча комментарий бере элек. Адатта Москва жарандык жайларга жасалган соккуларды четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага аларын билдирип келет.
Financial Times басылмасы Путин менен байланышта болгон адамдарга, кырдаалды ичинен билгендерге жана украин чалгын кызматынын баасына таянып жазгандай, Орусиянын аскердик жетекчилиги президент Владимир Путинди Донбассты толук басып алууну ушул жылдын күзүнө чейин аяктайбыз деп ишендирген.
Басылманын үч маектешинин айтымында, Донбассты басып алгандан кийин Путин «ок атышууну токтотуунун баасын көтөрүүнү» көздөп жатат.
Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкийдин пикиринде, Донбасстагы ийгилик Кремлге кийинки аймактык талаптарды коюуга мүмкүнчүлүк берет.
Тактап айтканда, Орусия азыр да бир кыйла бөлүгү Украинанын көзөмөлүндө турган Запорожье жана Херсон облустарын өткөрүп берүүнү талап кылышы мүмкүн.
Басылма сүйлөшкөн эки булактын айтымында, Путиндин Донбассты басып алуу аракети күчөп жатат.
«Мен аны дайыма азыркы майдан сызыгында токтоого көндүрүүгө аракет кылам. Бирок ал баш тартууда», — деген булактардын бири.
Согушту токтотуу боюнча расмий эмес сүйлөшүүлөргө катышкан эки булактын айтымында, Путиндин «чыныгы дымагы» Украинанын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде Днепр, Киев жана Одесса шаарларын көзөмөлгө алуу.
Эки тараптын позициясынан кабардар булактардын айтымында, Украина менен Орусия АКШнын ортомчулугу менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайра жанданышына анча үмүт артпай жатышат.
АКШ президенти Дональд Трамп 12-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Путин менен Орусия «Донбассты бүт алат» деген келишим болбогонун билдирди.
Ошондой эле ал быйыл Орусияга барышы мүмкүн экенин айтып, Украинадагы согушту токтотуу үчүн «зарыл болгон бардык нерсени» жасай турганын белгиледи.
Трамп согуштун аякташы жакындап калды деген пикирин билдирди. Бирок Financial Times басылмасы сүйлөшкөн булактардын айтымында, азыр эки тарап тең сүйлөшүүлөрдү улантуунун маанисин көрбөй жатат.
Басылманын маалыматына караганда, Украина сүйлөшүүлөр акыркы жолу февралдагы орус-украин жолугушуусунан кийин эле туңгуюкка кептелди деп эсептейт жана Вашингтон Путинге басым жасай албаганына нааразы.
Москва согушту токтотуу үчүн Киев аскерлерин Донецк облусунан чыгарып кетиш керек деген талапты коюп келет.
Украина болсо согуш аракеттерин азыркы фронт сызыгы боюнча токтотууну сунуштоодо.
Мындай учурда Донбасстын чоң бөлүгү Орусиянын көзөмөлүндө калмак. Ошол эле учурда Украина муну юридикалык жактан тааныбай турганын билдирип келет.
Өткөн жылдан бери Владимир Зеленскийди коштоп келе жаткан жаңжал кайрадан күн тартибине чыкты. Украинанын коррупцияга каршы мекемелери расмий билдиргендей, президенттин кеңсесин 2025-жылдын дээрлик соңуна чейин жетектеген Андрей Ермак миллиондогон долларларды адалдоо схемасына байланыштуу шектелип жатат. Азырынча бул расмий айыптоо эмес.
2025-жылы башталган тергөөдөн Зеленский олуттуу саясий кесепеттерден качуу максатында бир нече кадам жасоого аргасыз болгон. Ал беш жылдан ашуун убакыт президенттик администрацияны жетектеп келген, таасирдүү Ермакты кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган.
Бул окуя Украина орус армиясынын толук масштабдуу баскынчылыгына каршы беш жылдан бери каршылык көрсөтүп жаткан маалда болду. Андан тышкары Вашингтон ортомчулук кылган тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун улам токтоп турган кезге туш келди.
Жемкорлук чуусу Зеленскийге жана Украинадагы кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?
«Дээрлик бир бүтүн»
Көптөгөн украиналыктар Зеленский менен Ермакты ал былтыр ноябрда кызматтан кеткенине карабастан дээрлик ажырагыс адамдар катары кабыл алышат. Алардын байланышы Зеленский 2019-жылы президенттикке келгенге чейин, болжол менен он жыл мурда башталган.
«Алар бири-бири менен ушунчалык жакын болгондуктан дээрлик бир бүтүн адамдай болуп калышкан», — деп айткан Киевдеги Penta саясий изилдөөлөр борборунун жетекчиси Владимир Фесенко былтыр ноябрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде.
Мындай жакын мамиле жана Ермактын айланасындагы ар кандай жаңжал Зеленскийге да түздөн-түз таасир этиши мүмкүн дегенди билдирет.
«Владимир Зеленскийден айырмаланып Андрей Ермакты эл шайлаган эмес. Аны администрация башчысы кылып дайындаган жана кийин ал колдонгон бардык ыйгарым укуктарды берген адам Владимир Зеленский», — деди Киевдеги Дүйнөлүк саясат институтунун директору Евгений Магда 12-майда Current Time каналына.
«Вова»
11-майда Украинанын Улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) жана Адистештирилген антикоррупциялык прокуратура (САПО) «Киевдин жанындагы абройлуу курулушта 460 миллион гривнаны (10,5 миллион доллар) мыйзамдаштырууга», башкача айтканда, акча адалдоого тиешеси бар уюшкан топтун бети ачылганын билдиришти.
Кеп «Династия» деп аталган элиталык турак жай комплекси тууралуу болуп жатат.
Антикоррупциялык органдардын маалыматына караганда, бул курулушка энергетика тармагындагы коррупциялык схемалар аркылуу алынган 100 миллион доллардын бир бөлүгү жумшалган.
Бул ири коррупциялык жаңжалдын бир бөлүгү катары шектүүлөрдүн «Хирург» жана «Али Баба» сыяктуу каймана аттарды колдонуп сүйлөшкөн аудиожазуулары да бар. Алар «Династия» долбоорун да талкуулашкан. Ошол сүйлөшүүлөрдүн биринде комплекстеги үйлөрдүн бири «Андрийге», экинчиси «Вовага» арналганы айтылганы кабарланган.
«Вова» Владимир деген ысымдын кыскартылган формасы болгондуктан бул Зеленский тууралуу сөз болушу мүмкүн деген божомолдор жаралган.
12-майдагы маалымат жыйынында НАБУнун башчысы Семен Кривонос Зеленский «тергөөнүн объектиси болгон эмес жана болгон жок» деп билдирди.
Анын айтымында, учурдагы тергөөнүн алкагында «айрым мүлк кимге таандык экени боюнча ар кандай тергөө версиялары каралууда».
Зеленскийдин коммуникациялар боюнча кеңешчиси Дмитрий Литвин 11-майда Ермакка коюлган айып тууралуу комментарий берүү азырынча эрте экенин айтып, муну юридикалык процесстин уланып жатышы менен түшүндүрдү.
Ермак журналисттерге ага Киевдеги батири гана таандык экенин айткан. Адвокаты Игорь Фомин болсо «Суспільне» коомдук телеканалына берген комментарийинде Ермактын акча адалдоо схемасына тиешеси бар экенин четке какты.
Согуш жана Батыш
Серепчилердин айтымында, Зеленский бул жаңжал Батыштагы аброюна жана Орусиянын чабуулуна каршы күрөштө Европа менен АКШнын колдоосунун келечегине кандай таасир этет деп тынчсызданышы мүмкүн.
Чыныгы же болжолдуу коррупция 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Украина көз карандысыздык алгандан бери Киевдин Батыш менен мамилесине тоскоол болуп келген.
Бул жаңжал Украина Евробиримдикке мүчө болууга аракет кылып жаткан учурда да тутанды.
АКШнын жардамы дээрлик токтогон. Азыр Европа өлкөлөрү Кошмо Штаттардан курал сатып алып, аны Украинага жеткирген программа гана иштеп жатат.
Киев Батыштын курал-жарагынан көз карандуулугун азайтуу багытында олуттуу кадамдарга барды.
Бирок Кошмо Штаттарда өндүрүлгөн Patriot ракеталары сыяктуу курал Украина үчүн дагы эле өтө маанилүү бойдон калууда.
Дипломатиялык фронтто Зеленский бул иш АКШ президенти Дональд Трамп жана анын администрациясы менен ансыз да чыңалган мамилесине кандай таасир этет деп да кооптонушу мүмкүн.
Айрыкча Вашингтон Киевге азыр көзөмөлдөп турган Донецк облусунун айрым бөлүктөрүн Москвага өткөрүп берүү же тынчтык келишиминин алкагында башка оор макулдашууга баруу үчүн басымды күчөтөбү деген суроо жаралууда.
Азырынча Зеленский үчүн окуялар акырындап өнүгүшү пайдалуу болуп турат. Ноябрдын аягында НАБУ менен САПО Ермактын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөндөн бир нече саат өткөн соң ал кызматтан кеткен. Ошондуктан анын шектүү катары жарыяланышы чоң күтүүсүз окуя болгон жок.
Бирок эгер ал бул ишке тиешеси бар айрым адамдар сыяктуу эле Украинадан качып кетсе, анда бул Зеленскийдин кырдаалды көзөмөлдөөсү боюнча чоң суроолорду жаратмак.
Саясий тыныгуу
Ноябрь айынын башында Зеленскийдин эски досу жана көп жылдык өнөктөшү, энергетика тармагындагы коррупциялык схемага тиешеси бар делген негизги фигуралардын бири Тимур Миндич тергөө боюнча рейддер башталардан бир нече саат мурун такси менен Польшанын чек арасынан чыгып кеткен. Бул тууралуу «Схемалар» иликтөө долбоору аныктаган.
Дагы бир маанилүү фигура, мурдагы энергетика министри Герман Галущенко февралда поезд менен Украинадан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган. Эртеси ага акча адалдоо боюнча айып тагылган.
Ермакка коюлган айыптар алдыдагы жумаларда же айларда кандай кесепеттерге алып келбесин, азырынча Зеленский эң олуттуу саясий коркунучтардан корголуп турат.
Себеби орус армиясы Украинага бастырып киргени өлкөдө аскердик абал киргизилген жана ал шайлоо өткөрүүгө тыюу салат.
Бирок орус баскынчылыгына каршы украин коомунун биримдиги Зеленский үчүн саясий артыкчылык болгону менен бул анын коомдук нааразылыктан толук корголгонун билдирбейт.
Былтыр жайында Зеленский НАБУ менен САПОну жабууга аракет кылган. Анда ири нааразылык акциялары тутанган соң өз чечимин кайра кайтарууга аргасыз болгон.
Анын каршылаштары бул мыйзам кабыл алынса Зеленский менен Ермактын тушунда мамлекеттик көзөмөл күчөп, авторитаризмге жол ачылмак деп эскертишкен.
Сынчылар Ермакты бул мыйзамдын артында туруп, коррупциялык тергөө президенттин айланасына, анын ичинде өзүнө чейин жетпеши үчүн аракет кылган деп айыпташкан.
Орусиянын армиясы 13-майга караган түнү Украинага 139 учкучсуз учак менен сокку урду, анын 111и жок кылынды. Бул тууралуу Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү билдирди.
Полтава облустук аскердик администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич электр станцияларына сокку урулганын айтты. Анын айтымында, соккулардын кесепетинен 6,5 миңден ашуун абонент, 548 ишкана жарыксыз калды.
Одессада өнөр жай инфраструктурасына чабуул коюлуп, кампалар жана чарбалык курулуштарга зыян келтирилди.
Орус армиясы түндө Харьков шаарынын Холодногорск районунда инфраструктура объектилерин бутага алды. Ал жакта өрт чыкканын шаардын мэри Игорь Терехов кабарлады.
Сумы облусундагы Глухов шаарындагы соккунун кесепетинен гараж кооперативинин аймагында өрт тутанды.