Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:10
Орусиянын Сызрандагы мунай заводуна сокку урулгандан кийинки сүрөт. Май, 2026-жыл
Орусиянын Сызрандагы мунай заводуна сокку урулгандан кийинки сүрөт. Май, 2026-жыл

Орусияда дрон соккуларынан улам күйүүчү май таңкыс болууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:20 3.6.2026
Санкт-Петербург дрон чабуулуна кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
16:23 3.6.2026

3-июнда Украинада Орусиянын чабуулунан кеминде эки адамдын өмүрү кыйылды. Харьков аймагында жайкын тургундар жашаган тилкеге дрон тийип, үйлөр өрттөнгөнү да маалымдалды.

«Эки адам каза болду, дагы үчөө жараат алды. Биздин тийиштүү кызматтар соккунун кесепетин жоюу иштерин улантып жатышат», – деди облус башчысы Олег Синегубов.

Николаев жана Одесса облустарына да орус аскерлери учкучсуз учактар менен чабуул койгонун, бир нече киши жараат алганын, имараттар зыянга учураганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Украина
Украина

Жалпысынан, 3-июнга караган түнү, Орусия Украинанын аймагына 198 учкучсуз учак менен чабуул койгонун украин Аба күчтөрүнүн командачылыгы билдирди. Эртең мененки саат 8ге карата «Шахед», «Гербера», «Италмас» жана башка дрондордон 189у кармалды.

Ал тапта Орусияда "Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму" (ПМЭФ) ачылып жаткан күнү, 3-июнда Санкт-Петербургдагы эң ири мунай объекттеринин биринде өрт тутанды, жалпы Ленинград облусунун аймагынан 59 учкучсуз учак атып түшүрүлдү.

Санкт-Петербургдун тургундары түнкү саат үчтөн баштап шаарда жарылуу угула баштаганын айтышты.

Өрт чалган "Санкт-Петербург мунай терминалы" мунайды сактоочу, кайра иштетүүчү жана жөнөтүүчү эң ири комплекстердин бири.

ТАСС агенттигинин жазганына караганда, Пулково аэропортунда 20дан ашык каттам кармалды.

Росавиация саат таңкы төрттөр чамасында "Ковер" планын киргизген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактардагы баракчаларына 3-июнда жарыялаган маалыматында "Түндө Орусиянын аймагындагы маанилүү объектилерге сокку урулду" деп жазды жана аларды украиндерге каршы согушту камсыздаган ишканалар деп атады:

"Согуш үчүн иштеп жаткан "Санкт-Петербург мунай терминалы" Украинанын мамлекеттик чек арасынан болжол менен 1100 километр аралыкта жайгашкан. Кронштадт базасындагы аскердик бутага да жеттик. Дагы бир бута Тамбов облусундагы курал өндүрүү менен алектенген ишкана болду. Ал фронт тилкесинен дээрлик 600 километр аралыкта орун алган".

Орусия аннексиялап алган Донецк облусунда автобуска тийген соккудан кеминде жети адам каза болду. Бул тууралуу Москва дайындаган оккупациялык облустук администрациянын башчысы Денис Пушилин 3-июнда Telegram аркылуу билдирди.

Дрон чабуулу үчүн ал Украинаны айыптап, Енакиеводо Москва - Симферополь багытындагы автобус чабуулга учураганын айтты.

Енакиево Кара деңиздеги Орусия аннексиялаган Крым жарым аралына жана анын борбору Симферополго кеткен жолдо жайгашкан шаар.

Пушилин окуяны "адамгерчиликсиз агрессия" деп атады. Орусиянын Тергөө комитети террористтик акт деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына 2022-жылдын февралынан бери каршы күрөшүп келаткан Украина орус жергесинде аскердик жана өнөр жай объектилерине гана сокку уруп жатканын дайыма баса белгилеп айтып келет. Ошентсе да украиналык дрон соккуларынан жайкын тургундар да жабыркап жатат.

Орусия, өз кезегинде, "өч алуу соккуларын" барган сайын күчөтүүдө. 2-июнда эле, мисалы, Киев жана Днепр сыяктуу миллиондогон калкы бар украиналык шаарларга дрон жана ракета менен жапырт чабуул жасалып, кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 130 адам жараат алды.

Бүгүн шаарда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму башталууда. Бул Орусиянын экономикалык чөйрөсүндөгү башкы иш-чаралардын бири. Ал үч күн уланат.

Айрым маалыматтарга караганда, шаарда мобилдик интернет өчүрүлүүдө.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.


10:21 3.6.2026

Украинанын борбор калаасы Киевде Орусиянын 2-июнга караган түнкү жапырт соккусунан каза болгон адамдардын саны жетиге жеткенин калаа мэри Виталий Кличко билдирди.

Анын айтымында, жараат алып, ооруканага жеткирилгендердин бири да көз жумду. Мурдараак Кличко жабыркагандардын саны 90го жеткенин, алардын 52си ооруканага түшкөнүн, экөө балдар экенин айткан.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия шейшембиге караган түнү 73 ракета жана 656 согуштук дрон менен сокку урду. 40 ракета жана учкучсуз 602 учак атып түшүрүлгөнү белгилүү болду. Айрыкча Киев катуу жабыркады, Днепр, Харьков, Запорожье, Полтавщина жана башка аймактарда да адамдар каза болуп, имараттар жана башка мүлк талкаланды.

Президент Владимир Зеленский билдиргендей, жалпысынан 2-июнда орус аскерлеринин соккуларынан 22 адам каза болду, жараат алгандар кеминде 130 адам.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын коргонуу-өнөр жай комплексин бутага алганын айтып келет.

10:20 3.6.2026

Орусия Украинага негизсиз кол салып, кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери төрт жылдан ашык убакыт өтүп, жарандык инфраструктурага көп жолу сокку урулса да, орус армиясынын соңку аба чабуулу украиналыктардын үрөйүн учурду.

Түнкү чабуулдан Киевде, Днепрде жана башка шаарларда 18 кишинин өмүрү кыйылып, бир топ имараттар талкаланды.

Бул орус армиясынын соңку айда Украинанын баш калаасы Киевге дрондор жана ракеталар менен жапырт экинчи ири чабуулу болду. Анын натыйжасында кеминде алты адам каза болуп, 60тан ашууну жаракат алды. Ал эми өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Днепр шаарында 12 адам набыт болду.

«Мен уктап жаткам. Аялым эле “жардыруулар болуп жатат” деди. Терезеден карасам, күйүп жаткан дрондун сыныгы учуп баратыптыр. Бир маалда катуу дүңгүрөгөн үн чыгып, жарылуу болду. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Бир заматта ыргып түштүм. Айлана түтүн. Кулагым эч нерсе укпай калды. Болгону аялымдын добушун алыстан уктум. Урандылардын алдында калып кетти го деп аны издей баштадым. Балкон түшүп кетиптир. Батирден дээрлик эч нерсе калган жок. Баары талкаланыптыр. Дубал да жылып кеткен экен», - дейт Киевдин тургуну Евгений Дибровский.

Мындан бир нече күн мурда Москва Киевге, анын ичинде «чечим кабыл алуу борборлоруна» каршы чабуулдар болушу ыктымал экенин эскерткен.

Ошондой эле Орусиянын бийлиги чет өлкөлүк жарандарды жана дипломаттарды шаардан чыгып кетүүгө чакырган.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, орус күчтөрү түнкү чабуулда 73 ракета жана 656 дрон колдонгон. Соккулар Украинанын 38 аймагына урулду. Негизинен Киев шаары бутага алынды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кандуу чабуулдарды айыптап, алардын натыйжасында «ондогон турак жайлар жана башка жарандык инфраструктура объектилери» жабыркаганын билдирди.

«Бул ири масштабдагы чабуул жана Орусиянын абдан ачык билдирүүсү болду. Эгер Украина баллистикалык жана башка ракеталык соккулардан корголбосо, мындай чабуулдар улана берет», — деп жазды ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Украиналык аскердик эксперт Павло Лакийчуктун «Настоящее Времяга» берген маегине караганда, 2-июндагы чабуулда Орусия негизинен баллистикалык ракеталарды колдонгон. Алардын арасында «Искандер», «Кинжал», С-400 системасынан учурулган ракеталар жана болжолдуу түрдө Түндүк Кореяда жасалган ракеталар болгон.

Лакийчуктун айтымында, Орусиянын баллистикалык ракета чабуулдарынан коргонуу дагы эле өтө татаал бойдон калууда.

Айрыкча Харьков, Днепр жана Запорожье сыяктуу шаарларда ракеталардын учуу убактысы өтө кыска болгондуктан, абадан коргонуу системаларынын реакция кылууга дээрлик убактысы жетпейт.

Украин шаарларындагы көп кабаттуу турак үйлөр, ооруканалар жана бала бакчалар көптөгөн зыянга учураганына карабастан, Орусиянын Коргоо министрлиги бул соккулар Киев режиминин жооп катары бир гана аскердик өнөр жай комплекстерине жогорку тактыктагы куралдар менен урулганын билдирди.

«Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик инфраструктурасына, анын ичинде Киевдеги жана башка шаарлардагы объектилерге утур сокку уруп жатат», — деди Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков 2-июндагы брифингде.

Орус армиясынын Киевге жасалган чабуулу. 2-июнь, 2026-жыл.
Орус армиясынын Киевге жасалган чабуулу. 2-июнь, 2026-жыл.

"Украинанын жай тургундарына каршы террор"

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко борбор калаанын бир нече районунда турак жайлар, медициналык мекеме, май куюучу жай, автоунаалар жана башка инфраструктура объектилери жабыркаганын билдирди.

Анын айтымында, шаардын бир катар райондорунда өрт тутанып, айрым имараттар кыйрап, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

«Орусия Украинанын жай тургундарына каршы террорун улантууда. Дүйнө аракет көрүшү керек. Бул чабуулдар токтотулууга тийиш. Ар бир кечиккен күн жаңы адамдардын өмүрүн алып кетүүдө», — деп жазды Украинанын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитро Лубинец X социалдык тармагындагы баракчасына.

Украинанын чыгышындагы Днепр шаарында жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, чабуулдардын натыйжасында кеминде 37 адам, анын ичинде балдар да жаракат алган.

Куткаруу кызматтары Днепрдин алты тургуну дайынсыз болуп жатканын билдирди.

Каза болгондордун арасында чабуулдун кесепеттерин жоюу үчүн окуя болгон жерге барган куткаруучу да бар.

Днепр шаарынын мэри Борис Филатов «орус желмогуздары дагы бир жолу эл жыш жашаган турак жай районуна сокку урду» деп билдирди.

Анын айтымында, кеминде 49 турак жай жабыркап, алардын жетөө дээрлик толугу менен талкаланып, кайра калыбына келтирүүгө жараксыз болуп калган.

«23 адам ооруканага жаткырылды. Алардын арасында 13 жаштагы кыз да бар. Дарыгерлер анын абалын орточо оор деп баалап жатышат. Жаракат алгандардын үчөө оор абалда», — деп жазды Днепр облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа 2-июнда Telegram баракчасына.

«Орусиянын Днепрге чабуулунан наристенин өмүрү кыйылды. Куткаруучулар соккудан жабыркаган төрт кабаттуу үйдүн урандыларынын арасынан 2023-жылы төрөлгөн баланын сөөгүн алып чыгышты», — деп билдирди.

Украинанын экинчи ири шаары Харьковдо 2-июндун таңында жасалган орус дрондук жана баллистикалык ракеталык чабуулдардан кеминде алты адам, анын ичинде 11 жаштагы секелек жаракат алды. Шаардын мэри Игорь Тереховдун айтымында, чабуулдардан өрт тутанып, турак үйлөрдүн, автоунаалардын жана башка имараттардын жабыркашына алып келген.

«Москва согуш талаасында утулуп жатат. Канча ракета атпасын, бул жагдайды өзгөртө албайт», — деди Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига 2-июндагы чабуулдан кийин.

Ал өнөктөш өлкөлөрдү Украинага аскердик жардамды көбөйтүүгө, Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө жана Украинанын Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн тездетүүгө чакырды.

Орус армиясынын Киевге урган соккусунун кесепети. 2-июнь, 2026-жыл.
Орус армиясынын Киевге урган соккусунун кесепети. 2-июнь, 2026-жыл.

Киевге байланыштуу эскертүүлөр

24-майда Москва Киев облусуна жүздөгөн дрондор жана орус бийлиги жаңы гиперүндүү ракета деп атаган курал менен чабуул жасагандан бир күн өткөн соң, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Лавров Москва Киевдеги украин аскердик объектилерине жана «чечим кабыл алуу борборлоруна» каршы «системалуу жана ырааттуу соккуларды» пландап жатканын билдирген.

Ошондой эле Лавров Киевден АКШ жарандары менен дипломаттарын чыгарып кетүүнү сунуш кылган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бул эскертүүсүн чет өлкөлүк дипломаттарды жана Киевде жайгашкан эл аралык уюмдарды коркутууга багытталган «коркутуу» деп атады.

«Орусия коркунуч жаратууну каалайт. Украинаны жалгыз калтырууну көздөйт», — деп жазды Украинанын Евробиримдиктеги элчиси Катарина Матернова Facebook баракчасына.

Чет өлкөлүк дипломаттар да бул эскертүүгө каршы пикирин билдиришти.

Орусия мындай коркутууларын май айында Украинанын Москва өз көзөмөлүнө алган Луганск облусундагы мектеп жатаканасына жасалган чабуул менен негиздеп келет.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Старобельск шаарындагы соккудан 20дан ашуун адам каза болгон. Орус бийлиги Украина атайылап жарандык объектти бутага алган деп айыптаган.

Ал эми украиналык аскер өкүлдөрү алардын күчтөрү орус дрон бөлүгүнүн штабына сокку урганын билдирип, жарандык объектилер бутага алынганы тууралуу айыптоолорду четке каккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG