Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:59
Украина. Запорожьеге соккулардын кесепети. 11-август, 2026-жыл
Украина. Запорожьеге соккулардын кесепети. 11-август, 2026-жыл

Запорожьеде соккулардан жарык өчтү, Краснодарда каза тапкандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:09 4.6.2026

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте 3-июнда биринчи жолу Киевде өткөн Украина-НАТО кеңешинин отурум жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Орусия Украинадагы баскынчылыгын токтотуу боюнча эч кандай ишара көрсөтпөй жатканын билдирди.

"Буга Киевге жана Украинанын башка шаарларына жасалып жаткан катаал чабуулдар күбө. Жай тургундардан мерт кеткендер көбөйүүдө, жаракат алгандар көп, көптөгөн зыян келтирилди", - деди Рютте.

Украин президенти Владимир Зеленский Марк Рютте менен сүйлөшүүдө жолугушуунун Украинада өткөнү маанилүү экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, отурумдун форматы "өнөктөштөрдүн көңүлүн коопсуздуктун олуттуу маселелерине бурууга көмөктөшөт".

Зеленский Киев украин дрондору табылган өлкөлөрдүн аба мейкиндигин коргоого жардам сунуштай турганын кошумчалады.

"Биз дрондорду жок кылуучу жабдуулар менен да, өзүбүздүн билген ыкмалар менен да жардам беребиз", - деди Зеленский.

Рютте сапарынын аягында Украина тынчтыкка умтулуп жатканын Киевдеги жыйынга НАТОнун союздаштары болгон 32 өлкөнүн өкүлдөрү келгени ачыктаганын белгиледи.

"Түндүкатлантикалык альянстын биздин өнөктөштүгүбүзгө, Украинаны колдоонун белгиси", - деди ал.

НАТОнун баш катчысы жолугушууда фронттогу абал, Украинанын алдында турган чакырыктар тууралуу сөз болгонун маалымдады. Рютте өнөктөштөр Украинага PURL программасынын алкагында украин армиясына АКШдан курал сатып алуу үчүн дээрлик 60 млрд евро бөлүп беришкенин эске салды.

"Мындай колдоо уланат", - деп белгиледи Марк Рютте.

10:01 4.6.2026

Латвия Орусия жана Беларус менен соода карым-катнашын токтотууга тийиш. Мындай ою менен Латвиянын жаңы премьери Андрис Кулбергс шаршембидеги маалымат жыйында бөлүштү. Бул тууралуу Delfi агенттиги жазды. Анын айтымында, тышкы иштер министри Байба Бражеге Еврошаркет менен координациялап, баскынчы өлкөлөр менен соода алакаларын толук үзүүнүн жолун табуу тапшырмасы берилди.

«Мындай кереги жок көз карандуулук кырдаалды начарлатып гана жатат», - деп айтты Кулбергс.

Кызматка 28-майда киришкен өкмөт башчы кеп Орусия жана Беларуска болгон экспорт жана импорт тууралуу жүргөнүн белгиледи. Ал фармацевтика тармагында гана сооданы сактап калса болорун кошумчалады.

Быйылкы жылдын үч айында Латвия Орусияга 244 миллион еврого товар жөнөткөн. Орусия Латвияга 10,5 еврого товар саткан. Бул тууралуу расмий статисткага шилтеме менен "Коммерсант" жазды.

14-майда Латвиянын буга чейинки премьери Эвика Силиня отставкага кеткен. Анын себептеринин бири дрондордун өлкөнүн аба мейкиндигин бузууга байланыштуу түзүлгөн кырдаал болгон. Кийин ал украиналык учкучсуз учак экени аныкталган.

Дрон кулаганда келтирилген зыян анча сезилерлик болбогону менен премьер окуя үчүн коргоо министрин айыптаган. Ал кирген партиянын мүчөлөрү андай сынга наарызылыгын билдирген жана коалиция ыдыраган.

18:20 3.6.2026
Санкт-Петербург дрон чабуулуна кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
16:23 3.6.2026

3-июнда Украинада Орусиянын чабуулунан кеминде эки адамдын өмүрү кыйылды. Харьков аймагында жайкын тургундар жашаган тилкеге дрон тийип, үйлөр өрттөнгөнү да маалымдалды.

«Эки адам каза болду, дагы үчөө жараат алды. Биздин тийиштүү кызматтар соккунун кесепетин жоюу иштерин улантып жатышат», – деди облус башчысы Олег Синегубов.

Николаев жана Одесса облустарына да орус аскерлери учкучсуз учактар менен чабуул койгонун, бир нече киши жараат алганын, имараттар зыянга учураганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Украина
Украина

Жалпысынан, 3-июнга караган түнү, Орусия Украинанын аймагына 198 учкучсуз учак менен чабуул койгонун украин Аба күчтөрүнүн командачылыгы билдирди. Эртең мененки саат 8ге карата «Шахед», «Гербера», «Италмас» жана башка дрондордон 189у кармалды.

Ал тапта Орусияда "Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму" (ПМЭФ) ачылып жаткан күнү, 3-июнда Санкт-Петербургдагы эң ири мунай объекттеринин биринде өрт тутанды, жалпы Ленинград облусунун аймагынан 59 учкучсуз учак атып түшүрүлдү.

Санкт-Петербургдун тургундары түнкү саат үчтөн баштап шаарда жарылуу угула баштаганын айтышты.

Өрт чалган "Санкт-Петербург мунай терминалы" мунайды сактоочу, кайра иштетүүчү жана жөнөтүүчү эң ири комплекстердин бири.

ТАСС агенттигинин жазганына караганда, Пулково аэропортунда 20дан ашык каттам кармалды.

Росавиация саат таңкы төрттөр чамасында "Ковер" планын киргизген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактардагы баракчаларына 3-июнда жарыялаган маалыматында "Түндө Орусиянын аймагындагы маанилүү объектилерге сокку урулду" деп жазды жана аларды украиндерге каршы согушту камсыздаган ишканалар деп атады:

"Согуш үчүн иштеп жаткан "Санкт-Петербург мунай терминалы" Украинанын мамлекеттик чек арасынан болжол менен 1100 километр аралыкта жайгашкан. Кронштадт базасындагы аскердик бутага да жеттик. Дагы бир бута Тамбов облусундагы курал өндүрүү менен алектенген ишкана болду. Ал фронт тилкесинен дээрлик 600 километр аралыкта орун алган".

Орусия аннексиялап алган Донецк облусунда автобуска тийген соккудан кеминде жети адам каза болду. Бул тууралуу Москва дайындаган оккупациялык облустук администрациянын башчысы Денис Пушилин 3-июнда Telegram аркылуу билдирди.

Дрон чабуулу үчүн ал Украинаны айыптап, Енакиеводо Москва - Симферополь багытындагы автобус чабуулга учураганын айтты.

Енакиево Кара деңиздеги Орусия аннексиялаган Крым жарым аралына жана анын борбору Симферополго кеткен жолдо жайгашкан шаар.

Пушилин окуяны "адамгерчиликсиз агрессия" деп атады. Орусиянын Тергөө комитети террористтик акт деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына 2022-жылдын февралынан бери каршы күрөшүп келаткан Украина орус жергесинде аскердик жана өнөр жай объектилерине гана сокку уруп жатканын дайыма баса белгилеп айтып келет. Ошентсе да украиналык дрон соккуларынан жайкын тургундар да жабыркап жатат.

Орусия, өз кезегинде, "өч алуу соккуларын" барган сайын күчөтүүдө. 2-июнда эле, мисалы, Киев жана Днепр сыяктуу миллиондогон калкы бар украиналык шаарларга дрон жана ракета менен жапырт чабуул жасалып, кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 130 адам жараат алды.

Бүгүн шаарда Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форуму башталууда. Бул Орусиянын экономикалык чөйрөсүндөгү башкы иш-чаралардын бири. Ал үч күн уланат.

Айрым маалыматтарга караганда, шаарда мобилдик интернет өчүрүлүүдө.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG