Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов соңку чабуулдардан Симферополдо үч киши каза таап, жетөө жараат алганын билдирди.
Анын айтымында, украин күчтөрү эл жашабаган объектилерге сокку урган, ал жерде ыкчам кызматтар иштеп жатат.
Аксеновдун маалыматына караганда, дагы бир киши Азовдон Керч шаарына багыт алган поездге дрон соккусунда каза тапты, үчөө түрдүү жаракат алды.
"Крымский ветер" Телеграм каналы Феодосия менен Керчте да жарылуулардын добушу угулганын жазып, Севастополдун Жеңиш паркынын аймагындагы соккулар деген видеолорду жарыялады. Маалыматка караганда, бул аймакта "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекси жайгашкан.
Севастополдун Орусиянын бийлиги дайындаган башчысы Михаил Развозжаев абадан коргонуу күчтөрү дрон чабуулдарынын мизин кайтарып жатканын жазды. Анын билдирүүсүндө, Севастополдун Түндүк тарабындагы бакча коомчулугунун бирине атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы тийди, Фруктовое кыштагында үйдүн фасадына зыян келтирилди.
Орусиянын Брянск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Егор Ковальчук Украинанын Куралдуу күчтөрү Стародуб кыштагын FPV-дрондору менен аткылаганын, турак жай зыян тартканын, бир аял жараат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди.
Орус Коргоо министрлиги 4-июнга караган түнү Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Нижегород, Орел, Ростов, Рязан жана Тамбов облустарында, аннексияланган Крым менен Кара деңиз, Азов деңизинин акваториясында 272 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
Украинанын армиясы бейшембиге караган түнү Орусия өлкө аймагына баллистикалык ракета жана 300дөй дрон менен сокку урганын, анын 264ү кармалып же атып түшүрүлгөнүн маалымдады. 11 жерге баллистикалык ракета менен 24 дрон тийген.
Херсондо турак жайга соккуда 12 жаштагы бала жараат алып, бейтапканага жеткирилди. Борисполдо өнөр жай объектисине чабуулда бир кызматкер жаракат алды, ал жердеги өрттү өчүрүү аракети уланууда.
Днепропетров облусунун Павлоград шаарында көп кабаттуу үйдүн эки батиринде өрт тутанып, эки киши жабыркады. Днепр районунда кампа өрттөндү, Синельников районунда көп кабаттуу турак жай, жер там жана инфраструктура оъектилерине зыян келтирилди.
Чернигов облусунун Семеновка шаарында Орусиянын соккусуна кампанын имараты күйүп кетти, Понорницк жамаатында чарба курулушу өрттөндү.
Одесса облусунда критикалык инфраструктура объектисине сокку урулду, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" (Хочу жить") долбоору Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы согушка азгырган айтылган 1059 студенттин аты-жөнүн жарыялады.
Алардын жарымынан көбү биринчи жана экинчи курстун студенттери. 80 пайызы 18-21 жаштагы жигиттер.
Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.
Студенттерди Украинадагы согушка, учкучсуз учактар системасы бөлүктөрүнө азгыруу өнөктүгү жүрүп жатканын жыл башынан бери түрдүү окуу жайлардын жана коллеждердин студенттери, алардын ата-энелери жана коомдук уюмдар билдирип келе жатышат.
2026-жылдын башында Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков ири жогорку окуу жайлардын ректорлоруна студенттердин кеминде 2% Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттүү экенин кабарлаганын Faridaily долбоору жазган.
"Гроза" студенттерди орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн үгүт иштери дээрлик 200дөй окуу жайында жана коллежде жүрүп жатканын эсептеген. Сабагынан жетише албаган студенттерге окуудан чыгарылат деген негиз менен келишим түздүрүү максатында басым жасалып жатканы жана аларга аскерде бир гана жыл кызмат өтөө убада кылынганы кабарланды.
12-майда Би-би-синин орус кызматы Украинага каршы согушка тартылган студенттин мерт кеткени тууралуу алгачкы ачык учур жөнүндө жазды. Маалыматка ылайык, Бурятиянын 23 жаштагы тургуну Валерий Аверин Коргоо министрлиги менен быйыл 3-январда келишим түзгөн, учкучсуз учактарды башкарууну окуган, окуусун аяктагандан эки жумадан кийин, 6-апрелде Луганск облусунда набыт болгон.
Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоору мурдараак Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 666 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарына тартылганын аныктаган.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте 3-июнда биринчи жолу Киевде өткөн Украина-НАТО кеңешинин отурум жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында Орусия Украинадагы баскынчылыгын токтотуу боюнча эч кандай ишара көрсөтпөй жатканын билдирди.
"Буга Киевге жана Украинанын башка шаарларына жасалып жаткан катаал чабуулдар күбө. Жай тургундардан мерт кеткендер көбөйүүдө, жаракат алгандар көп, көптөгөн зыян келтирилди", - деди Рютте.
Украин президенти Владимир Зеленский Марк Рютте менен сүйлөшүүдө жолугушуунун Украинада өткөнү маанилүү экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, отурумдун форматы "өнөктөштөрдүн көңүлүн коопсуздуктун олуттуу маселелерине бурууга көмөктөшөт".
Зеленский Киев украин дрондору табылган өлкөлөрдүн аба мейкиндигин коргоого жардам сунуштай турганын кошумчалады.
"Биз дрондорду жок кылуучу жабдуулар менен да, өзүбүздүн билген ыкмалар менен да жардам беребиз", - деди Зеленский.
Рютте сапарынын аягында Украина тынчтыкка умтулуп жатканын Киевдеги жыйынга НАТОнун союздаштары болгон 32 өлкөнүн өкүлдөрү келгени ачыктаганын белгиледи.
"Түндүкатлантикалык альянстын биздин өнөктөштүгүбүзгө, Украинаны колдоонун белгиси", - деди ал.
НАТОнун баш катчысы жолугушууда фронттогу абал, Украинанын алдында турган чакырыктар тууралуу сөз болгонун маалымдады. Рютте өнөктөштөр Украинага PURL программасынын алкагында украин армиясына АКШдан курал сатып алуу үчүн дээрлик 60 млрд евро бөлүп беришкенин эске салды.
"Мындай колдоо уланат", - деп белгиледи Марк Рютте.
Латвия Орусия жана Беларус менен соода карым-катнашын токтотууга тийиш. Мындай ою менен Латвиянын жаңы премьери Андрис Кулбергс шаршембидеги маалымат жыйында бөлүштү. Бул тууралуу Delfi агенттиги жазды. Анын айтымында, тышкы иштер министри Байба Бражеге Еврошаркет менен координациялап, баскынчы өлкөлөр менен соода алакаларын толук үзүүнүн жолун табуу тапшырмасы берилди.
«Мындай кереги жок көз карандуулук кырдаалды начарлатып гана жатат», - деп айтты Кулбергс.
Кызматка 28-майда киришкен өкмөт башчы кеп Орусия жана Беларуска болгон экспорт жана импорт тууралуу жүргөнүн белгиледи. Ал фармацевтика тармагында гана сооданы сактап калса болорун кошумчалады.
Быйылкы жылдын үч айында Латвия Орусияга 244 миллион еврого товар жөнөткөн. Орусия Латвияга 10,5 еврого товар саткан. Бул тууралуу расмий статисткага шилтеме менен "Коммерсант" жазды.
14-майда Латвиянын буга чейинки премьери Эвика Силиня отставкага кеткен. Анын себептеринин бири дрондордун өлкөнүн аба мейкиндигин бузууга байланыштуу түзүлгөн кырдаал болгон. Кийин ал украиналык учкучсуз учак экени аныкталган.
Дрон кулаганда келтирилген зыян анча сезилерлик болбогону менен премьер окуя үчүн коргоо министрин айыптаган. Ал кирген партиянын мүчөлөрү андай сынга наарызылыгын билдирген жана коалиция ыдыраган.