Орусиянын армиясы 7-июнга караган түнү Украинага 236 дрон менен сокку урду, анын 215и атып түшүрүлдү.
Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, 13 жерге дрон тийди, тогуз жерге алардын калдыктары түштү.
Запорожьеде бир киши каза таап, 25и жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.
Запорожье шаары жарым-жартылай жарыксыз калды.
"Энергетиктер жарык берүү аракетин көрүүдө", – деп жазды Фёдоров Телеграмга. Бирок кайсы объектиге сокку урулганын тактаган жок.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы Запорожье шаарынын четинде орусиялык дрондун соккусунан кичи автобустун айдоочусу каза болгонун, ал каттамдын аялдамасында турганда чабуулга кабылганын кабарлады. Фёдоровдун маалыматына караганда, маршруттук такси Кушугум кыштагында FPV-дрондору менен аткыланган.
Украинанын полициясы өткөн суткада Орусиянын армиясы Сумы облусун аткылоону улантып, натыйжада бир киши набыт болуп, бешөө жараат алганын, 46 калктуу пункт аткылоого кабылганын маалымдады.
Украинанын коргоо министринин жардамчысы Сергей Бескрестновдун билдирүүсүндө, июндун башынан бери Орусия Харьков менен Сумыны туташтырган автожолдорго соккуларды күчөттү.
Дрон чабуулуна Одесса жана Черноморск шаарлары да туш болду. Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин айтымында, Одессада ээн турак жай өрттөнүп, 41 жаштагы жаран осколкадан жараат алды. Черноморскиде турак жайлар, газ түтүктөрү, храмдын айланасындагы имараттар, эки жүк ташуучу унаага зыян келтирилди.
Херсон облусунда соккулардан 14 киши жараат алды. Бутага жарандык инфраструктура жайлары алынып: сегиз көп кабаттуу үй, 15 жер там, суу чыгаруучу жай, чарбалык курулуштар, мобилдик байланыш мунарасы, айыл чарба техникасы жана автонунаалар кабылды.
Днепропетровдо бир киши каза таап, дагы бири жараат алды. Түндө облустун эки району 20дан ашык жолу дрон жана авиабомбалардын соккусуна туш болду.
Чернобылда дрон эски ядролук отун кампасына сокку урганын "Энергоатом" компаниясы билдирди.
"Контейнерлерди кабыл алуу имараты жарым-жартылай талкаланды (анда ядролук отун болгон эмес). 40 квадрат метр аянттагы өрт ыкчам өчүрүлдү. Жумушчулар арасында жабыркагандар жок", – деп жазылган "Энергоатомдун" маалыматында. Радиациялык кырдаал туруктуу экени кошумчаланды.
Орусия Кара деңизде Украинанын эки издөө-куткаруу кемесине да сокку урганын украин вице-премьери Алексей Кулеба айтты. Анын билдирүүсүндө, жабыркагандар бар, Украинанын Аскердик деңиз күчтөрүнүн кайыктары менен эвакуациялоо аракети көрүлүп жатат.
Украина Орусияны эл аралык укуктун эрежелерин бузганы үчүн айыптады.
Украинанын лидери Владимир Зеленский Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу сунуштады. "Мен жолугушуу үчүн так күн белгилөөнү сунуштайм", - деп айтылат Зеленскийдин расмий сайтында 4-июнда жарыяланган Путинге жолдогон ачык катында.
Катта Орусиянын Украинадагы согушун токтотууга чакырык ташталган.
Согуш жана тынчтык маселелерин чечүү үчүн лидерлерди кабыл алууга салттуу түрдө даяр өлкөлөр бар экенин белгилеген Зеленский:
"Швейцария, Түркия, араб өлкөлөрү - көпчүлүгү бул жолугушууну кабыл ала алышат жана каалашат. Негизги маселелерди лидерлер чечет - бул мурда да болгон жана ар дайым болот", - деди украин лидери.
Владимир Зеленский эки тараптуу сүйлөшүүлөргө, анын ичинде Европадан да, кырдаалга таасир эте ала турган жана коопсуздук кепилдиктерин бере ала турган башка катышуучулар кошулушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
"Азыркы фронт тилкеси - дипломатия башталышы керек болгон тилке", - деп баса белгиледи Украинанын президенти.
Зеленский акыры орусиялыктар согушка нааразы боло баштаганын, "согуш Орусияга барган сайын негатив алып келип жатканын" белгилеп:
"Азыр чиновниктериңиз, бизнесмендериңиз жана үгүтчүлөрүңүз сизди ачыктан-ачык эле чарчап турушат", - деди.
Орус армиясы фронтто ай сайын 30 миңдей адамын жоготуп жатканын эскертип ал "НАТО, геосаясат жана орус тили жөнүндө эмне десеңиз да бул согуш сиздин жеке тандооңуз - эч кандай реалдуу себеби жок согуш", - деп белгиледи.
Зеленский катын "Сиз өзүңүздүн согушту токтото аласыз" деп аяктады.
Зеленскийдин бул каты Путин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда (ПМЭФ) журналисттер менен жолугушкан күнү жарыяланды. Ал жерде Орусиянын президенти 24-майда Киев облусунун Белая Церковь шаарында "Орешник" ракета комплекси колдонулганын айтып:
"Алар (Орусиянын Куралдуу Күчтөрү. - Ред.) "сарайга" сокку уруп, блоктордун кантип жайгашканын көрүштү, бул келечекте курал колдонуу үчүн керек", - деген, бирок "Орешник" "толук согуштук колдонууда эч качан болбогонун" айткан.
Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов соңку чабуулдардан Симферополдо үч киши каза таап, жетөө жараат алганын билдирди.
Анын айтымында, украин күчтөрү эл жашабаган объектилерге сокку урган, ал жерде ыкчам кызматтар иштеп жатат.
Аксеновдун маалыматына караганда, дагы бир киши Азовдон Керч шаарына багыт алган поездге дрон соккусунда каза тапты, үчөө түрдүү жаракат алды.
"Крымский ветер" Телеграм каналы Феодосия менен Керчте да жарылуулардын добушу угулганын жазып, Севастополдун Жеңиш паркынын аймагындагы соккулар деген видеолорду жарыялады. Маалыматка караганда, бул аймакта "Панцирь" зениттик-ракеталык комплекси жайгашкан.
Севастополдун Орусиянын бийлиги дайындаган башчысы Михаил Развозжаев абадан коргонуу күчтөрү дрон чабуулдарынын мизин кайтарып жатканын жазды. Анын билдирүүсүндө, Севастополдун Түндүк тарабындагы бакча коомчулугунун бирине атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы тийди, Фруктовое кыштагында үйдүн фасадына зыян келтирилди.
Орусиянын Брянск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Егор Ковальчук Украинанын Куралдуу күчтөрү Стародуб кыштагын FPV-дрондору менен аткылаганын, турак жай зыян тартканын, бир аял жараат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди.
Орус Коргоо министрлиги 4-июнга караган түнү Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Курск, Нижегород, Орел, Ростов, Рязан жана Тамбов облустарында, аннексияланган Крым менен Кара деңиз, Азов деңизинин акваториясында 272 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
Украинанын армиясы бейшембиге караган түнү Орусия өлкө аймагына баллистикалык ракета жана 300дөй дрон менен сокку урганын, анын 264ү кармалып же атып түшүрүлгөнүн маалымдады. 11 жерге баллистикалык ракета менен 24 дрон тийген.
Херсондо турак жайга соккуда 12 жаштагы бала жараат алып, бейтапканага жеткирилди. Борисполдо өнөр жай объектисине чабуулда бир кызматкер жаракат алды, ал жердеги өрттү өчүрүү аракети уланууда.
Днепропетров облусунун Павлоград шаарында көп кабаттуу үйдүн эки батиринде өрт тутанып, эки киши жабыркады. Днепр районунда кампа өрттөндү, Синельников районунда көп кабаттуу турак жай, жер там жана инфраструктура оъектилерине зыян келтирилди.
Чернигов облусунун Семеновка шаарында Орусиянын соккусуна кампанын имараты күйүп кетти, Понорницк жамаатында чарба курулушу өрттөндү.
Одесса облусунда критикалык инфраструктура объектисине сокку урулду, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери миңдеген киши бейкүнөө ажал тапты, жараат алгандар миңдеп саналат. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдору менен армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен чабуул коюп жатат.
Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" (Хочу жить") долбоору Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы согушка азгырган айтылган 1059 студенттин аты-жөнүн жарыялады.
Алардын жарымынан көбү биринчи жана экинчи курстун студенттери. 80 пайызы 18-21 жаштагы жигиттер.
Согуш шартында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.
Студенттерди Украинадагы согушка, учкучсуз учактар системасы бөлүктөрүнө азгыруу өнөктүгү жүрүп жатканын жыл башынан бери түрдүү окуу жайлардын жана коллеждердин студенттери, алардын ата-энелери жана коомдук уюмдар билдирип келе жатышат.
2026-жылдын башында Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков ири жогорку окуу жайлардын ректорлоруна студенттердин кеминде 2% Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттүү экенин кабарлаганын Faridaily долбоору жазган.
"Гроза" студенттерди орус армиясы менен келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн үгүт иштери дээрлик 200дөй окуу жайында жана коллежде жүрүп жатканын эсептеген. Сабагынан жетише албаган студенттерге окуудан чыгарылат деген негиз менен келишим түздүрүү максатында басым жасалып жатканы жана аларга аскерде бир гана жыл кызмат өтөө убада кылынганы кабарланды.
12-майда Би-би-синин орус кызматы Украинага каршы согушка тартылган студенттин мерт кеткени тууралуу алгачкы ачык учур жөнүндө жазды. Маалыматка ылайык, Бурятиянын 23 жаштагы тургуну Валерий Аверин Коргоо министрлиги менен быйыл 3-январда келишим түзгөн, учкучсуз учактарды башкарууну окуган, окуусун аяктагандан эки жумадан кийин, 6-апрелде Луганск облусунда набыт болгон.
Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоору мурдараак Борбор Азия өлкөлөрүнүн 12 666 жараны Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөнүн жана орус армиясынын катарына тартылганын аныктаган.