Украинанын Николаев облусунун прокуратурасы 28 жаштагы Кыргызстандын жаранына карата кылмыш ишин сотко өткөрдү. Ал Украинанын Коргоо министрлигине караштуу Башкы чалгындоо башкармалыгынын офицерин өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда.
Украин бийлигинин маалыматына ылайык, айыпталуучу Кыргызстандын аймагында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан жалданган. Прокуратуранын билдиришинче, ал Украинага келип, Первомайск шаарында жашап турган учурда жашыруун байланыш үчүн бир нече смартфон жана SIM-карта сатып алган.
Кийин ал Киев шаарына барып, кураторунан курал катылган жайдын координаттарын жана бутага алынган офицер тууралуу маалыматтарды алган.
Кыргызстандык жаран 2025-жылдын ноябрь айында кол салуу аракетин ишке ашырууга аракет кылып жаткан учурда кармалган. Украин бийлиги анын жанынан курал, ок-дары жана ФСБдагы кураторлору менен байланышуу үчүн колдонулган смартфон табылганын билдирди.
Ага "буюртма негизинде жана материалдык кызыкчылык үчүн жасалган атайылап адам өлтүрүүгө аракет кылуу, агрессор мамлекетке көмөктөшүү, ошондой эле курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактоо жана колдонуу" беренелери боюнча айып тагылууда.
Учурда ал камакта. Эгер күнөөсү далилденсе, өмүр бою эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланышы мүмкүн.
8-июнда эртең менен НАТОго мүчө Франциянын истребителдери Латвиянын аба мейкиндигинде учкучсуз учакты атып түшүрдү. Бул тууралуу Delfi агенттиги Латвиянын Улуттук куралдуу күчтөрүнө шилтеме берүү менен жазды.
Бул Латвиянын аймагында сырттан кирген дрон атып түшүрүлгөн биринчи окуя. Буга чейин дрондор учуп кирген учурлар болгон, бирок аларды жок кылган окуялар катталган эмес.
Латвия тарап дрон кимге таандык экенин тактаган жок. Ал өлкөгө чыгыш тараптан киргенин маалымдады. Лудза жана Резекне аймактарынын эли аба коркунучу тууралуу "саргыч" эскертүү алышты, мындай учурда жарандарга башкалкалоочу жайларга жашынуу сунушталат.
Ал эми Алуксне жана Балву аймактарында "сары" эскертүүлөр берилип, айгай жарыяланды. Мында ар бир жаранга сак болуу сунуш кылынат. Дрон атып түшүрүлгөндөн кийин көлгө кулап жарылган.
Акыркы апталарда Лудза жана Резекненин тургундары бир нече жолу Латвиянын аймагына кирген орусиялык жана украиналык дрондор тууралуу маалыматтарды алышкан. Балтия мамлекеттеринин аба мейкиндигин кайтарган НАТОнун истребители буга чейин Эстониянын үстүнөн бир дронду атып түшүргөн.
8-июнга оогон түнү дагы бир учкучсуз учак Молдованын аба мейкиндигине кирип жарылды, анын калдыктары эртен менен Лопатна кыштагына жакын жерде табылды.
Молдованын Тышкы иштер министрлиги окуяны кескин айыптап, өлкөнүн улуттук коопсуздугу менен эгемендигине коркунуч катары баалады. Молдова ТИМи Орхей районунда жарылган дрон Украинага таандык болушу ыктымалдыгын билдирди.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига 8-июнга караган түнү Орхей районундагы Лопатна айылынын жанында кулап, жарылган дрон Орусияга таандык экенин айтууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Лондондогу сапарынын алкагында 8-июнда Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен дагы бир жолу өзүнчө жолугушуп, падыша Карл IIIнүн кабыл алуусунда болорун билдирди.
7-июндун ал Британия, Франция жана Германиянын лидерлери менен жолугушкан.
Зеленскийдин айтымында, Кир Стармер, француз президенти Эммануэл Макрон жана немис канцлери Фридрих Мерц менен сүйлөшүүдө Украинадагы тынчтык тууралуу сүйлөшүүлөргө Европанын катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Буга чейин Зеленский бул жараянга "Евроүчилтик" (Франция, Германия, Британия) катышышы ыктымалдыгын айткан, ошол эле кезде башка форматтарды да жокко чыгарган эмес.
Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу биргелешкен билдирүү британ өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды.
Анда Украинанын туруктуу өнөктөшү катары Европа тынчтыкты жөнгө салууда маанилүү ролду ойношу керектиги белгиленген. Мындан тышкары "адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыкка" жетүү үчүн беш шарт аталган.
Алар: Ок атышууларды толук токтотуу, азыркы чектеш линиясын сүйлөшүүлөр үчүн негиз катары кабыл алуу (ошол эле кезде "эл аралык чек араларды күч менен өзгөртүүгө болбойт", тактап айтканда бул Орусия басып алган аймактарды таанууну түшүндүрбөйт). Орусия Украинага согушта келтирилген зыяндын ордун толтурмайынча анын Батыштагы активдеринин камактагы мөөнөтүн узартуу, Европанын коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо.
Президент Владимир Путин башында турган Орусиянын бийлиги келишимге жетишилгенге чейин ок атышууну токтотууну, согуш линиясы боюнча урушту токтото турууну, Украинага Батыш аскерлерин жайгаштырууну четке каккан, камактагы активдерди кайтарууну талап кылган.
Орусиянын армиясы 7-июнга караган түнү Украинага 236 дрон менен сокку урду, анын 215и атып түшүрүлдү.
Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, 13 жерге дрон тийди, тогуз жерге алардын калдыктары түштү.
Запорожьеде бир киши каза таап, 25и жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.
Запорожье шаары жарым-жартылай жарыксыз калды.
"Энергетиктер жарык берүү аракетин көрүүдө", – деп жазды Фёдоров Телеграмга. Бирок кайсы объектиге сокку урулганын тактаган жок.
Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы Запорожье шаарынын четинде орусиялык дрондун соккусунан кичи автобустун айдоочусу каза болгонун, ал каттамдын аялдамасында турганда чабуулга кабылганын кабарлады. Фёдоровдун маалыматына караганда, маршруттук такси Кушугум кыштагында FPV-дрондору менен аткыланган.
Украинанын полициясы өткөн суткада Орусиянын армиясы Сумы облусун аткылоону улантып, натыйжада бир киши набыт болуп, бешөө жараат алганын, 46 калктуу пункт аткылоого кабылганын маалымдады.
Украинанын коргоо министринин жардамчысы Сергей Бескрестновдун билдирүүсүндө, июндун башынан бери Орусия Харьков менен Сумыны туташтырган автожолдорго соккуларды күчөттү.
Дрон чабуулуна Одесса жана Черноморск шаарлары да туш болду. Одесса облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин айтымында, Одессада ээн турак жай өрттөнүп, 41 жаштагы жаран осколкадан жараат алды. Черноморскиде турак жайлар, газ түтүктөрү, храмдын айланасындагы имараттар, эки жүк ташуучу унаага зыян келтирилди.
Херсон облусунда соккулардан 14 киши жараат алды. Бутага жарандык инфраструктура жайлары алынып: сегиз көп кабаттуу үй, 15 жер там, суу чыгаруучу жай, чарбалык курулуштар, мобилдик байланыш мунарасы, айыл чарба техникасы жана автонунаалар кабылды.
Днепропетровдо бир киши каза таап, дагы бири жараат алды. Түндө облустун эки району 20дан ашык жолу дрон жана авиабомбалардын соккусуна туш болду.
Чернобылда дрон эски ядролук отун кампасына сокку урганын "Энергоатом" компаниясы билдирди.
"Контейнерлерди кабыл алуу имараты жарым-жартылай талкаланды (анда ядролук отун болгон эмес). 40 квадрат метр аянттагы өрт ыкчам өчүрүлдү. Жумушчулар арасында жабыркагандар жок", – деп жазылган "Энергоатомдун" маалыматында. Радиациялык кырдаал туруктуу экени кошумчаланды.
Орусия Кара деңизде Украинанын эки издөө-куткаруу кемесине да сокку урганын украин вице-премьери Алексей Кулеба айтты. Анын билдирүүсүндө, жабыркагандар бар, Украинанын Аскердик деңиз күчтөрүнүн кайыктары менен эвакуациялоо аракети көрүлүп жатат.
Украина Орусияны эл аралык укуктун эрежелерин бузганы үчүн айыптады.