Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46
Киев. 2026-жылдын 28-сентябры.
Киев. 2026-жылдын 28-сентябры.

Киев баллистика жана дрон чабуулуна кабылды, бир нече адам жабыркады

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:37 15.6.2026

Орусия Украинанын борбору Киев баштаган бир нече шаарына абадан сокку урууда.

Киевге урулган ракета жана дрондон соккусунан Киев-Печерск лаврасы аталган байыркы чиркөөнүн имараты өрттөнүп жатат. Бул чиркөө украиндердин маданий жана руханий тарыхынын символу саналат. Киевге чабуулдан ондогон адам жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлады.

Өткөн түнү Орусиянын чабуулдарынан түндүк-батыштагы Харьков шаарында кеминде беш куткаруучу набыт болуп, бир нечеси жараат алды. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко кабарлады. Куткаруучулар чабуулга кабылган имараттагы өрттү өчүрүү маалында Орусиянын экинчи соккусуна туш болгон.

16:59 14.6.2026

14-июнга караган түндө украин дрондору Орусиянын бир катар аймактарындагы күйүүчү май жана химиялык инфратүзүмдөрдү бутага алды.

Ярослав облусунда соккудан кийин күйүүчү май сакталган өндүрүш обьектисинде өрт чыкты. ASTRA билдиргендей, бутага Рыбинскидеги "Темп" мунай базасы алынган болушу мүмкүн.

Чабуул учурунда облус губернатору Михаил Евраевдин буйругу менен Москва тарапка кыймыл токтотулду.

Тулада өрт Новомосковск аймагындагы "Азот" химиялык комбинатында чыкканын ASTRA маалымдады. "Азоттогу" өрттү NASA Firms спутник сервиси да каттады.

Орел облусунда дрон чабууланын кийин турак жай комплексинин бир нече кабатында өрт чыкты. Бир киши мерт болуп, сегиз адам жаракат алды. Облус губернатору Андрей Клычков 14-июнга караган түн "тынч болбогонун" жазды. Чабуулдун кесепеттери тууралуу маалымат берилген жок.

Смоленскиде дрон сыныгы жер үйгө түшүп, жергиликтүү жаран жабыркап, ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкөдөгү 14 аймакта, аннексияланган Крымда жана Азов деңизинде 249 украин дрондору жок кылынганын маалымдады.

Украин армиясынын соккуларынан кийин Татарстандагы бир катар май куюучу бекеттерде күйүүчү май сатууга чектөө киргизилгени маалым болду. Чектөөлөр украин дрондору 12-июнда "Татмунай" компаниясынын ТАНЕКО мунай иштетүүчү заводуна сокку ургандан кийин киргизилди.

Күйүүчү май таңкыстыгы жана сатуудагы чектөөлөр тууралуу Москва жана Подмосковьенин тургундары да билдиришүүдө. Күбөлөрдүн маалымдашынча, "Татмунайдын" май куюучу бекеттеринде бензин 20 литрден, дизелдик күйүүчү май 40 литрден гана сатылууда. Башка компанияларга таандык айрым май бекеттерде күйүүчү май сатуу убактылуу токтотулганы кабарланды.

16:54 14.6.2026

14-июнга караган түндө Орусия аскерлери Украинага жалпы 98 учкучсуз учак менен сокку урганын, 91и жок кылынганын украин Куралдуу күчтөрү маалымдады. Алты жерге жети дрон тийгени жана төрт жерге дрон сыныктары түшкөнү катталды.

Орусия аскерлеринин Сумы облусуна урган соккусунан эки адам мерт кетип, төрт адам жаракат алганын Украинанын Улуттук полициясы билдирди.

"Белополь районунда соккунун натыйжасында 64 жаштагы аял мерт болду, 51 жана 66 жаштагы эки эркек киши жаракат алды. Середино-Буд районунда дрон жер үйгө тийип, 57 жаштагы аял мерт кетти", - деп жазылган билдирүүдө.

Днепрге соккудан жети адам жаракат алды, үчөө ооруканага жаткырылды. Чабуул жеңил өнөр жай ишканаларына жасалганын Днепропетров облустук аскер администрация башчысы Александр Ганжа маалымдады.

Акыркы суткада Запорож облусуна жасалган орусиялык соккудан бир адам мерт болуп, үч киши жаракат алганын облус башчысы Иван Федоров билдирди. Анын сөзү боюнча жалпысынан аймактагы 41 конушка 830 сокку урулган.

Донецк облусунун Славян аймагында орусиялык дрон жүк ташуучу унаага тийип, айдоочу жаракат алганын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Херсондо орусия чабуулунан беш адам жаракат алган. Облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, орусиялык аскерлер коомдук тамактануучу жайдын имаратын, автосалонду, кампаларды кыйратып, айыл чарба техникасын керектен чыгарган.

16:01 12.6.2026

Орус аскерлери 12-июнга караган түнү Украинага 117 учкучсуз аппарат учурушту, алардын 102син украин аскерлери атып түшүрүштү. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди.

Сумы облусунда Шостинский аймагында бутага жарандык инфраструктура объектиси алынып, 44 жаштагы аял каза болду. Дагы бир аял, облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоровдун айтымында, оор жаракат алды. Мындан тышкары, үч кабаттуу имарат зыянга учурады.

Конотоп шаарында 40 жаштагы аял каза тапты, дагы төрт адам жаракат алды. Сумы шаарында көп кабаттуу турак үйдүн чатыры, үч батир күйгөнүн Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын (ӨКМ) облустук башкармалыгынын өкүлү Олег Стрелка билдирди.

Николаев шаарында үч адам жараат алды. ӨКМдин маалыматы боюнча, алар Орусиянын соккусунан жабыркаган үйдөн чыгарылды. Окуя болгон жерде ири өрт чыгып, сыныктардын түшүшүнөн жана жарылуу толкунунан эки унаа жана 14 жеке үй зыянга учурады. Транспорт ишканасына урулган соккудан дагы бир адам жабыркады.

Орус аскерлери Киев облусунун Борисполь районундагы инфраструктуралык объектке да сокку урушту. 2000 чарчы метр аянтта өрт чыкты.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG