Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57
Орус армиясынын жоокерлери
Орус армиясынын жоокерлери

Түз ободо Украина: Орусиянын 15 генералы согушта набыт болду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

12:13 15.6.2026

АКШнын президенти Дональд Трамп Кремлдин лидери Владимир Путин менен согушту токтотууну сүйлөшкөндөн көп узабай Орусия Украинанын ар кайсы аймактарына сокку уруп, андан кеминде тогуз адам каза болду.

Соккулардын бири ЮНЕСКОнун коргоосундагы чиркөөгө да тийди. Акыркы маалыматтарга таянсак, бул соккудан 13 адам жараат алды.

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматында Орусия түндө Украинага карай 70 ракета жана 611 дрон учурган. Алар негизинен борбор калаа Киев, Харьков жана Днепрди бутага алышты.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименконун айтымында, Орусиянын соккуларынан кийин Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьковдо беш куткаруучу каза таап, кеминде бешөө жаракат алды.

"Харьковдо Орусиянын тынымсыз соккуларынан улам чыккан өрттү өчүрүп жатканда Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын беш куткаруучусу каза болду. Дагы кеминде бешөө жараат алды", - деп жазды Клименко Телеграм баракчасына.

Бийлик өкүлдөрү Орусия абадан сокку урганда чыккан өрттөн Харьковдогу сүрөт музейинин имаратындагы алты адам, анын ичинде бир ымыркай жараат алганын билдиришти.

"Аянты 1200 чарчы метрлик көркөм сүрөт музейинин имаратында өрт чыкты. Аны толук өчүрүү иштери улантылып жатат", - деп билдиришти Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү.

Борбор калаа Киевде мэр Виталий Кличко түндөгү "ири масштабдуу" чабуулдун натыйжасында шаардын дээрлик бардык райондору кыйрап жана өрт чыкканын билдирди. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, бул чабуулдан төрт адам каза болуп, кеминде дагы 23 адам жараат алган.

"Тарыхый мураска ырайымсыз кол салуу"

Өрттөнгөн имараттар арасында Киев-Печерск Лавр тарыхый собору да бар. Чиркөө ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Соккудан кеминде 13 адам жараат алган.
"Элибизге жана маданий мурасыбызга ырайымсыз кол салуу. Бул - Орусиянын православ баалуулуктарына болгон мамилеси", - деп жазды Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко X социалдык тармагында.

"Франс пресс" агенттигинин кабарчысынын айтымында, чиркөөнүн аймагында ондон ашуун өрт өчүрүүчү автоунаа турган. Өрт өчүргүчтөр жалынды имараттын ичинен да, сырттагы көтөргүч платформалар аркылуу да өчүрүүгө аракет кылган.

Миң жылдык тарых жана согуш. Жалын чулгаган Киев-Печерск Лавры

Киевдин тургундары 15-июнда ойгонгондо үч уктаса түшкө кирбеген окуяга күбө болушту. Орусиянын армиясынын Украинага тынымсыз дрон жана ракета чабуулунун айынан айтылуу диний монумент саналган чиркөөдө өрт чыкты. Бул Киев-Печерск Лаврынын миң жылдык оош-кыйыштуу тарыхындагы оор кыйроолордун бири.

1/12 Киевдин тургундары 15-июнда ойгонгондо үч уктаса түшкө кирбеген окуяга күбө болушту. Орусиянын армиясынын Украинага тынымсыз дрон жана ракета чабуулунун айынан айтылуу диний монумент саналган чиркөөдө өрт чыкты. Бул Киев-Печерск Лаврынын миң жылдык оош-кыйыштуу тарыхындагы оор кыйроолордун бири.

15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
Киев-Печерск Лаврынын 1651-жылы тартылган сүрөтү. Лавр чиркөөнүн өзгөчө түрү саналып, анын курамына кечилдердин (эрмиттердин) үңкүрлөрү же чакан турак жайлары кирет. Ал эми Печерск деген сөз "үңкүрлөргө таандык" деген маанини билдирет. Бул чиркөө комплекси XI кылымда Днепр дарыясынын боюндагы бийик дөңсөөдө пайда болгон. 1096–1416-жылдар аралыгында Лавр бир нече жолу таланып-тонолуп, өрттөлгөн. Ага адегенде кыпчактар, кийинчерээк монголдор жана Алтын Ордонун аскерлери чабуул коюшкан.

2/12 Киев-Печерск Лаврынын 1651-жылы тартылган сүрөтү. Лавр чиркөөнүн өзгөчө түрү саналып, анын курамына кечилдердин (эрмиттердин) үңкүрлөрү же чакан турак жайлары кирет. Ал эми Печерск деген сөз "үңкүрлөргө таандык" деген маанини билдирет. Бул чиркөө комплекси XI кылымда Днепр дарыясынын боюндагы бийик дөңсөөдө пайда болгон. 1096–1416-жылдар аралыгында Лавр бир нече жолу таланып-тонолуп, өрттөлгөн. Ага адегенде кыпчактар, кийинчерээк монголдор жана Алтын Ордонун аскерлери чабуул коюшкан.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
1902-жылы Киев Орус империясынын борбору болуп турганда тартылган сүрөт. Чиркөө комплекси проваслав христиандарынын ыйыктарынын мумияга айланган сөөктөрү сакталган кабырлардан турат. Бул жерде "Киев Русунун жылнаамасынын повестин" жазганы айтылган Нестор Летописцтин дагы сөөгү жашырылган.

3/12 1902-жылы Киев Орус империясынын борбору болуп турганда тартылган сүрөт. Чиркөө комплекси проваслав христиандарынын ыйыктарынын мумияга айланган сөөктөрү сакталган кабырлардан турат. Бул жерде "Киев Русунун жылнаамасынын повестин" жазганы айтылган Нестор Летописцтин дагы сөөгү жашырылган.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
1918-жылы тартылган чиркөө комплексинин астанасы. 1918-жылдын башында большевиктерди колдогон куралдуу топтор Орусиянын православ чиркөөсүнүн митрополитин Лаврдын дубалынын жанында атып өлтүрүшкөн. Совет бийлиги Украинаны көзөмөлгө алгандан кийин чиркөөнүн баалуу буюмдары мамлекет тарабынан конфискацияланып, чиркөө комплекси музейге айландырылган.
4/12 1918-жылы тартылган чиркөө комплексинин астанасы. 1918-жылдын башында большевиктерди колдогон куралдуу топтор Орусиянын православ чиркөөсүнүн митрополитин Лаврдын дубалынын жанында атып өлтүрүшкөн. Совет бийлиги Украинаны көзөмөлгө алгандан кийин чиркөөнүн баалуу буюмдары мамлекет тарабынан конфискацияланып, чиркөө комплекси музейге айландырылган.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
Киев-Печерск Лаврынын коңгуроо каккан жеринде турган немис аскери. Сүрөт 1941-жылы Киевди нацисттер басып алганда тартылган. Бул сүрөт тартылгандан көп узабай Лаврдын Успен чиркөөсү Кызыл армия койгон миналардан кыйрап, урандыга айланган.

5/12 Киев-Печерск Лаврынын коңгуроо каккан жеринде турган немис аскери. Сүрөт 1941-жылы Киевди нацисттер басып алганда тартылган. Бул сүрөт тартылгандан көп узабай Лаврдын Успен чиркөөсү Кызыл армия койгон миналардан кыйрап, урандыга айланган.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
Успен чиркөөсү 1941-жылы ноябрда кыйрагандан кийин.
Сүрөт 1942-жылы Киев нацисттер басып турган тушта тартылган. Кызыл армия шаарды 1943-жылы кайтарып алган.

6/12 Успен чиркөөсү 1941-жылы ноябрда кыйрагандан кийин.
Сүрөт 1942-жылы Киев нацисттер басып турган тушта тартылган. Кызыл армия шаарды 1943-жылы кайтарып алган.

15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
1977-жылы тартылган сүрөт. Андан чиркөөнүн Экинчи дүйнөлүк согушту көргөн ашканасы. Талкаланган Успен чиркөөсү (сүрөттө сол жакта) Советтер Союзундагы согуштан кийин кайра калыбына келбеген имараттардын бири болуп кала берген.

7/12 1977-жылы тартылган сүрөт. Андан чиркөөнүн Экинчи дүйнөлүк согушту көргөн ашканасы. Талкаланган Успен чиркөөсү (сүрөттө сол жакта) Советтер Союзундагы согуштан кийин кайра калыбына келбеген имараттардын бири болуп кала берген.

15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
Украина 1991-жылы Советтер Союзунун курамынан чыгып, көз карандысыздык алгандан кийин гана Успен чиркөөсү 2000-жылы Эгемендик күнүнө карата оңдолгон. Сүрөт 2013-жылы тартылган.

8/12 Украина 1991-жылы Советтер Союзунун курамынан чыгып, көз карандысыздык алгандан кийин гана Успен чиркөөсү 2000-жылы Эгемендик күнүнө карата оңдолгон. Сүрөт 2013-жылы тартылган.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
Киев-Печерск Лаврынын ашканасынын шыбынан кирген күндүн нуру. Чиркөө Украин православ чиркөөсүнүн Москва бөлүмүнүн башкаруусунда болгон. Чиркөө орус православ патриархы менен байланышты 2022-жылы үзүп, Украинага толук масштабдуу кол салууну айыптаган. Ага карабай Киев бийлиги чиркөөнү Орусия менен байланышта деп айыптап келет.

9/12 Киев-Печерск Лаврынын ашканасынын шыбынан кирген күндүн нуру. Чиркөө Украин православ чиркөөсүнүн Москва бөлүмүнүн башкаруусунда болгон. Чиркөө орус православ патриархы менен байланышты 2022-жылы үзүп, Украинага толук масштабдуу кол салууну айыптаган. Ага карабай Киев бийлиги чиркөөнү Орусия менен байланышта деп айыптап келет.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
2013-жылы Киев-Печерск Лаврынын жанынан өтүп бараткан украин жоокерлери. 2022-жылы ноябрда чиркөөнүн аймагында "Орусия Эне ойгонууда" деп орусча патриоттук ырды созуп жаткан адамдардын видеосу тарап кеткен.

10/12 2013-жылы Киев-Печерск Лаврынын жанынан өтүп бараткан украин жоокерлери. 2022-жылы ноябрда чиркөөнүн аймагында "Орусия Эне ойгонууда" деп орусча патриоттук ырды созуп жаткан адамдардын видеосу тарап кеткен.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
2023-жылы март айында Украинанын Маданият министрлиги Украин провослав борборунун ижара келишимин жокко чыгарган. Бирок диний ишмерлер чиркөөнү бошотуу талабын тоготкон эмес. 2026-жылы июнда Лаврда ондогон диниятчылар жана кечилдер болгону айтылууда.

11/12 2023-жылы март айында Украинанын Маданият министрлиги Украин провослав борборунун ижара келишимин жокко чыгарган. Бирок диний ишмерлер чиркөөнү бошотуу талабын тоготкон эмес. 2026-жылы июнда Лаврда ондогон диниятчылар жана кечилдер болгону айтылууда.

15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
Успен чиркөөсүнүн талкаланган бурчу. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөргө караганда, 15-июнда түнкү дрон жана ракета чабуулдары учурунда өрт чыгып, чиркөөнүн чатыры күйгөн. Имараттын ички бөлүгү салыштырмалуу азыраак зыян тарткандай көрүнөт. Владимир Зеленский Орусиянын дрондору чиркөө жайгашкан аймакты атайылап бутага алганын билдирген. Лаврдын өкүлдөрүнүн бири, архимандрит Авраамий соккуну "душмандын огу как жүрөккө тийгендей болду" деп сүрөттөдү. Ал эми Орусия чиркөөнү бутага алганын четке кагып, тарыхый имарат Украинанын абадан коргонуу системасынын аракеттеринен улам зыян тартканын айтууда. Бирок бул дооматты тастыктаган далилдерди көрсөткөн эмес. Согуштун жүрүшүндө Орусиянын дрондук жана ракеталык чабуулдары турак жайларга, жарандык объектилерге жана маданий мурас жайларына тийип, ири кыйроолорго жана адам өмүрүнүн кыйылышына алып келген.
12/12 Успен чиркөөсүнүн талкаланган бурчу. Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөргө караганда, 15-июнда түнкү дрон жана ракета чабуулдары учурунда өрт чыгып, чиркөөнүн чатыры күйгөн. Имараттын ички бөлүгү салыштырмалуу азыраак зыян тарткандай көрүнөт. Владимир Зеленский Орусиянын дрондору чиркөө жайгашкан аймакты атайылап бутага алганын билдирген. Лаврдын өкүлдөрүнүн бири, архимандрит Авраамий соккуну "душмандын огу как жүрөккө тийгендей болду" деп сүрөттөдү. Ал эми Орусия чиркөөнү бутага алганын четке кагып, тарыхый имарат Украинанын абадан коргонуу системасынын аракеттеринен улам зыян тартканын айтууда. Бирок бул дооматты тастыктаган далилдерди көрсөткөн эмес. Согуштун жүрүшүндө Орусиянын дрондук жана ракеталык чабуулдары турак жайларга, жарандык объектилерге жана маданий мурас жайларына тийип, ири кыйроолорго жана адам өмүрүнүн кыйылышына алып келген.
15-июндагы Орусиянын Украинага каршы чабуулунан Киевдеги миңдеген жылдык тарыхы бар Киев-Печерск Лаврасы кыйрады. Лавра - Украинанын борборундагы эң белгилүү жана ыйык диний эстеликтердин бири.
Артка
Алдыга

Украина жооп кайтарды

Ошол эле маалда Киев дагы соңку чабуулдарын күчөтүп, Орусиянын өнөр жай жана энергетикалык инфраструктура объектилерин бутага алууда. Мунун максаты - Кремлдин Украинага каршы согушту каржылоого пайдаланган киреше агымын үзгүлтүккө учуратуу.
Облустун губернатору Дмитрий Миляев Телеграм баракчасында билдиргендей, Москванын түштүгүнөн болжол менен 200 чакырым алыс Тула шаарында украиналык дрондордун чабуулунан үч адам каза болуп, дагы үчөө жараат алган.

Бийликтер кайсы объектилер бутага алынганын ырастай элек. Бирок Тула облусунда бир нече ири өнөр жай ишканалары жайгашкан. Алар 2022-жылдын февралында Орусия Украинага толук масштабдуу басып киргенден бери Украинанын бутасына көп алынууда.
15-июнда таң эрте Украинанын Херсон облусунун Орусия басып алынган бөлүктөрүндө эки көпүрө бузулуп, кыймыл убактылуу токтотулганын билдиришти.

Окуя тууралуу маалыматтар аз болгондуктан, бул билдирүүлөрдү көз карандысыз булактар аркылуу дароо текшерүү мүмкүн болбоду.

Трамп Путин жана Зеленский менен сүйлөштү

14-июнда Дональд Трамп Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы жаңжалды токтотуу өтө маанилүү экенин жана тынчтыкка жетишүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Бул тууралуу Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков маалымдады.
"Украинадагы жаңжал боюнча Дональд Трамп дагы бир жолу согуш аракеттерин токтотуу өтө маанилүү экенин баса белгиледи", - деди Ушаков журналисттерге 55 мүнөткө созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу.

Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский менен дагы сүйлөштү. Зеленскийдин айтымында, алар 15-июнда Францияда башталган "Чоң жетинин" саммитинин алдында согушту токтотуу аракеттерин талкуулашкан.

Зеленский Телеграм баракчасына Трампты 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, Украинадагы согуш учурунда Вашингтонго көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиргенин айтты.

"Мен президент Трампка ийгилик кааладым, эң биринчи кезекте анын Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча аракеттеринде ийгилик кааладым" - деди Владимир Зеленский.

09:37 15.6.2026

Орусия Украинанын борбору Киев баштаган бир нече шаарына абадан сокку урууда.

Киевге урулган ракета жана дрондон соккусунан Киев-Печерск лаврасы аталган байыркы чиркөөнүн имараты өрттөнүп жатат. Бул чиркөө украиндердин маданий жана руханий тарыхынын символу саналат. Киевге чабуулдан ондогон адам жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлады.

Өткөн түнү Орусиянын чабуулдарынан түндүк-батыштагы Харьков шаарында кеминде беш куткаруучу набыт болуп, бир нечеси жараат алды. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко кабарлады. Куткаруучулар чабуулга кабылган имараттагы өрттү өчүрүү маалында Орусиянын экинчи соккусуна туш болгон.

16:59 14.6.2026

14-июнга караган түндө украин дрондору Орусиянын бир катар аймактарындагы күйүүчү май жана химиялык инфратүзүмдөрдү бутага алды.

Ярослав облусунда соккудан кийин күйүүчү май сакталган өндүрүш обьектисинде өрт чыкты. ASTRA билдиргендей, бутага Рыбинскидеги "Темп" мунай базасы алынган болушу мүмкүн.

Чабуул учурунда облус губернатору Михаил Евраевдин буйругу менен Москва тарапка кыймыл токтотулду.

Тулада өрт Новомосковск аймагындагы "Азот" химиялык комбинатында чыкканын ASTRA маалымдады. "Азоттогу" өрттү NASA Firms спутник сервиси да каттады.

Орел облусунда дрон чабууланын кийин турак жай комплексинин бир нече кабатында өрт чыкты. Бир киши мерт болуп, сегиз адам жаракат алды. Облус губернатору Андрей Клычков 14-июнга караган түн "тынч болбогонун" жазды. Чабуулдун кесепеттери тууралуу маалымат берилген жок.

Смоленскиде дрон сыныгы жер үйгө түшүп, жергиликтүү жаран жабыркап, ооруканага жеткирилгени кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкөдөгү 14 аймакта, аннексияланган Крымда жана Азов деңизинде 249 украин дрондору жок кылынганын маалымдады.

Украин армиясынын соккуларынан кийин Татарстандагы бир катар май куюучу бекеттерде күйүүчү май сатууга чектөө киргизилгени маалым болду. Чектөөлөр украин дрондору 12-июнда "Татмунай" компаниясынын ТАНЕКО мунай иштетүүчү заводуна сокку ургандан кийин киргизилди.

Күйүүчү май таңкыстыгы жана сатуудагы чектөөлөр тууралуу Москва жана Подмосковьенин тургундары да билдиришүүдө. Күбөлөрдүн маалымдашынча, "Татмунайдын" май куюучу бекеттеринде бензин 20 литрден, дизелдик күйүүчү май 40 литрден гана сатылууда. Башка компанияларга таандык айрым май бекеттерде күйүүчү май сатуу убактылуу токтотулганы кабарланды.

16:54 14.6.2026

14-июнга караган түндө Орусия аскерлери Украинага жалпы 98 учкучсуз учак менен сокку урганын, 91и жок кылынганын украин Куралдуу күчтөрү маалымдады. Алты жерге жети дрон тийгени жана төрт жерге дрон сыныктары түшкөнү катталды.

Орусия аскерлеринин Сумы облусуна урган соккусунан эки адам мерт кетип, төрт адам жаракат алганын Украинанын Улуттук полициясы билдирди.

"Белополь районунда соккунун натыйжасында 64 жаштагы аял мерт болду, 51 жана 66 жаштагы эки эркек киши жаракат алды. Середино-Буд районунда дрон жер үйгө тийип, 57 жаштагы аял мерт кетти", - деп жазылган билдирүүдө.

Днепрге соккудан жети адам жаракат алды, үчөө ооруканага жаткырылды. Чабуул жеңил өнөр жай ишканаларына жасалганын Днепропетров облустук аскер администрация башчысы Александр Ганжа маалымдады.

Акыркы суткада Запорож облусуна жасалган орусиялык соккудан бир адам мерт болуп, үч киши жаракат алганын облус башчысы Иван Федоров билдирди. Анын сөзү боюнча жалпысынан аймактагы 41 конушка 830 сокку урулган.

Донецк облусунун Славян аймагында орусиялык дрон жүк ташуучу унаага тийип, айдоочу жаракат алганын Чукул кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Херсондо орусия чабуулунан беш адам жаракат алган. Облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, орусиялык аскерлер коомдук тамактануучу жайдын имаратын, автосалонду, кампаларды кыйратып, айыл чарба техникасын керектен чыгарган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG