18-июнга караган түнү Орусиянын бир катар аймактарына, анын ичинде Москвага, Москва облусуна жана Ростов облусуна жүздөгөн дрон менен чабуул коюлду.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдиргендей, абадан коргонуу күчтөрү борборго багытталган 194 дронду атып түшүргөн. Анткен менен алардын айрымдары Москвадагы Капотня районунда жайгашкан мунай иштетүүчү заводго тийген.
ТАСС агенттигинин эсептөөлөрүнө ылайык, Москвага коюлган бул чабуул акыркы эки жылдагы эң ири чабуул болуп калды.
Заводго сокку урулганы тууралуу Telegram-каналдар кабарлап, социалдык тармактарда өрт чыкканын көрсөткөн видеолор тарады. Astra басылмасы ишканада кеминде беш жерде өрт чыкканын жазды.
Бул завод май айынын башынан бери украиналык күчтөрдүн чабуулунан улам экинчи жолу ишин токтоткону белгиленди.
Чабуулдан кийин Внуково, Шереметьево, Жуковский жана Домодедово аэропортторунун иши убактылуу токтоп турду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Москвага жасалган чабуулдардын кесепеттерин көрсөткөн видеону жарыялады.
Ал бул чабуулдарды Орусиянын Украинага жасаган соккуларына берилген «адилеттүү жооп» деп атады.
Зеленский ошондой эле Батыштагы өнөктөштөрү украин армиясынын алыскы аралыкка сокку уруучу мүмкүнчүлүктөрүнүн натыйжалуулугуна баа бергенин белгиледи.
Украин президенти Орусияны согушту токтотууга чакырып, жаңжалдын уланышы эки тарап үчүн тең оор кесепеттерди жаратып жатканын айтты.
Москва облусунун губернатору Андрей Воробьевдин маалыматына караганда, Жуковский шаарында дрон көп кабаттуу турак жайга тийген.
Орусиянын Коргоо министрлиги бир сутка ичинде жалпысынан 555 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орус армиясы 2022-жылдын февралынан бери дээрлик күн сайын Украинанын аймактарына абадан чабуул коет.
Дрондордун массалык чабуулунан кийин Москва мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкты
Москванын мэри Сергей Собянин Москвага учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) чабуул койгонун билдирди. Анын айтымында, Москва мунай иштетүүчү заводунун аймагындагы бир объект бүлгүнгө учураган. Кайсы объект экени белгисиз, алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.
Москвадагы Капотня районунда жайгашкан мунай иштетүүчү заводдо чыккан өрттү көрсөткөн көптөгөн видеолор украиналык мониторинг жүргүзгөн Telegram-каналдарында жарыяланды.
Заводго дрон тийген учур видеого түшүп калган
Москванын мэри Сергей Собянин билдиргендей, өткөн түнү Москвага жакындап келген украиналык 60 дрон атып түшүрүлгөн. Коопсуздук чараларына байланыштуу Москванын аэропортторунун иши убактылуу токтотулган.
Краснодар крайынын ыкчам штабы маалымдагандай, Полтавская аймагындагы мунай базасында өрт чыккан. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Буга чейин Москвага 17-майга караган түнү дагы дрондор чабуул койгон. Анда дрон мунай иштетүүчү заводдун кире беришине жакын жерде жарылып, 12 адам жараат алган. Заводдун өзүндө өрт чыкканы тууралуу маалымат жок.
16-июнга караган түнү Украинанын Киев шаары Орусиянын жапырт чабуулуна кабылган. Анын кесепетинен беш адам каза тапкан. Киев-Печерск Лаврынын Успен чиркөөсүнүн чатыры күйүп, Довженко атындагы киностудиянын аймагын өрт чалган.
Акыркы бир суткада Орусиянын аскерлери Украинанын Сумы облусунун аймагындагы 22 калктуу конушту 30дан ашык жолу аткылаган.
Эки жайкын тургун каза болду. Ошондой эле жеке турак үйлөр, автоунаалар жана жарандык инфраструктура объектилери талкаланып, зыян тартты.
Бул тууралуу Сумы облустук аскердик администрациясы маалымдады.
Иркутск облусунда Украинага каршы согушта колдонулуп келген Ту-22М3 стратегиялык бомбалоочу учагы кыйрады
Иркутск облусунда Орусиянын Ту-22М3 аскердик учагы кырсыкка учураганын Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык "пландуу окуу-машыгуу учуусунан кийин конууга жакындап жатканда" болгон.
Буга чейин социалдык тармактарда учактын кулап түшкөнү тартылган видео тараган. Анда учак жерге кулагандан кийин жарылуу болуп, өрт чыкканын көрүүгө болот.
Коргоо министрлигинин маалыматында, экипаж катапульта аркылуу чыгып кетүүгө жетишкен, учкучтардын өмүрүнө коркунуч туулган жок. Жердеги объектилер да жабыркаган эмес.
ASTRA басылмасы жергиликтүү тургунга таянып жазгандай, учак Свирск шаарынын жанында, Иркутскинин түндүк-батыш тарабындагы Каменка айылынын аймагына, Ангара дарыясынын боюна кулаган. Видеодо да ошол дарыя көрүнүп турат.
Ту-22М3 — алыс аралыкка уча алган, үндөн ылдам ракета ташуучу бомбалоочу учак. Орусиянын Аскер-аба күчтөрүндө 50дөн ашыгы бары айтылып келет, алардын болжол менен 30дайы активдүү пайдаланылат.
Бул типтеги учактар Украинага сокку урууда колдонулуп келет. Алардын бир нечеси өткөн жылдын июнь айында Украинанын Коопсуздук кызматынын "Паутина" операциясынын жүрүшүндө жок кылынган же зыянга учураган.