Орусиянын Украинага кол салып, согуш баштагандан бери каза болгон аскерлеринин кеминде 227 680инин тек-жайы аныкталганын "Медиазона" басылмасынын жана Би-би-синин орус кызматынын журналисттери ыктыярчылар менен чогуу аныкташты.
Басылма белгилегендей, согуш башталгандан бери 1577 күн өттү жана узактыгынан Улуу Ата Мекендик да, Биринчи дүйнөлүк да согуштардан ашып кетти.
Мерт болгондордун басымдуу бөлүгү - 83 484 адам согушка өз ыктыяры менен баргандар. Ошондой эле 25 662 адам мурда соттолгондор жана 19 149 адам мобилизация аркылуу баргандар. Мындан тышкары журналисттерге орус армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн 7,2 миң офицери мерт болгону маалым.
Курмандыктардын көптүгү жагынан алдыда Башкырстан менен Татарстан турат. Өлгөндөрдүн арасында 15 генерал бар: бешөө генерал-лейтенант, жетөө генерал-майор, экөө отставкага чыккандар, дагы бири Украинадан Орусияга качып өткөн.
Набыт болгондордун арасында офицерлер азыраак: согуш башталганда алар жоготуулардын 10% түзсө, 2024-жылдын ноябрында 2-3% түшкөн.
Иликтөөчү журналисттер белгилегендей, курмандыктардын чыныгы саны кыйла көп.
Тизме ачык маалыматтардын негизинде: ЖМКлардан, жергиликтүү администрациялардын билдирүүлөрүнөн, маркумдардын жакындарынын соцтармактардагы постторунан жана көрүстөндөрдөгү маалыматтардан чогулат.
ЖМК жана телеграм-каналдарда украин күчтөрү Орусиянын Воронеж шаарына сокку урганы жөнүндө маалыматтар тарады. Алдын ала маалыматта, коргоо күчтөрү үчүн буюртмаларды аткарган "ВЗПП-Микрон" заводуна чабуул жасалган.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев үч адам жараат алганын, ишкананын аймагына да, турак жайларга да зыян келтирилгенин билдирди.
Гусев Аскер-аба күчтөрү Воронеждин үстүндө бараткан ылдам учуучу буталарды жок кылганын айтууда.
Baza басылмасы Storm Shadow ракетасы колдонулганын билдирди, башка булактар бул маалыматты ырастаган жок.
Украин аскерлери чабуул тууралуу маалымат бере элек.
Орусиянын Украинага жасаган соккуларынан жаңы курмандыктар
Сумы облусунун Шостка районунда орусиялык учкучсуз аппараттардын (дрондун) чабуулунан үч адам каза болуп, дагы үчөө жараат алды.
Облустук прокуратуранын маалыматына ылайык, сокку көп балалуу үй-бүлө жашаган үйгө тийген. 13 жаштагы өспүрүмдүн, анын 36 жаштагы атасынын жана 73 жаштагы чоң энесинин өмүрү кыйылды. Ал эми чарчап калган баланын апасы, эжеси жана иниси жараат алган.
Запорожье облусунда соңку бир сутка ичинде Орусиянын армиясы урган аба соккулары жана артиллериялык аткылоолордун айынан үч адам каза таап, дагы 10у жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Иван Федоров билдирди.
Анын айтымында, 42 калктуу конушка сокку урулуп, олуттуу кыйроолор катталган.
Харьковдо соңку бир суткада бир адам каза болуп, жетөө жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди.
Днепропетровск облусу акыркы суткада 20 жолу аткылоого жана учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) чабуулуна кабылды. Натыйжада эки адам жараат алганын облустук аскердик администрациянын жетекчиси Александр Ганжа маалымдады.
Ал эми бүгүн эртең менен Херсондо дрон жарандык автоунаага сокку урду. Коммуналдык ишкананын бир кызматкери жаракат алды.
Москванын мэри Сергей Собянин Украинанын учкучсуз учуучу аппараттары (дрондору) Орусиянын борборуна кайрадан чабуул койгонун билдирди. Акыркы маалымат боюнча, 74 дрон атып түшүрүлгөн же радиоэлектрондук каражаттар менен басылган. Жабыркагандар жана келтирилген чыгымдар тууралуу маалымат берилген жок.
Өткөн түнү Москвадагы жана Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү бир катар аэропорттордун иши убактылуу токтотулган. Орусиянын Коргоо министрлиги 300дөн ашуун дрон зыянсыздандырылганын билдирди.
21-июнда Москванын мэри Сергей Собяниндин «Сергей Собянин. Личный блог» аттуу Telegram-каналында Украинаны колдогон жана орус бийлигин сындаган бир катар билдирүүлөр жарыяланган. Алардын арасында "Москва өрттөнөт", "Украинага даңк!" деген жана президент Владимир Путинди орой сөздөр менен сындаган билдирүүлөр жарыяланган. Каналдын автору, башкача айтканда Собянин өзү, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн дрондору үчүн каражат которгону жана азыр Лондондо жүргөнү тууралуу билдирүү да болгон.