20-июндун кечинде Орусиянын армиясы Полтавага сокку урду
Полтава облустук аскердик администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич тактаган маалыматка ылайык, эки адам каза болду (биринин сөөгү уранды алдынан чыгарылды, дагы бири ооруканада көз жумду), дагы 14 адам жараат алды. Алардын алтоо жашы жете элек бала.
Дякивничтин айтымында, Орусия 20-июнда кечинде Полтавага сокку урган. Ишкананын имараттары жана ага жанаша жайгашкан турак үйлөр жабыркаган. Дякивнич кайсы өнөр жай ишканалары зыян тартканын тактаган жок.
Мунун алдында ал чабуулдан кийин авариялык негизде электр энергиясы өчүрүлгөнүн билдирген.
21-июнга караган түндө украиналык аскерлер дрондор менен аннексияланган Крымдын түштүгүндөгү Керчь шаарына сокку урушту. Мунай базасы өрттөндү. Мониторинг каналдар көптөгөн сүрөт жана видеолорду жарыялашты.
Кавказда дагы порт күйүп жатат.
ASTRA долбоорунун маалыматына караганда, Керчь шаарындагы Керчен соода портунда мунай база өрттөнүп жатат. Ал Крым көпүрөсүнөн бир чакырым аралыкта жайгашкан. Керчте көп кабаттуу үй дагы жабыркады.
Аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов төрт киши мерт болгонун, 28и жараат алганын кабарлады.
Кавказ портундагы өрттү NASA Firms спутник сервиси тартып алган. Порт Крымга баруучу паром өтмөгүн тейлейт. Кийинчерээк Краснодар крайынын ыкчам штабы "Панагия" паромуна кол салуудан бир адам каза болгонун, дагы бири жаракат алганын жарыялады. Чушка кыштагындагы мунай терминалы да өрттөнүп кетти.
Украин аскерлери азырынча сокку туралуу комментарий бере элек. Крымга өзгөчө акыркы убактарда такай чабуул коюлуп жатат, бутага энергетикалык обьекттер, транспорт инфратүзүмдөрү алынууда.
Жарым аралда күйүүчү май танкыс, Севастаполдо сатыкта бензин калбаганы маалым болду.
Ишембиде күндүз Орусиянын армиясынын соккусунан Запорожьеде беш адам мерт болду, дагы он киши жараат алды.
Мурдараак облустук аскердик администрация башчысы Иван Фёдоров соккудан төрт адам мерт болгонун билдирген, кийинчерээк куткаруучулар уранды арасынан бир аялдын сөөгүн табышты. Орусиялык аскерлер шаарга тогуз башкарылуучу авиабомба таштаганы кабарланууда.
Орусиянын чабуулу тууралуу Сумы жана Днепропетровск облустарынын бийликтери да маалымдашты. Башкарылуучу авиабомбалар менен жасалган чабуулдун натыйжасында ишембиде Сумынын четинде бир адам мерт болуп, үч киши жараат алганын облустук администрация башчысы Олег Григоров билдирди. Соккудан кеминде жыйырмадай жер үй жабыркады.
Украина президенти Владимир Зеленский ишембинин кечинде жакынкы убакта Орусия тарапка жапырт сокку болорун эскертти. "Орусиялыктар жаңы жапырт соккуга даярданышты. Эми өзүңөрдү сактагыла", - деп айтты кечки видеокайрылуусунда.
Орусия 20-июнга караган түнү да Украинанын бир катар шаарларына чабуул коюп, бир адамдын өмүрү кыйылган, он чакты адам жаракат алышкан.