Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34
Киевдеги соккулардын кесепети. 11-август, 2026-жыл
Киевдеги соккулардын кесепети. 11-август, 2026-жыл

Орусиянын соккулары алты, Украинанын чабуулдары бир кишинин өмүрүн алды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:08 4.7.2026

Брянскиде дрон чабуулунан бир адам каза болду

Украинанын дрондору Брянск шаарындагы Чайковичи конушундагы турак үйгө сокку урган. Натыйжада бир адам каза таап, дагы эки адам жараат алганын аймактын башчысынын милдетин аткаруучу Егор Ковальчук билдирди.

Анын айтымында, турак үй толугу менен талкаланып, дагы жети үй жана сегиз жарандык автоунаа жабыркаган.

15:07 4.7.2026

Орусия аннексиялап алган Крымда чабуулдан улам бир адам каза таап, дагы экөө жараат алды

Аннексияланган Крымда түнкү чабуулдун натыйжасында бир адам каза таап, дагы эки адам, анын ичинде 10 жаштагы бала жараат алганын Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов билдирди. Анын айтымында, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

15:05 4.7.2026

Украинанын Куралдуу күчтөрү түн ортосунда Украинага 86 дрон менен чабуул койду

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 4-июлга караган түнү Украинага 86 дрон, бир "Искандер-М" баллистикалык ракетасы жана бир Х-59/69 авиациялык ракетасы менен сокку урулган.

Маалыматта айтылгандай, 69 дрон зыянсыздандырылган.

"Эки ракетанын жана 17 сокку уруучу дрондун 16 жерге тийгендиги катталды. Атып түшүрүлгөн буталардын сыныктары беш жерге кулаган", - деп айтылат билдирүүдө.

15:03 4.7.2026

Орусиялык аскерлер Одесса облусундагы жарандык инфраструктурага сокку урду

Одесса облусунун администрациясынын башчысы Олег Кипердин маалыматында, чабуулдун натыйжасында азык-түлүк сакталган кампада өрт чыккан.

Анын айтымында, эки адам 29 жана 41 жаштагы эркектер жабыр тарткан.

"Дарыгерлер алардын биринин абалын орточо оор деп баалашууда, экинчисинин абалы канааттандырарлык", - деп жазды Кипер.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG