Орусиянын Белгород аймагында ракеталык чабуулдан кийин электр энергиясы жана суу берүү үзгүлтүккө учурады
Белгород шаары жана Белгород району Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна кабылганын 4-июлга караган түнү аймактын губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев билдирди.
Анын айтымында, Белгороддо инфраструктуралык объектилер жабыркап, анын кесепетинен электр энергиясы жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган.
Ишемби күнү эртең менен аймактык ыкчам штаб коммуналдык кызматтар ракеталык чабуулдун кесепеттерин жоюу иштерин улантып жатканын маалымдады.
"Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн адистер тармактарды резервдик электр камсыздоо схемаларына кошуп жатат. Ушуга байланыштуу шаардын айрым райондорунда маал-маалы менен электр жарыгы өчүшү мүмкүн", - деп айтылат билдирүүдө.
Ыкчам штаб суу берүү дагы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 389 дронун атып түшүргөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматында дрондор Белгород, Брянск, Владимир, Калуга, Курск, Липецк, Ленинград, Новгород, Орёл, Псков, Ростов, Рязань, Саратов, Смоленск, Тверь жана Тула облустарынын үстүнөн, ошондой эле Краснодар крайында, Москва аймагында, аннексияланган Крымда жана Азов менен Кара деңиздин акваторияларында жок кылынган.
Орусиянын жоготуулары Украинаныкына караганда жогору. Киев басып алынган жерлерин кайра кайтарууда.
Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.
Киевде бүгүн аза күтүп жатышат. Орус армиясынын бейшембиге караган түнү жапырт аткылоосунан каза тапкандардын саны 30 кишиден ашты, жүз чактысы жарадар болду.
Украинанын Чукул кырдаалдар мамлекеттик кызматы жума күнү эртең менен дагы үч кишинин сөөгү алынып чыкканын маалымдады.
Президент Владимир Зеленскийдин айтымында, дагы 10 киши дайынсыз, үч жерде урандылардан тазалоо, тирүү калгандарды издөө иштери уланып жатат. Анын маалыматына ылайык, 100дөн ашуун турак үй зыян тартты.
Кыйраган турак жайлардын жанына катардагы шаардыктар гүл, шам алып келишүүдө.
Жыл башынан бери Киев мындай катуу, оор жоготуулар менен коштолгон чабуулга дуушар болгон эмес.
Москва соккуларды орус аймагын дрондор менен аткылоого кайтарылган жооп деп сыпаттады. Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик жайлар бутага алынганын айтууда.
3-июлга караган түнү Украинанын жер-жерине соккулар урулду.