Орусиялык армиянын аткылоосунан Киевде каза тапкандардын саны 30га жетти.
Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматы билдирди. Издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.
3-июлга караган түнү орусиялык дрондор Сумы облусуна чабуул койгон. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди. Өрт чыгып төрт адам каза болду, арасында эки жаштагы кыз жана анын апасы бар. Үч адам жарадар.
Орус аскерлеринин 2-июлга караган түнү Киев шаарына жапырт соккусунан каза тапкандар 20дан ашты. Жараат алгандар 100гө жакындады. Жарадар болгондордун арасында балдар бар.
Орусиянын аскерлери өткөн түнү Киевге катуу сокку урду. Соңку расмий маалыматка караганда, кеминде 17 кишинин өмүрү кыйылды, ондогону жарадар болду. Жергиликтүү бийлик бардык райондордо кыйроолор болуп, 20дан көп турак жай жарым-жартылай ураганын билдирди. Куткаруучулар аман калгандарды издеп жатышат.
Нижегород облусунда бейшембиге караган түнү дрондордун чабуулунан бир адам каза болуп, төрт киши жаракат алды. Бул тууралуу облус губернатору Глеб Никитин билдирди.
Анын социалдык тармактагы билдирүүсүнө ылайык, түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү аймактан 30 украиналык дронду атып түшүргөн. Алардын сыныктары өнөр жай объектисине жана бир нече турак жайга тийип, зыян келтирген.
ASTRA Телеграм каналынын маалыматына караганда, Кстово шаарындагы "Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводуна чабуул болду. Бул ишкана 2026-жылдын апрель жана май айларында да дрон чабуулуна кабылган.
Украинанын коргоо министринин кеңешчиси Сергей Стерненко украиналык күчтөр Нижегород облусундагы ушул мунай заводуна кайрадан сокку урганын жана анын аймагында өрт чыкканын билдиргенин украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары жазып чыкты.
Стерненконун айтымында, Кстоводогу заводдун кубаттуулугу жылына 17 миллион тонна мунайды түзөт. Ал Орусиядагы кубаттуулугу боюнча төртүнчү мунайды кайра иштетүүчү завод болуп саналат. Орус армиясын бензин менен дизел менен камсыздаган негизги ишканалардын бири.
ASTRA белгилегендей, "Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез" заводу Москва аймагын күйүүчү май менен камсыздоодо орчундуу орунду ээлейт. Ишкана 50дөн ашык түрдөгү продукцияны, анын ичинде автоунаа, авиация жана дизел, мунай битумун, парафин жана башка продукцияларды чыгарат.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде абадан коргонуу күчтөрү 320дан ашык украиналык учкучсуз аппараттарды жок кылганын билдирди. Дрондор Астрахань, Белгород, Брянск, Волгоград, Воронеж, Калуга, Курск, Ленинград, Нижегород, Новгород, Орёл, Псков, Ростов, Саратов, Тамбов жана Тула облустарынын, ошондой эле Москва аймагынын, Краснодар крайынын, аннексияланган Крымдын үстүнөн жана Азов менен Кара деңиздеринин акваторияларында атып түшүрүлгөн.
Белгород облусунун бийлиги бейшемби күнү Малакеево айылындагы жер тамга дрон тийип, бир адам каза болгонун маалымдады. Облустук ыкчам штабдын билдирүүсүндө, каза болгон адамдын жубайы да жаракат алган.
- Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын кол салууларына жооп иретинде стратегиялык мааниге ээ ишканаларга тынымсыз чабуул коюп жатат. Reuters жазгандай, 2026-жылдын июнь айынын ортосунда украиналык дрондордун чабуулдарынын натыйжасында Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү ири заводдор ишин токтотуп, өлкө бензин өндүрүшүнүн болжол менен төрттөн бир бөлүгүн жоготкон.
- Көпчүлүк аймактарда күйүүчү май тартыштыгы байкалып, сатууга чектөөлөр киргизилди.