Санкт-Петербургда украин дрондору мунай терминалына сокку урду
4-июлга караган түнү Санкт-Петербург шаары дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Шаардын губернатору Александр Бегловдун маалыматында, сокку Киров районундагы мунай терминалынын аймагына тийген.
"Техногендик кесепеттер жоюлду. Жабыркагандар жок", - деп жазды Беглов.
Astra басылмасынын маалыматына ылайык, "Петербург мунай терминалынын" аймагында өрт чыккан.
Ленинград облусунда түн ичинде жалпы 72 дрон атып түшүрүлгөнүн аймактын губернатору Александр Дрозденко билдирди. Анын айтымында, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары Высоцк порту жайгашкан аймакка кулаган.
Брянскиде дрон чабуулунан бир адам каза болду
Украинанын дрондору Брянск шаарындагы Чайковичи конушундагы турак үйгө сокку урган. Натыйжада бир адам каза таап, дагы эки адам жараат алганын аймактын башчысынын милдетин аткаруучу Егор Ковальчук билдирди.
Анын айтымында, турак үй толугу менен талкаланып, дагы жети үй жана сегиз жарандык автоунаа жабыркаган.
Орусия аннексиялап алган Крымда чабуулдан улам бир адам каза таап, дагы экөө жараат алды
Аннексияланган Крымда түнкү чабуулдун натыйжасында бир адам каза таап, дагы эки адам, анын ичинде 10 жаштагы бала жараат алганын Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов билдирди. Анын айтымында, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Украинанын Куралдуу күчтөрү түн ортосунда Украинага 86 дрон менен чабуул койду
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 4-июлга караган түнү Украинага 86 дрон, бир "Искандер-М" баллистикалык ракетасы жана бир Х-59/69 авиациялык ракетасы менен сокку урулган.
Маалыматта айтылгандай, 69 дрон зыянсыздандырылган.
"Эки ракетанын жана 17 сокку уруучу дрондун 16 жерге тийгендиги катталды. Атып түшүрүлгөн буталардын сыныктары беш жерге кулаган", - деп айтылат билдирүүдө.