5-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинага ар кандай түрдөгү төрт ракета, 125 дрон менен чабуул койду.
Украинанын Аба күчтөрү дрон үч жерге тийгенин, калдыктары сегиз жерге кулаганын билдирди.
Харьков облусунда дрон соккусунан эки киши каза таап, төртөө жараат алды.
Облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, супермаркет, мебел дүкөнү жана автоунааларга зыян келтирилди.
Запорожье облусунда бир киши набыт болуп, 16сы жараат алды. Запорожье шаарында беш кабаттуу турак жайдын бир бөлүгү талкаланып, 42 үй зыян тартты.
Днепропетров облусунун Павлоград шаарында эки киши жаракат алып, турак жайлар, автоунаа жана ишканаларга зыян келтирилди.
Сумыда орус армиясынын май куюучу жайга соккусунда үч киши жабыркады. Херсон облусунда он киши жараат алды, анын төртөө полиция кызматкери.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасын гана бутага алганын билдирип келет. Бирок Украинанын инфраструктура, социалдык объектилерине сокку урулуп жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп 4-июлда - Америка эгемендигинин 250 жылдыгын белгилеген күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.
Сүйлөшүүдөн кийин Зеленский Трампка Украинаны колдогону үчүн ыраазылык билдирди.
"Биз Америка көз карандысыздыкты коргоодо бизди колдоп жатканын абдан баалайбыз", – деп жазды ал өзүнүн Телеграм каналында.
Зеленскийдин айтымында, тараптар согушту токтотуу маселесин талкуулады.
"Бул согушту токтотуунун реалдуу болочогу бар, мында Американын чечкиндүүлүгү чечүүчү мааниге ээ болот", – деген украин президенти тараптар НАТОнун Анкарадагы саммитинде талкууну улантууну макулдашканын кошумчалады.
Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков болсо телефондон сүйлөшүүдө Путин "тарыхтын жалпы барагына, анын ичинде СССР менен Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы өнөктөштүккө аяр мамиле кылуунун маанисин" белгилегенин билдирди.
Ушаковдун айтымында, тараптар украин-орус согушун да талкуулады. Трамп согуштук аракеттерди тез арада токтотууга көсөктөшүүгө, конфликтти жөнгө салуу жолдорун издөөгө даярдыгын айткан. Путин Орусиянын армиясы чабуулду улантып жатканын билдирген.
Украинанын Башкы штабы Донецк облусундагы Константиновка шаарын орус армиясы алганы тууралуу маалыматтар чындыкка коошпой турганын билдирди.
4-июлда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Андрей Ковалев украин аскерлеринин "Восток" тобу коргонуу операцияларын улантып жатканын айтты.
"Константиновка калктуу пункту Украинанын коргонуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө", - деди Ковалев.
Ошол эле кезде ал орус тарап шаарды алууга аракеттенип жатканын белгиледи.
Украин президенти Владимир Зеленский муну "орустардын кезектеги калпы" деп атады.
4-июлда Орусиянын Башкы штабынын өкүлү Сергей Рудской брифингде орус армиясы Константиновкага толук көзөмөл орнотконун, ал үчүн салгылаштар 2025-жылдын октябрынан бери жүрүп жатканын жарыялаган.
"РБК-Украина" басылмасы украиналык DeepState долбоорунун картасына таянып, Константиновка орус тарапка өтпөгөнүн жазды. Картага ылайык, орусиялык аскерлер аталган калктуу пункттун жанында турат, бирок аны ээлешкен эмес.
Бир күн мурда Орусиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов президент Владимир Путинге майдандагы кырдаал тууралуу маалымат берип жатып, Константиновка алынганын айткан. Путин аскер кызматкерлери менен жолугушууда "Луганск Элдик Республикасы" (ЛЭР) деп атап алышкан аймак "толук бошотулганын" айткан.
- Орусиянын бийлиги Украинадагы тиги же бул калктуу пункттарды басып алышканын буга чейин да бир нече ирет жар салган. Ал маалыматтар иликтөөлөрдө аныкталбаган, украин тарап четке каккан учурлар болгон.
- Украинанын Луганск облусуна (Кремль ЛЭР деп атайт) толук көзөмөл орногонун Москва акыркы жолу быйыл апрелде жарыялаган. Киев муну четке каккан.
Украинанын Башкы штабы орусиялык бийликтердин армия Донецкидеги Константиновка шаарына көзөмөл орноткону тууралуу маалыматын "чындыкка дал келбейт" деп төгүндөдү.
Ишемби күнү Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Андрей Ковалев "Восток" күч түзүмүнүн аскерлери калктуу конуштардын чет жакасында жана ага жакын аймактарда коргонуу операцияларын жүргүзүп жатканын билдирди.
"Константиновка калктуу конушу Украинанын Коргонуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө", - деп белгиледи Ковалёв. Ошол эле учурда ал Орусия шаардын үстүнөн көзөмөл орнотуу аракеттерин токтотпой жатканын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский кабарды "эптеп жаңылык жаратуу үчүн айтылган кезектеги орус калпы" деп сыпаттады.
"Эгер Константиновка азыр Орусиянын көзөмөлүндө болсо, анда Путинге мени менен ошол жерде жолугуп, согушту токтотуу үчүн дипломатиялык чечимдерди табуу кыйын болбошу керек", - деп жазылган Зеленскийдин Tелеграм-каналындагы билдирүүсүндө.
Орусиянын Башкы штабынын Башкы оперативдик башкармалыгынын башчысы Сергей Рудской 4-июлдагы брифингде орус аскерлери 2025-жылдын октябрынан бери салгылашуулар жүрүп жаткан Константиновканы толугу менен карамагына алганын билдирген.
"РБК-Украина" басылмасы DeepState'ттин OSINT-долбоору жарыялаган картасы орус аскерлери калктуу конуштун жанында турганы менен аны толук көзөмөлгө алганы көрүнбөгөнүн жазды.
Бир күн мурда Орусиянын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов фронттогу кырдаал боюнча президент Владимир Путинге отчет берип жатып Константиновка толук алынганын билдирген.