Киевде чабуулдан 20дай киши набыт болду
6-июлдун таңында Киев жана ага жакын аймактар Орусиянын ири ракета жана дрон чабуулуна кабылды. Чабуулдан турак жай имараттары жабыркап, кеминде 20 адам набыт болду. Бул чабуул украин президенти Владимир Зеленский Орусия жакын арада жаңы сокку ура турганын эскерткен соң бир нече сааттан кийин болду.
Күбөлөрдүн айтымында, Киевде таңга маал бир нече катуу жарылуу болуп, абадан эскертүү жаңырды. Өлкөнүн башка шаарларында да абадан ушундай эле эскертүүлөр берилди.
"Душман баллистикалык ракеталар менен сокку урууда", - деп жазды Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Telegram баракчасына. Ал тургундарга баш калкалоочу жайлардан чыкпагыла деп эскертти.
Ошол эле учурда украин армиясы 2022-жылы согуш башталгандан берки Орусиянын ичин карай эң алыскы соккусун ишке ашырды. Чек арадан болжол менен 2500 чакырым алыста жайгашкан Омскидеги эң ири мунай иштетүүчү заводго сокку урганын Киев билдирди.
Киевге чабуулдун курмандыктары 11ге жетти
"Дарыгерлердин маалыматы боюнча, учурда Киевге түн ичинде жасалган душмандын чабуулунун кесепетинен каза болгондордун саны 11ге жетти. Жараат алгандардын бири бүгүн эртең менен ооруканада көз жумду. Жалпысынан 46 адам жабыркады. Алардын 27си ооруканага жаткырылды. Арасында үч бала бар", — деди Киевдин мэри Виталий Кличко.
Анын айтымында, шаардын төрт районунда кыйроолор жана зыян келтирилген объектилер бар. Эң көп жабыркаган район — Подольск. Ошондой эле Дарница районундагы көп кабаттуу турак жайларга да сокку тийген.
Киевге сокку урулуп, жети киши каза тапты
6-июлга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын борбору Киевге кайра сокку урду. Ракеталардын бири шаардын Подольск районундагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, имарат жарым-жартылай талкаланды.
Киевдин мэри Виталий Кличконун соңку маалыматына караганда, жети кишинин өмүрү кыйылып, 24ү түрдүү жараат алды.
Кличконун айтымында, дрон сыныктары тийген 21 кабаттуу имараттын үчүнчү, төртүнчү кабаттары жарым-жартылай бузулду. Голосеев районунда беш кабаттуу үйдө, ээн курулушта, кампа имаратында, ачык аянтта өрт чыкты.
Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко да башкалаанын Дарница районунда чабуулдардын кесепетинен үч жерде көп кабаттуу турак жайларга зыян келтирилгенин кабарлады.
Москва акыркы соккулар тууралуу комментарий бере элек.
Адатта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасын гана бутага алганын билдирип, жарандык жайларга сокку урулганын, миңдеген карапайым кишилердин өлүмүнө себепчи болгонун моюнга албайт. Украинанын инфраструктура, социалдык объектилерине күн сайын чабуул коюлуп, Орусия негизсиз согуш баштаган 2022-жылдын 24-февралынан бери миңдеген кишинин каны төгүлдү, миңдегени майып болуп, жетим-жесир калды, дагы миңдеген киши үй-жайсыз калды.
Өзүнө кол салууга жооп катары Украина маал-маалы менен Орусиянын логистикалык жайларына, армиянын каржы булагы саналган мунай заводдоруна сокку уруп келет. Акыркы апталарда буга байланыштуу Орусиянын өзүндө жана андан мунай экспорттогон мамлекеттерде кара май кризиси пайда болду.
АКШнын президенти Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен 8-июлда НАТОнун Анкарадагы саммитинин алкагында жолугушат.
Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун кабарчысы Алекс Рауфоглу жана Reuters Ак үйдөгү булактарына таянуу менен билдирди.
Америкалык жогорку даражалуу аткаминер аталган агенттикке тараптардын жолугушуусунда согушту токтотуу маселеси талкууланарын айткан.
"Акыркы айларда майдандагы абал өзгөрө элек, тараптардын бири да олуттуу ийгиликке жетише алган жок. Президент бул жаңжалга чекит коюу зарыл экенин билет", – деген ал.
Анын маалыматына караганда, Трамп НАТОдогу өнөктөштөрүн коргонуу чыгымдарды көбөйтүүгө чакырат.
Мындан тышкары саммиттин алкагында Трамптын Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуулары пландалган.
НАТОго мүчө мамлекеттердин 36-саммити 7-8-июлда Түркиянын борбору Анкара шаарында өтөт. Ага альянска мүчө 32 мамлекеттин башчылары катышары күтүлүп жатат. Саммитте Орусиянын Украинага каршы согушу, коргонуу чыгымдары, НАТОнун түштүк флангындагы абал башкы тема катары ортого салынмакчы.
4-июлда АКШнын эгемендигинин 250 жылдыгы белгиленген күнү Путин да, Зеленский да Трампты телефондон куттуктаган.
Украинанын президенти бул сүйлөшүүдө Трамп менен согушту токтотуу маселеси тууралуу да сөз болгонун, талкууну Анкарадагы саммитте улантуу макулдашылганын маалымдаган.