Орусиянын Краснодар крайында мугалимдерди айдоочуларды тынчтандыруу үчүн май куюучу жайларда (АЗС) нөөмөткө турууга мажбурлап жатышат. Мындай көрсөтмөнү Динск райондук администрациясы мектептерге жөнөткөн. Педагогдор эмгек өргүүсүндө болсо да май куюучу жайларга барып, тартипти көзөмөлдөөгө тийиш. Бул үчүн аларга акысыз чай жана кофе берилет.
Социалдык тармактарда бул буйрук катуу нааразычылык жаратты, мугалимдердин өздөрү да нааразы болушууда. «Антиджоб.нет» Telegram каналы мугалимдердин биринин пикирин жарыялады:
«Биз, жаш мугалимдер, салмагыбыз 50 килограммга да жетпейт, бирок май куюучу жайдагы ачууланган адамдарды тынчтандырууга тийиш экенбиз. Акысыз жана милдеттүү түрдө. Антпесе маселе жаралат. Андан көрө жумуштан кетип калыш керек»
«Живая Кубань» басылмасынын кабарчысы Динск райондук администрациясынын Билим берүү башкармалыгына кайрылганда, алар мугалимдердин нөөмөт өтөп жатканын ырастады. Мугалимдер өздөрү эле, негизинен эркектер ыктыярдуу түрдө чыгарын билдирди.
«Эч кимди мажбурлап жаткан жокпуз. Айрыкча аялдарды. Эркектер өздөрү ыктыярчы болуп чыгышат, анткени станциялардагы кырдаал аларга да тиешелүү. Ошондуктан нөөмөттөргө толугу менен ыктыярчылар катышууда. Алардын арасында аялдар жок».
Псков облусунда да бийлик өкүлдөрү «Сургутнефтегаз» компаниясынын май куюучу жайларында нөөмөт өтөө үчүн «ыктыярчыларды» издеп жатышат. Алар айдоочуларга күйүүчү май берүү эрежелерин түшүндүрүп, кезектерди жөнгө салууга жардам бериши керек. Бул үчүн кандай сый акы берилери жарыяда көрсөтүлгөн эмес. Ал эми «Псковнефтепродукт» май куюучу жайларында элдик кошуундун мүчөлөрү нөөмөт өтөшүүдө.
«7x7» аймактык басылмасы билдиргендей, Карелияда, Мордовияда, Орёл, Нижний Новгород, Липецк, Псков, Астрахань жана Киров облустарында унаанын мамлекеттик номуру жуп же так сан менен аяктаганына жараша бензин берүү тартиби киргизилери тууралуу SMS билдирүүлөр таратылууда. Иркутск облусунун бийлиги кезектерди азайтуу үчүн май куюучу жайларга электрондук жазылуу системасын киргизүүнү сунуштады деп жазат «Сибирский экспресс».
Пермь шаарында бензин тартыштыгына байланыштуу митинг өткөрүү боюнча расмий билдирүү берилди.
Мындан башка нааразылык акцияларын уюштуруу аракети тууралуу маалымат жок.
«Новая газета Европа» басылмасы Vox-Harbor долбоору менен биргеликте жүргүзгөн эсептөөгө ылайык, 2026-жылдын 1-майынан бери Telegram тармагында күйүүчү май кризиси тууралуу 6,6 миң пост жана бензин тартыштыгынан жабылган май куюучу жайлар жөнүндө колдонуучулардын 39,7 миң комментарий жарыяланган.
Күйүүчү май кризиси тууралуу алгачкы кабарлар 6, 12 жана 22-май күндөрү Нижний Новгород, Ярославль жана Пермь шаарларындагы мунай иштетүүчү заводдорго чабуулдардан кийин пайда болгон. Бензин тартыштыгы жөнүндө маалыматтар 29-майда көбөйө баштаган. Ошол күнү Крымдын бийлиги АИ-95 бензинин сатууну суткасына 20 литр деп чектеген.
Телеграмдагы эң катуу талкуу 18-июнда, Москвага согуш башталгандан берки эң чоң дрондук чабуул жасалган соң башталган. Ошондон бери бензин жетишсиздиги тууралуу орточо эсеп менен күн сайын 350дөн ашык пост жарыяланып келет.
Колдонуучулардын комментарийлерине караганда, кризис эң катуу Орусия Украинадан оккупациялап алган аймактарда, Москвада жана Москва облусунда, өлкөнүн түштүгүндө сезилүүдө. Талкуулардын саны боюнча алдыңкы орунда аннексияланган Крым турат. Андан кийин Москва, өзүн «Донецк Элдик Республикасы» деп атап алган аймак, Краснодар крайы, Ростов жана Москва облустары турат.
Украинанын орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жана башка мунай инфраструктурасына жасаган соккуларынын фонунда Орусиянын дээрлик бардык аймактарында, аннексияланган Крымда жана оккупацияланган аймактарда күйүүчү май тартыштыгы жана узун кезектер байкалууда.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, учурда Орусиядагы бензин өндүрүшү сезондук суроо-талаптын 65% гана жаап жатат.
Орусиянын аскерлери 11-июлда күндүз Сумы шаарынын Заречный районуна абадан бомба таштады. Акыркы маалыматтар боюнча, кеминде беш адам каза болуп, 30у жараат алды. Каза болгондордун арасында бала бар. Полициянын маалыматында, сокку урулган тушта аялдамада турган 13 жаштагы кыздын өмүрү кыйылган.
Сумы облустук администрациясынын башчысы Олег Григоровдун билдиришинче, аралыктан башкарылуучу эки авиабомба жолду жана коомдук транспорт токтоочу аялдаманы кыйраткан. Ал жерде жай тургундар, автоунаалар жана коомдук транспорт болгон.
Экинчи сокку инфратүзүм объектисине урулган. Григоровдун айтымында, авиабомбалар түшкөн жердин жанындагы көп кабаттуу турак үйлөр да бүлгүнгө учураган.
Орусиянын соккуларынан Украинада жай тургундар күн сайын каза табууда. БУУнун маалыматы боюнча, июнь айында Украинада кеминде 265 жай тургундун өлүмү расмий ырасталган.
Одесса облустук аскердик администрациянын төрагасы Олег Кипер Орусиянын ракеталык соккусунан алдын ала маалыматтар боюнча эки адам каза тапканын билдирди.
Анын айтымында, 24 жаштагы бир адам жараат алган.
Кипер Орусия жарандык инфратүзүмдү бутага алганын жана кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлады.
Бүгүн, 11-июлда саат 11:00 чамасында Украинанын Аба күчтөрү Орусиядан Одессага карай ракета учурулганын эскертишкен.
Облустук аскердик администрациянын маалыматында, Орусиянын аскерлери Одесса облусунун түштүгүндөгү аймактын жарандык инфратүзүмдөрүнө да сокку урган. Анын кесепетинен эмкана, кеминде үч жеке турак үй жана инфратүзүмдүк объекттер бүлгүнгө учураган.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматында, 11-июлга караган түнү орусиялык армия Украинага карай 120 дрон жана 12 ракета учурган. Мындан кийин украин президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүн НАТО саммитиндеги Украинага "Патриот" системасын чыгарууга лицензия берүү убадасын жана биргелешкен европалык антибаллистикалык долбоор боюнча макулдашууларды болушунча тездетүүгө чакырган.
Владимир Зеленский 11-июлга караган түнү орус армиясы Украинага 120 дрон жана 12 ракета учурганын айтты.
"Алардын жарымы баллистикалык ракеталар. Биздин коргоочулар баллистикадан башкасын атып түшүрүүгө үлгүрдү. НАТОнун жыйынында макулдашылган, элибизди коргоого багытталган колдоо пакеттери боюнча убадалардын аткарылышын күтөбүз. "Патриотторго" лицензия алуу жана биргелешкен европалык антибаллистикалык долбоор боюнча макулдашууларды болушунча тездетүү керек", - деп жазды украин президенти Телеграм-каналына.