Орусиянын Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев 13-июлга караган түндөгү дрон чабуулдарынан үч киши каза таап, бешөө жараат алганын билдирди.
Анын айтымында, облустун үстүнөн 81 дрон атып түшүрүлдү.
Истрадагы Пионерский кыштагында үч киши өлүп, бешөө жаракат алды. Беш жер тамда өрт чыкты.
Солнечногорскиде көп кабаттуу үйгө дрон тийип, эки киши жабыркады. Имараттын дубалыны зыян келтирилип, айнектери күбүлдү.
Бабкино кыштагында да жер тамдар зыянга учурады.
Орусиянын Ставропол крайынын бийлиги өнөр жай аймагында өрт чыкканын маалымдады. Азыр ошол жерде өрт өчүрүүчүлөр жана башка чукул кызматтар иштеп жатат.
Ал эми украиналык Exilenova+, Supernova+ мониторинг каналдары Михайловскиде мунай базасы күйүп жатканын жазышты.
Астра басылмасынын маалыматына караганда, Вязники хуторундагы темир жолго жакын орун алган мунай базасы тууралуу сөз болуп жатат.
Бул аталган калктуу пункттагы акыркы аптада бутага алынган экинчи мунай базасы.
Краснодар крайынын ыкчам штабы Темрюк районунда ишканалардын бирин өрт чалганын кабарлады. Учкучсуз аппараттын калдыгы Ильич кыштагында жер тамдын айланасына түшкөн.
Украиналык Телеграм каналдар NASA FIRMS сервисине таянуу менен Азов деңизинин акваториясында катталган өрт тууралуу кабарлап жатышат. Бул Орусиянын "көмүскө флотунун" танкерлерине сокку урулганына далил экенин белгилешүүдө.
Орусиянын Коргоо министрлиги 13-июлга караган түнү Волгоград, Владимир, Белгород, Брянск, Калуга, Курс, Липецк, Орел, Ростов, Рязан, Тула облустарында, Москва облусунда, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда, Адыгей, Азов жана Кара деңиз акваторияларында 342 украиналык дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Орусиянын армиясы 13-июлда Украинанын Одесса шаарындагы транспорт ишканасына сокку урду.
Бул тууралуу шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Анын айтымында, автобустар өрттөнүп, төрт жер тамга зыян келтирилди. Үч киши жабыркап, орто оор абалда ооруканага жеткирилди.
Запорожьеде 12-июлдун түнү Орусиянын чабуулунан алты киши жабыркады, арасында 15 жаштагы өспүрүм да бар экенин облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров маалымдады.
Анын маалыматына караганда, көп кабаттуу 11 турак жайга зыян келтирилди, үйлөрдүн бири олуттуу бузулду. Тиешелүү коммуналдык кызматтар чабуулдун кесепеттери менен күрөшүүдө.
Орусиянын дрондору 12-июлда Кривой Рогдогу өнөр жай ишканасына дрондор менен сокку урду.
Эки киши каза тапканын шаардын Коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул билдирди. Анын маалыматына караганда, аталган ишканадан тышкары калаанын инфраструктурасына зыян келтирилди.
Дрон соккусуна Днепропетров облусунун Никопол району да кабылды, ал жакта 66 жаштагы тургун каза тапканын жергиликтүү бийлик билдирди. Административдик имараттар, жер тамдар, чарбалык курулуштар жана жүк ташуучу автоунаа зыянга учураган. Днепр шаарында тамак-аш өнөр жай ишканасы чабуулга кабылган.
Херсон шаарынын Корабельный районунда соккулардан бир киши каза таап, үчөө жараат алганын калаанын администрация башчысы Ярослав Шанько маалымдады.
Эртең менен орусиялык аскерлер эки жолу Херсондо коомдук транспортту аткылады, дрондор маршруттук такси менен аялдаманы бутага алган. Кеминде беш киши жараат алган.
Харьковдо эки киши, анын ичинде 16 жаштагы кыз жараат алганын облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов маалымдады.
Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Шевченков районунда 20дан ашуун турак жайга зыян келтирилип, Киев районунда гараж кооперативи өрттөнүп кеткенин кабарлады.
Украин тараптын билдирүүсүндө, 12-июлга оогон түнү Орусиянын армиясы 13 ракета, ар кандай түрдөгү 115 учуучу аппарат менен чабуул койгон. Бул түнү орус тарап баллистикалык ракета колдонгон жок. Башкарылуучу эки авиациялык ракета тийген эки учур катталды. 12 жерге 19 дрон тийгенин Украинанын Куралдуу күчтөрү жарыялады.
Украинанын аскер күчтөрү 12-июлга караган түнү Орусиянын Самара облусундагы Сызран шаарында жайгашкан мунай иштетүүчү заводго дрондор менен чабуул койду. Облус губернатору Вячеслав Федорищев өнөр жай ишканасына чабуул болгонун, турак үйлөр зыян тартканын, бир адам каза болгонун билдирди. Анын айтымында, дагы үч адам, анын ичинде бир бала жаракат алган.
ASTRA басылмасы буга чейин мониторинг жүргүзгөн каналдар жарыялаган видеолордун тартылган жерин аныктаган. Алардан көрүнгөндөй, Сызрандагы мунай иштетүүчү заводдун аймагында өрт чыккан.
Сызран заводу — Орусиядагы эң ири мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын бири болуп саналат жана «Роснефть» компаниясынын курамына кирет. Буга чейин украин аскерлери бул ишканага бир нече жолу сокку урган.
Ростов облусунун башчысы Юрий Слюсарь 12-июлга караган түнү украин дрондору Азов деңизиндеги танкерди Азов–Кара деңиз каналына кирип бара жаткан учурда жабыркатканын билдирди. Ал ошондой эле Таганрог шаарына жана облустун бир катар райондоруна сокку урулганын маалымдады. Таганрог шаары катары менен үчүнчү түн чабуулга кабылды.
Буга чейин Украина армиясы акыркы күндөрү Азов деңизинде ондогон орус кемелери бутага алынганын билдирген. Маалыматтарга ылайык, Азов–Кара деңиз каналы кемелердин кыймылы үчүн жабылган.
Украинанын учкучсуз системалар күчтөрүнүн жетекчиси Роберт Бровди бир түндүн ичинде дагы 14 орус кемеси бутага алынганын, ал эми акыркы бир жума ичинде мындай чабуулдардын саны 90го жеткенин жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги бир түндүн ичинде абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 349 учкучсуз учагын жок кылганын билдирди. Бирок канча дрон бутага жеткени же атып түшүрүлбөй калганы тууралуу маалымат берилген жок.