Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45
16-сентябрда Өкүлдөр палатасынын өкүлдөрү Орусия менен Иранга каршы санкциялар камтылган мыйзам долбоорун жактыргандан кийин Капитолийдин сыртында журналисттерге маалымат беришти. Вашингтон, АКШ
16-сентябрда Өкүлдөр палатасынын өкүлдөрү Орусия менен Иранга каршы санкциялар камтылган мыйзам долбоорун жактыргандан кийин Капитолийдин сыртында журналисттерге маалымат беришти. Вашингтон, АКШ

АКШнын Өкүлдөр палатасы Орусияга каршы масштабдуу санкцияларды жактырды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:48 19.7.2026

Орусиянын аскерлери 19-июлга караган түнү Киевге ракеталар менен жапырт чабуул койду. Акыркы маалыматтар боюнча, бир адам каза болуп, 16 адам жаракат алды. Украинанын борборуна бир сааттын ичинде түрдүү типтеги ондогон ракета, негизинен баллистикалык ракеталар атылды. Чабуулдан улам өрт чыгып, жабыркагандар бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, бул согуш башталгандан бери Киевге эң ири чабуулдардын бири болду.

Киев июль айында эле төртүнчү жолу жапырт соккуга кабылды.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Киевдин беш району - Соломенка, Шевченко, Святошинск, Деснянск жана Днепр райондору аткылоого кабылган.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко чабуулдун кесепеттери тууралуу маалымат берди. Соломенка районунда беш кабаттуу үйдө жана ээн имаратта өрт чыккан. Ошол эле райондо супермаркет да күйгөн.

Шевченко районунда көп кабаттуу үй жана эч ким жашабаган жайлар жабыркаган. Днепр районунда соода жана көңүл ачуу борборуна зыян келтирилген.

Аткылоо маалында жарылуу толкунунан Киевдеги "Лукьянов" метро бекетинин жер үстүндөгү бөлүгү жабыркаганы маалымдалды.

Киев облусунун Буча районунда кампа жайларына сокку урулгандан кийин өрт чыккан. Ошондой эле Одесса облусуна да чабуулдар жасалганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бутага Киев жана Киев облусундагы аскердик өнөр жай ишканалары жана логистикалык борборлор алынганын билдирди. Маалыматта төрт аскердик ишкана, ошондой эле Киевдеги "Новая почта" компаниясынын кампасы жана Киев облусундагы логистикалык борбор аталган.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия түн ичинде Украинанын аймагына 41 ракета жана 125 учкучсуз учак учурду. Алардын ичинен 23 ракетаны атып түшүрүүгө мүмкүн болгон эмес.

14:42 18.7.2026

18-июлга караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Тамбов облусундагы жана Подмосковьедеги Wildberries маркетплейсинин кампаларын бутага алды. Курман болгондор жана жараат алгандар бар.

Тамбов облусунда Котовск шаарына чабуул коюлганын аймактын башчысы билдирди.

"Wildberries кампасына сокку урган учкучсуз учуучу аппараттар көп сандаган курмандыктарга алып келүүчү элементтер менен жабдылган", - деп жазды облус башчысы Евгений Первышов.

Анын маалыматы боюнча, түнү менен иштеген жети киши каза болуп, 25 киши жараат алды, алардын 23ү ооруканага жаткырылды.

"Бири азыр өтө оор абалда, алтоонун абалы оор, 16сы орточо оор абалда. Негизинен сынык тийип жараат алгандар", - деп кошумчалады Первышов.

Түнкүсүн Москванын четине да чабуул коюлду. Борбор калаадан болжол менен бир сааттык жол аралыгында жайгашкан Электростал шаарында дрон Wildberries кампасынын аймагына кулап түшүп, 24 адам жараат алганын аймак башчысы Андрей Воробьев кабарлады.

Ногинскиде учкучсуз учак кулаган жерде мунай базасынын аймагында өрт чыкты - эки адам жабыркады.

"Коопсуздук максатында окуя болгон жерге жакын жайгашкан төрөт үйүндөгүлөр эвакуацияланды", - деп жазды Воробьев.

Wildberries компаниясынын башчысы Татьяна Ким жабыр тарткандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү убада кылды.

"Бул биздин компания жана өлкө үчүн коркунучтуу түн болду. Бул сөз менен жеткире албаган азап. Каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, биз алардын үй-бүлөлөрүнө сөзсүз жардам беребиз. Жабыркагандарга бардык жардамыбызды көрсөтөбүз", - деп жазды ал Телеграм каналына.

Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Светлана Петренко Wildberries кампаларына кол салуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Социалдык түйүндөрдө аталган кампаларда иштегендер арасында кыргызстандыктар да бар экенин жазып жатышат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева:

"Электросталь шаарындагы Wildberriesтеги өрттө жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар бар же жогун тактоо үчүн элчиликтин кызматкерлери ошол жерде жүрүшөт", - деп Фейсбукка жазды.

Украин аскерлери азырынча маркетплейстин кампаларына чабуулдарга комментарий бере элек.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 18-июлга караган түнү абадан коргонуу каражаттары Белгород, Брянск, Курск, Смоленск, Рязань, Калуга, Тула, Тамбов, Орлов, Липецк, Тверь, Псков, Воронеж, Ростов, Волгоград, Ленинград, Владимир жана Москва облустарынын, ошондой эле аннексияланган Крымдын, Краснодар крайынын аймагында, Азов жана Кара деңиздин акваторияларында Украинанын 379 дрону жок кылынды.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу, согушка жардам берүүчү ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.

13:35 18.7.2026

18-июлга караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Кара жана Азов деңиздеринде Орусиянын "көмүскө флотунун" 13 кемесин, анын ичинде жүк жана газ ташуучу танкерлерди, сүйрөөчү кеме менен эки калкыма кранды талкалады. Бул тууралуу өлкөнүн Учкучсуз системалар күчтөрүнүн командири Роберт Бровди билдирди.

Анын айтымында, 6-18-июль аралыгында жалпысынан орус "көмүскө флотунун" 172 кемеси (118и Азов деңизинде, 54ү Кара деңизде) жарактан чыгарылды.

"Максаты: санкцияларды айланып өтүп мунай, күйүүчү май, жүк ташуу логистикасын токтотуу", - деп белгиледи Бровди.

"Азаттыктын" украин кызматы билдиргендей, Киев 2014-жылы Орусия аннексиялап алган жана Украинанын азыркы аскердик операциясы башталгандан бери энергетикалык ресурстардын жетишсиздигин башынан кечирип жаткан Крым жарым аралын обочого алуу аракетин көрүүдө.

13:35 18.7.2026

АКШ Сенатынын кароосуна мурда республикачы сенатор Линдси Грэм сунуштаган Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Анын көзү өткөндөн кийин бул демилгени Конгресстин жогорку палатасына демократ Ричард Блюменталь киргизген.

Документке буга чейин 60тан ашуун сенатор, анын ичинде республикачы көпчүлүктүн лидери Жон Тун колдоо көрсөткөн.

"Бул мыйзам долбоорун көпчүлүктүн лидери алгачкы авторлорунун бири катары киргизүүсү Сенат жетекчилигинин бул демилгени бир добуштан колдогонун ачык билдирүүдө", - деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна сенаторлордун жогорку кызматтагы жардамчыларынын бири.

Мыйзам долбоорунда Орусиянын жогорку саясий жана аскердик жетекчилигине, анын ичинде Владимир Путинге, банктарына, ошондой эле коргонуу, энергетика жана транспорт тармагындагы ишканаларга каршы санкциялар каралган.

Чектөөлөр Орусиянын мунай, газ, көмүр, уран жана башка санкциялык товар ташыган кемелерине, ошондой эле орусиялык аскер-өнөр жай комплексине азык-түлүк ташыган чет элдик жарандарга жана компанияларга колдонулат. Мындан тышкары, Орусиянын мунай жана газ сатып алуусун улантып, Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардам берген өлкөлөрдүн товарларына 500% чейинки бажы төлөмдөрүн жана 100% чейинки тарифтерди киргизүү сунушталууда.

Санкциялар Орусия Украинага каршы согушун токтотуп, Киев макул болгон тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин гана алынары белгиленүүдө.

Республикачы Линдси Грэм 11-июлда көз жумган. Орусия Крымды аннексиялаганга жана Украинага негизсиз бастырып кирип, согуш баштаганга чейин эле ал Владимир Путиндин саясатын катуу сындап келген. Украинаны жигердүү колдоп, Киевге бир нече жолу барган. Москвага карата санкция жана Украинаны колдоо тууралуу мыйзам долбоорлорунун тең автору болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG