Орусиянын Украинанын аймактарына 25-июлда урган соккуларынан кеминде жети адам каза болду. Сумыда "Нова пошта" терминалы, Полтавада май куюучу жай, бир катар облустардагы инфраструктура жана турак үйлөр аткыланды.
"Нова поштанын" маалыматына караганда, жеткирүүчү өнөктөш ишканалардын үч айдоочусу каза болду.
Мэр Артем Кобзарь тактагандай, сокку реактивдүү учкучсуз аппараттар менен урулду. Чоң өрт чыгып, чабуул коюлган жерден дагы эки кишинин сөөгү табылды, мындан тышкары бир киши оор жаракат алып, ооруканага жетпей көз жумду.
Славянскиде дрон жер тамдардын бирине тийгенин, аял тургун каза болуп, дагы эки киши жаракат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Вадим Ляхтын маалыматына караганда, бир сутка ичинде бул шаарда жалпы алты киши каза болуп, дагы 27и жараат алды.
Херсондо орус артиллериясы эки районду аткылап, көп кабаттуу үйгө снаряд тийгенде бир адам каза болгонун, дагы экөө оор жараат алганын облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.
Полтава облусунда орус армиясы май куюучу төрт жайга жана өрт өчүрүүчү бөлүмдүн имаратына чабуул койду. Бул тууралуу облустук аскер администрациясынын башчысы Виталий Дякивнич кабарлады.
Запорожье облусунда Орусиянын чабуулдарынын натыйжасында 25-июлга караган түнү он адам жабыркаганын Telegram каналына аймактын башчысы Иван Федоров жазды. Запорожье шаарында эки кабаттуу соода борбору, дүкөндөр жана павильондор, жалпысынан 900 чарчы метрлик аянт күйүп кеткенин ӨКМ маалымдады. Эртең менен соккулар уланып, бир аял каза болду, дагы тогуз адам медициналык жардамга муктаж, алардын арасында үч бала бар.
Украинанын учкучсуз учактары 25-июлга караган түнү жана эртең менен Орусиянын бир катар аймактарына чабуул жасады. Соккудан улам Екатеринбург жана Ростов-на-Донуда өрт тутанды.
Екатеринбургда Wildberries компаниясынын кампасы дрон чабуулуна кабылды. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок.
Wildberries кызматкерлер эвакуацияланганын, кампа зыян тартпаганын кабарлады. Бул тууралуу Орусиянын бийлиги дагы билдирди.
Акыркы күндөрү Wildberries компаниясынын ар кайсыл аймактагы, ошол эле Москва облусундагы кампалары да бутага алынууда. Екатеринбург Украинадан 1800 чакырым алыста жайгашкан.
Алгач 18-июлда Wildberries'тин Тамбов облусунун Котовск шаарындагы жана Москва облусунун Электросталь шаарындагы эки кампасына сокку урулуп, сегиз адам каза болгону, болжол менен 50 адам жараат алганы расмий айтылган.
Ростов облусунун бийлиги Ростов-на-Дону жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Губернатор беш киши жараат алганын кабарлады. Анын айтымында, көп кабаттуу эки үй, жер там, курулуп жаткан имарат, коммерциялык уюм жана кампалар зыян тартты.
Украинанын аскерлери соңку соккулар тууралуу комментарий бере элек. Орусиянын Коргоо министрлиги 328 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
2027-жылга карата Украинада 10 000 чакырымга чейинки аралыкка уча турган дрондор жасала баштай турганын украин президенти Владимир Зеленский Киевде АКШ президенти Дональд Трамптын жакын өнөктөшү, оңчул активист Лора Лумерге курган маегинде билдирди.
"Бул абдан маанилүү. Азыр орустарда да, бизде да 3 000 чакырым аралыкка уча турган дрондор бар. Жылдын аягына чейин бизде 4 000 чакырым аралыкка учуучу дрондор болот. Кийинки жылы 5 000-10 000 чакырымга уча турган дрондор болот", - деди украин лидери.
Зеленский ошондой эле Украина АКШ менен дрон өндүрүү боюнча келишим түзгүсү келерин белгиледи. Ал Киев сыноо үчүн Вашингтонго деңиз, аба жана узак аралыкка уча турган дрондордун үлгүсүн бергенин айтты жана ортодо дрондор боюнча келишимдин биринчи этабы ишке ашырылганын, кийинки кадамга зарыл документ дээрлик даяр экенин кошумчалады.
10-июлда Зеленский Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн ичинде "Орусияга узак аралыкка таасир этүү боюнча атайын командачылыкты" түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анын айтымында, бул түзүм Орусиянын оруктагы буталарына дрон чабуулдарын уюштурууга жооптуу болот.
Орусиянын кеминде эки аймагы 25-июлга караган түнү Украинанын дрон чабуулуна кабылганы кабарланууда.
Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев социалдык медиада украиналык дрондордун катуу соккусу тууралуу тараган көптөгөн маалыматтарды тастыктады.
«Айрым көчөлөр зыянга учурады, өрт чыгып жатат, аларды өчүрүү аракети көрүлүүдө. Атайын күчтөр ишин улантууда», — деп жазды Шуваев. Анын билдиришинче, жараат алгандар тез арада ооруканаларга жеткирилди. Шуваев жабыркагандардын санын айткан жок.
Украиналык Exilenova мониторинг каналынын маалыматы боюнча, Белгороддо логистикалык кампалар жана энергетикалык инфраструктуранын объектилери — "Южная" көмөкчордону жана "Луч" жылуулук электр станциясы жабыркады.
Ростов-на-Дону шаарындагы социалдык медиа колдонуучулары да калаага чабуул болгонун билдиришти. Мэр Александр Скрябин соккуларды тастыктады, бирок чоо-жайын айткан жок.
Жергиликтүү тургундар социалдык түйүндөргө өрт чалган жерлердин сүрөт-видеолорун жарыялап жатышат.
Өткөн түнү Саратов облусунун Энгельс шаарында да ири өрт чыкты. Exilenova долбоору өрт аскердик аэродромдун жанында жайгашкан бомбалоочу авиация дивизиясынын штабында тутанган деп эсептейт.
Жалпыга маалымдоо каражаттары 16-июлдун түнүндө ошол эле аэродромго учкучсуз учуучу аппараттын чабуулу болгонун жана Орусия Украинага каршы колдонгон Ту-95МС стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучу учагы жарактан чыгарылганын жазышкан.
Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу башталгандан бери Энгельстеги аэродром бир нече жолу учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды.