Киевде 1-августка караган түнү бир нече жарылуу болду. Шаарга Орусиянын баллистикалык ракеталары менен чабуул жасалганы кабарланды.
Киев шаардык аскердик администрациясынын акыркы маалыматына ылайык, Орусиянын чабуулунан кеминде тогуз адам каза болуп, дагы 23 тургун жараат алды. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Буга чейин Кличко жабыркагандардын арасында 13 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр бар экенин билдирген.
Каза болгондордун эң көбү, тактап айтканда жети адам, Киевдин Дарницкий районунда катталды. Соломенский районунда 5 кабаттуу турак жайдын бир бөлүгү урап түштү. Ошондой эле Шевченковский, Днепровский жана Печерский райондорунда кыйроолор жана өрт катталды.
Куткаруу иштери уланууда.
Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига бул түндү Киев үчүн «тозокко айланган түн» деп атап, «Украинага абадан жана ракетадан коргонуу боюнча кошумча системалар, ошондой эле тосуп атуучу каражаттар чукул арада керек. Чечим кабыл алуу жана жеткирүү ылдамдыгы чечүүчү мааниге ээ» деп белгиледи.
Орусияда 31-июлда Wildberries'тин кезектеги кампасы Украинанын дрон соккусуна кабылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Волгограддагы логистикалык түйүнгө жасалган чабуулдан кийин өрт тутанды:
«Чабуулдун кесепетинен компаниянын Волгограддагы логистикалык объектисинде өрт чыкты. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат».
Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
«Логистикалык жеткирүү жолу кайра уюштурулду. Товарларды кабыл алуу жана буйрутмаларды жөнөтүү башка объектилер аркылуу жүргүзүлүүдө», - деп айтылды билдирүүдө.
18-июлдан бери Орусияда Wildberries компаниясынын логистикалык терминалдарына ушуну менен 11-жолу чабуул жасалды. Украина сокку уруп жатканын ырастап, бул маркетплейс аркылуу аскердик багыттагы товарларды да сатып алууга болорун жүйө келтирген.
Волгограддын Дзержинский районунда Wildberries компаниясынын ири логистикалык борбору 2025-жылдын жаз айларында ачылган.
30-июлда компаниянын Пензадагы жана Удмуртиянын Сарапул шаарындагы кампаларында да ири өрт катталган.
Орусиянын 30-июлда Украинага каршы соккусунда, баштапкы маалыматка караганда, Түндүк Кореянын ракетасын колдонгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Днепропетров облусунун Радушное кыштагына жасалган чабуулдан бир үй-бүлөдөн алты кишинин өмүрү кыйылган.
"Албетте, дагы экспертизалар болот, баары текшерилет, бирок азыркы маалымат боюнча бул түндүккореялык баллистика болду", - деди ал.
Зеленский союздаштарды Орусиянын бул соккусун айыптап гана эмес, Украинага аба чабуулдарынан коргонуу системалары жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды.
30-июлга караган түнү Орусия Украинанын бир катар шаарларына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракета менен чабуул жасаган. Кривой Рог шаарынын четиндеги Радушное айылында көп балалуу үй-бүлө жашаган жеке үйгө баллистикалык ракета түшкөн. Каза тапкандар арасында алты жашар кыз жана 11, 17 жаштагы балдар бар.
2024-жылы Москва менен Пхеньян «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк» жөнүндө келишим түзүшкөн.
Украинанын Днепропетров облусундагы Радушное кыштагында (Кривой Рогдун четинде) Орусиянын "Искандер-М" баллестикалык ракетасы он балалуу үй-бүлө жашаган үйгө тийди.
Украинанын мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы чабуул түгөйлөрдүн, алардын 6, 11, 17 жаштагы үч баласынын өмүрүн жалмаганын билдирди. Үйдөгү калган балдар ар кандай жараат алышты.
Ракета жалпысынан эки жер тамды талкалап, дагы бешөөнө зыян келтирди.
Орусия 30-июлга оогон түнү Украинанын Киев, Львов, Кривой Рог шаарларына жана башка аймактарына жапырт сокку урганда, бери дегенде сегиз киши өлүп, ондогону жараат алган.
Орус Коргоо министрлиги 30-июлда жапырт чабуул болгонун ырастап, жердеги, абадагы жана деңиздеги алыстан таамай сокку уруучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен Украинанын Киев, Львов, Ивано-Франковск, Житомир, Ровно, Винница жана Днепропетров облустарындагы аскердик аэродромдорго, аскердик өнөр жай ишканаларына, байланыш жана логистика борборлоруна сокку урулганын маалымдады. Львовдо "Фламинго" жана "Нептун" ракеталарын чыгарган жайларды, Кривой Рогдо дрон чогулткан заводду бутага алганын билдирди.
Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.
Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.
Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.