Украина 30-июлда Орусияда Wildberries маркетплейсинин үч кампасына сокку урду. Алар - Пенза, Удмуртия, Пермдеги комплекстер.
Бул тууралуу Телеграмдагы украиналык Supernova+ жана Exilenova+ мониторинг каналдары жазып чыкты. "Агентство", ASTRA басылмалары да маалымат жарыялашты.
Визуалдык анализдерге таянсак, өрт Пермь шаарынын чет жакасында жайгашкан Фролы кыштагында Wildberries маркетплейсинин кампасынан чыккан.
Компания жана жергиликтүү бийликтер Фролыдагы кампага чабуул тууралуу маалымат бере элек.
Буга чейин Украинанын учкучсуз учактар 30-июлда Пенза облусундагы жана Удмуртиядагы Wildberries'тин кампасына жана Краснодар крайындагы портко сокку урганы белгилүү болгон.
Украина аталган маркетплейстин логистикалык борборлоруна быйыл 18-июлдан бери соккуларын күчөттү.
Украин президенти Владимир Зеленский бул объектилер санкциядагы дрон, навигациялык каражаттарды жана башка аскердик жабдыктардын тетиктерин ташууда колдонулуп жатканын жарыялаган.
Чабуулдар күчөгөндөн кийин Wildberries "Бардыгы СВО үчүн" деп аталган бөлүмдү алып салды, бирок аскердик багыттагы товарлар маркетплейстин башка категорияларында мурдагыдай эле сатылып жатат.
Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Сибига 30-июлга караган түнү Орусиянын жапырт чабуулдарында орусиялык Х-101 канаттуу ракетасы Польшанын чек арасынан өтүп кеткенин, муну менен НАТОнун аба мейкиндиги бузулганын билдирди.
Сибиганын айтымында, мындай көрүнүш Украинанын абадан коргонуу системасын украин элин коргоо үчүн эле эмес, европалыктарды коргоо үчүн да күчөтүү зарылдыгын далилдеди.
Министрдин айткандарын "РБК-Украина" басылмасы жазды.
Буга чейин поляк бийлиги жардыруу тууралуу маалыматтар түшкөнүн, Украина менен чек арага жакын аймактан жер оюлуп калганын жана чачылып кеткен сыныктар табылганын жарыялаган. Окуя Люблин аймагындагы Тарнава-Колония кыштагына жакын жерде болгону айтылды.
Люблин аймактык бийлигинин өкүлү Марцин Бубич абадан коркунуч тууралуу эскертүү Өкмөттүк коопсуздук борборунун сунушу менен күтүлгөн коркунучка байланыштуу жарыяланганын билдирди. Польшанын армиясы асманга истребителдерди көтөрүп, абадан коргонуу системаларын согуштук даярдык абалына келтиришкен.
Wirtualna Polska (WP) басылмасы Польша өкмөтүндөгү булагына шилтеме берип, өлкөнүн аймагына Орусиянын ракетасы кулаганын жазды.
Варшава кандай жабдык экенин так айта элек, иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.
Орусиянын армиясы 30-июлга караган түнү Украинага жапырт сокку урду.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 74 ракета (төртөө кемелерге каршы "Циркон"/"Оникс" ракеталары), Искандер-М/С-400/KN-23 үлгүсүндөгү тогуз баллистикалык ракета жана 284 дрон менен чабуул койду.
Баш калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаарга баллистикалык ракеталар менен сокку урулганын билдирди. Украин тараптын маалыматына караганда, андан бир киши каза таап, экөө жабыркады. Базарда соода күркөлөрү күйүп кетти, гараж кооперативинин аймагын өрт чалды.
Киев облусунда беш киши жабыркады, анын бири бала.
Львовдо соккулардын кесепетинен эки турак жай талкаланды, 31 киши жабыркаганы кабарланды. Калаада 20дан ашуун үй, эки бала бакчага зыян келтирилди. Куткаруу операциялары уланууда.
Днепропетров облусунда Радушное кыштагында соккулардан алты киши өлдү, анын үчөө балдар. Сегиз киши ар кандай жараат алды. Бир киши оор абалда ооруканага жаткырылды.
Украин тарап кыштакка Орусиянын ракетасы тийгенин маалымдап жатат. Өзгөчө кырдаалдар кызматы тактагандай, кыштакта эки жер там толук талкаланып, бешөөнө зыян келтирилди. Урандылар алдында адамдар калган болушу мүмкүн, издөө иши уланууда.
Полтава облусунда чабуулдардан бир киши өлдү. Орусиянын армиясы кампаларды бутага алган.
Украина Херсондо орусиялык армия өрт өчүрүүчүлөрдүн автоунаасын атайлап бутага алып, зыян келтирилгенин билдирди.
Түн ичинде сиреналар Польшанын Люблин шаарында да жаңырды. Бул шаар Украина менен чек арадан 130 чакырым аралыкта жайгашкан. Люблин шаардык бийлигинин өкүлү Марцин Бубич абадан коркунуч тууралуу эскертүү Өкмөттүк коопсуздук борборунун сунушу менен күтүлгөн коркунучка байланыштуу жарыяланганын билдирди. Польшанын армиясы асманга истребителдерди көтөрүп, абадан коргонуу системаларын согуштук даярдык абалына келтиришкен.
Wirtualna Polska (WP) басылмасы Польша өкмөтүндөгү булагына шилтеме берип, өлкөнүн аймагына Орусиянын ракетасы кулаганын жазды.
Орус Коргоо министрлиги 30-июлда жапырт чабуул болгонун ырастап, жердеги, абадагы жана деңиздеги алыстан таамай сокку уруучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен Украинанын Киев, Львов, Ивано-Франковск, Житомир, Ровно, Винница жана Днепропетров облустарындагы аскердик аэродромдорго, аскердик өнөр жай ишканаларына, байланыш жана логистика борборлоруна сокку урулганын маалымдады. Львовдо "Фламинго" жана "Нептун" ракеталарын чыгарган жайларды, Кривой Рогдо дрон чогулткан заводду бутага алганын билдирди.
Мындан тышкары министрлик "Түштүк" портундагы жүк ташуучу кемеге жана Одессанын чыгышы менен түштүгүндө эки жүк ташуучу кемеге сокку урулганын маалымдады. Орусия бул кемелер Украинага курал-жарак жеткирип жатат деп билдирди.
Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Пенза облусунда Wildberries'тин кампасына жана Краснодар крайындагы портко сокку урду.
Пенза облусунун губернатору Олег Мельниченко билдиргендей, Wildberries'тин кампасына чабуулда бир киши жабыркады. Компаниянын 200дөй жумушчусу эвакуацияланды.
"Кампанын аймагында чыккан өрттү өчүрүү аракети жүрүп жатат", – деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Астра басылмасы белгилегендей, Мастиновка кыштагында жайгашкан бул комплекс ири бөлүштүрүү борборлорунун бири болгон жана Приволга федералдык округун тейлеген.
Телеграмдагы украиналык Supernova+ жана Exilenova+ мониторинг каналдары Краснодар крайындагы Таман портуна сокку урулганын билдиришти.
"Крымский ветер" ОТЭКО компаниясынын карамагындагы "Таманьнефтегаз" ири менчик мунай комплекси жайгашкан жерде өрт чыкканын жазды. Мындан тышкары Удмуртиядагы Сарапул шаарында Wildberries'тин кампасына да чабуул болуп, өрт тутанды.
Орусиянын Коргоо министрлиги 30-июлга караган түнү Белгород, Брянск, Воронеж, Волгоград, Пенза, Ростов, Тамбов облустарында, Краснодар крайында, аннексияланган Крымда, Адыгейде, Азов, Кара деңиз акваторияларында 258 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.