Украин бийлигинин расмий маалыматына караганда, Киев шаарына жана Киев облусуна жасалган 5-августтагы Орусиянын жапырт ракета-дрон чабуулунан кеминде 17 адам каза болуп, 44 адам жараат алды.
Украин президенти Владимир Зеленский билдиргендей, бул түнү орус аскерлери сокку үчүн 24 баллистикалык ракета, канаттуу Zircon/Onix ракеталарынан төрттү, ошондой эле 115 учкучсуз учуучу аппарат колдонду. Айрым дрондор реактивдүү экени маалым болду.
Негизинен бутага жарандык ишканалардын кампалары, инфраструктуралык объекттер жана темир жол станциясы алынганы айтылды.
Зеленский өнөктөш өлкөлөргө кайрылып, баллистикалык ракеталарды атып түшүрүүгө жөндөмдүү каражаттар көбүрөөк керек болуп жатканын, мындай куралдын жетишсиздиги адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатканын айтты.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын (ГСЧС) маалыматына караганда, Киев облусунда (Киев шаарын кошпогондо) Орусиянын 5-августка караган түнкү соккуларынан 15 адам каза болуп, дагы 27 киши жаракат алды.
ГСЧСтин бөлүмдөрү учурда Бровары районундагы төрт объектте, Буча районундагы эки жана Фастов районундагы бир объектте куткаруу иштерин жүргүзүп жатканын Би-Би-Си кабарлады.
Мекеме ошондой эле кампа имараттарында ири өрт чыкканын билдирди. Тактап айтканда, Бровары районундагы төрт жана Буча районундагы эки объект өрттөнгөн.
5-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинага кайрадан абадан жапырт чабуул коюп, Киевди баллистикалык ракеталар менен аткылады. Бир катар аймактарда өрт чыгып, имараттар зыянга учурады.
Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, үч райондо турак эмес имараттарга зыян келтирилди. Голосеев районунда жеке турак үй урап, анын алдында адамдар калып калышы мүмкүн экени айтылды.
Киев шаардык аскердик администрациясынын баштапкы маалыматына ылайык, чабуулдан бир киши каза болуп, кеминде 12 адам жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жабыркагандардын саны 15ке жеткенин билдирди.
Киев облусунда да жоготуулар катталды. Облустук аскердик администрациянын маалыматы боюнча, Буча районунда бир адам каза болуп, жалпы 21 жайкын тургун жараат алды.
Чабуулдан кийин Бровары районунда логистикалык жана кампа комплекстеринде, өндүрүш ишканаларында жана соода объектилеринде өрт чыкты. Буча районунда логистикалык борборлор жабыркаса, Фастов районунда ишканалардын биринде өрт тутанган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү ошол эле түнү Одесса, Запорожье, Днепропетровск, Харьков жана Николаев облустары да ракета, дрон чабуулдарына кабылганын маалымдады.
Украин бийлиги соңку айларда Орусия баллистикалык ракеталык чабуулдарын көбөйткөнүн белгилеп келет. Президент Владимир Зеленский буга америкалык Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдирген. Киев баллистикалык ракеталарды атып түшүрүүдө негизинен ушул комплекстерди колдонуп келет.
Орусия 4-августка караган түнү Украинанын аймагын "Искандер-М" баллистикалык ракеталары жана 136 аскердик дрон менен бутага алганын, учкучсуз учактардын 117син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Сумы шаарында 5 жана 10 жаштагы эки кыздын, ошондой эле улгайган бир аялдын өмүрү кыйылганын аймактын башчысы Олег Григоров кабарлады. Анын айтымында, орус аскерлери шаардын жарандык инфраструктурасына башкарылуучу алты авиабомба ташташты.
"Кыздардын сөөгүн уранды астынан алып чыктык. Оор түн болду, өтө оор кесепеттер. Турак үйлөр талкаланды", – деп жазды ал.
Мындан тышкары төрт киши жараат алганы кабарланды.
Днепропетров облусунун Павлоград районунда, облустук администрация башчысы Александр Ганжа билдиргендей, эки киши жараат алды, бир нече үй кыйрады.
Одесса облусунда да Орусиянын жеке турак жайга урган соккусунан эки жергиликтүү тургун жараат алганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы маалымдады.
Николаев облусунда 89 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганын, дагы жети киши жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Жабыркагандардын экөө 2 жана 12 жаштагы кыздар экени белгилүү болду. Үйлөр, автомашиналар зыянга учурады.