Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:56
Украина. Дрон чабуулунан жабыркаган поезддин вагонун өрт өчүрүүчүлөр суу чачып өчүрүп жатат.
Украина. Дрон чабуулунан жабыркаган поезддин вагонун өрт өчүрүүчүлөр суу чачып өчүрүп жатат.

Украина: Никополдо беш киши каза болду, Киев чабуулга кабылды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:42 22.8.2026

Орусиянын Самара облусундагы Ozon кампасы 22-августта учкучсуз учуучу аппараттардын соккусуна кабылды, жабыркагандар бар экенин губернатор билдирди. Маркетплейстин маалыматына караганда, ал жерде өрт чыкты. Бул Украинанын Куралдуу күчтөрү Ozon компаниясынын ири объектине урган алгачкы соккусу. Ушул эле аймакта мунайды кайра иштетүүчү завод да күйүп жатат.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 22-август, ишембиге караган түнү Самара облусунда маркетплейс Ozon компаниясынын логистикалык комплексине жана «өнөр жай ишканаларынын бирине» учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урганын аймактын губернатору Вячеслав Федорищев өзүнүн Telegram каналында билдирди. Анын айтымында, бир нече адам жабыркап, алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Ozon компаниясынын Самара облусунун Чапаевск шаарында жайгашкан логистикалык комплекси Поволжьедеги эң ири объектилеринин бири болуп саналат. Анын аянты 135 миң чарчы метрди түзөт.

Компаниянын өкүлдөрү Telegram каналында дрон чабуулу болгонун ырастап, натыйжада кампада өрт чыкканын билдиришти.

«Бардык системалар штаттык режимде иштеп, биз бир нече мүнөттүн ичинде 500дөн ашык кызматкерди эвакуацияладык. Ошого карабастан, тилекке каршы, жабыркагандар бар», — деп айтылды компаниянын билдирүүсүндө.

Ozon өкүлдөрү кампадагы иш белгисиз мөөнөткө токтотулганын белгилешти. Ал жерде жайгашкан товарлар маркетплейстин сайтынан убактылуу жашырылды, ал эми ошол кампадан жеткирилиши керек болгон буйрутмалар жокко чыгарылат.

«Коопсуздук максатында сатуучулардын товар жеткирүүлөрүн да убактылуу кабыл албайбыз», — деп айтылды билдирүүдө.

Буга чейин украиналык дрондор Орусиянын башка маркетплейси — Wildberries компаниясынын кампаларына жана логистикалык борборлоруна бир нече жолу чабуул жасаган.

Июль айынын аягында Татарстандагы Ozon кампасы да дрон соккусуна кабылган, бирок ал учурда компания кампага зыян келтирилбегенин билдирген.

Astra Telegram каналы билдиргендей, Чапаевск шаарындагы Ozon комплексинен болжол менен бир чакырым алыстыкта «Промсинтез» жана «Полимер» аттуу эки коргонуу ишканасы жайгашкан.

Мурда жарылуучу зат, курал-жарак жана ок-дары чыгарган бул эки завод тең украиналык ракеталардын жана дрондордун соккуларына кабылган.

Ошол эле учурда украиналык мониторинг жүргүзгөн Exilenova+ Telegram каналы 22-августка караган түнү Новокуйбышевск мунайды кайра иштетүүчү заводунун жанында тартылганы айтылган сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялады. Кадрларда асманга көтөрүлгөн түтүн көрүнөт.

Astra каналынын аналитиктери да дрон чабуулунан кийин мамлекеттик «Роснефть» компаниясына таандык ишкананын аймагында өрт чыккан деген тыянакка келишти.

Буга чейин бул мунайды кайра иштетүүчү заводго дрондор бир нече жолу чабуул жасап, анын айынан заводдун иши убактылуу токтотулган.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып келет.

20:45 20.8.2026

20-августка караган түнү Орусиянын чабуулунан Киевде жана Киев облусунда кеминде 17 адам каза болуп, дагы ондогон киши жаракат алды. Бул тууралуу украин бийлиги билдирди.

Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий түнкү чабуул дээрлик тогуз саатка созулганын айтты. Анын белгилешинче, Киев жана шаардын айланасына ондогон ракеталар жана учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урулган.

Чабуулдун кесепеттерин жоюу иштерине өлкө боюнча Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын 462 куткаруучусу жана 116 атайын техника тартылган.

Премьер-министрдин маалыматына ылайык, соккулар турак жайларга жана балдар ооруканасына тийген. Ошондой эле Борисполь шаарында азык-түлүк кампалары жана Кызыл Чырым уюмунун объектилери жабыркаган. Учурда куткаруучулар өрттү өчүрүү иштерин улантууда.

Мындан тышкары, түн ичинде Одесса жана Чернигов облустарындагы жарандык инфраструктура объектилери да чабуулга кабылганы кабарланды.

16:24 20.8.2026

Киевге 20-августка оогон түндөгү соккулардын курмандыктары 15ке жетти.

Жараат алгандар 40тан ашты. Бул тууралуу Киевдин бийлиги билдирди. Маалыматка караганда, жапырт соккулардын, ракеталык чабуулдун кесепети менен күрөшүү иши уланууда.

14:41 20.8.2026

20-августка караган түнү Румыниянын Тулча аймагына учкучсуз учак кулады. Бул тууралуу Румыниянын Улуттук коргонуу министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, түнкү саат 02:23тө радиолокациялык байкоо системасы Украина менен чек арага жакын жерде абадагы буталарды байкаган. Испаниянын F-18 ВВС эки истребители, Румыниянын аба күчтөрүнүн IAR-330 SOCAT тик учагы абага көтөрүлгөн.

03:21 учкучсуз аппарат өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, үч мүнөттөн кийин Тулча уездинин Гринду калктуу конушунан түндүк-чыгышты карай төрт чакырым алыстыкта эч ким жок жерге кулаган.

Ал түшкөн жерде өрт чыгып, кийин өчкөнү айтылат румын министрлиги тараткан маалыматта. Жабыркагандар жок, учкучсуз аппарат кулаган жерге аскер кызматкерлери барган.

Дрон кайсы өлкөнүкү экени айтыла элек.

Учкучсуз аппараттар Румыниянын аба мейкиндигин бузган учурлар буга чейин да катталган. Акыркы жолу 16-августка караган түнү дрон өлкөнүн аба мейкиндигине кирип, испаниялык истребител аны атып түшүргөн. Ал учурда Орусиянын армиясы Украинанын жапырт аткылап жаткан.

Июлдун этегинде истребителдер үч күн катары менен өлкө чек арасын бузуп кирген орусиялык учкучсуз аппараттарды атып түшүргөндөн кийин Румыния Орусиянын дипломатын өлкөдөн чыгарган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG