Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:57
Орусиялык Ozon маркетплейсинин Самарадагы кампасына сокку урулган учур. Август, 2026-жыл
Орусиялык Ozon маркетплейсинин Самарадагы кампасына сокку урулган учур. Август, 2026-жыл

Орусияда ЖЭБге жана Ozon'дун кампасына сокку урулду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:19 26.8.2026

26-августка караган түнү Украинанын учкучсуз учактары Орусиянын Тамбов облусундагы Котовск шаарында жайгашкан Wildberries маркетплейсинин ири логистикалык борборуна сокку урганын аймактын губернатору Евгений Первышов билдирди.

Анын айтымында, 16 дрон атып түшүрүлдү, бирок бирөө логистикалык борборго тийип, ири өрт чыкты. Өрттүн аянты болжол менен 40 миң чарчы метрди түздү.

Баштапкы маалымат боюнча, кампанын бир кызматкери жабыркады. Ошондой эле дрондордун сыныктары түшкөндөн кийин жеке турак үйлөрдүн бири өрттөндү.

Wildberries компаниясы маалыматты ырастап, кампадагы кызматкерлер эвакуацияланганын, жаңы товарларды кабыл алуу убактылуу токтотулганын маалымдады.

Котовск шаарындагы Wildberries логистикалык комплексинин жалпы аянты 108 миң чарчы метрди түзөт. Бул объект буга чейин да, 18-июлда дрон чабуулуна кабылганда ири өрт чыккан. Анда жети адам каза болуп, 25 киши жабыркаганы кабарланган.

Ошол эле учурда 26-августта Нижегород облусунун Кстово шаарындагы «Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез» мунай иштетүүчү заводунун аймагында да өрт чыккандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Жергиликтүү тургундар социалдык түйүндөргө өрттүн видеолорун жарыялап жатышат. Бирок жергиликтүү бийлик чабуулдун кесепеттери тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кстоводогу завод Орусиядагы эң ири мунай иштетүүчү ишканалардын бири. Анын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу болжол менен 15 миллион тоннаны түзөт. Ишкана Москва жана Москва облусун күйүүчү май менен камсыздаган негизги объекттердин катарына кирет.

Азырынча Украина бул чабуулдар боюнча расмий билдирүү жасай элек.

17:33 25.8.2026

Украинанын өнөктөштөрүнөн түзүлгөн "каалоочулар коалициясынын" лидерлери 24-августта Киевде жыйын өткөрүп, мындан аркы кадамдарын макулдашты. Украинанын эгемендигинин 35 жылдыгына карата уюштурулган жыйынга айрымдары өздөрү катышса, калгандары видео байланыш аркылуу кошулушту.

Жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө «Орусиянын Украинанын жайкын тургундарына жана жарандык инфраструктурасына каршы соккулары системалуу түрдө жасалып, барган сайын күчөп баратканы» белгиленди.

Ошондой эле Киевге берилүүчү аскердик жардам көбөйтүлөрү, биринчи кезекте аба чабуулдарынан коргонуу системаларын чыңдоо, Украинанын коргонуу өнөр жайын бекемдөө жана тиешелүү технологиялар менен бөлүшүү убада кылынды. Мындан тышкары, Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине каршы санкцияларды күчөтүү ниети билдирилди.

Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернем союздаштарды Украинаны Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн колдон келишинче жардам берүүгө чакырды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын «көмүскө флотуна» көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушту 2022-жылдын февралында баштаган. Ошондон бери Киев өнөктөштөрүнүн жардамы менен каршылык көрсөтүп, соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагына жасалган соккуларды күчөтүүдө.

17:27 25.8.2026

БУУга мүчө 50дөн ашуун өлкө 24-августта биргелешкен билдирүү таратып, Орусияны Украинадагы согушту толук, дароо жана эч кандай шартсыз токтотууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга чакырышты.

Украинанын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган бул билдирүүнү Нью-Йоркто БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынынын алдында Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен окуп берди.

Билдирүүдө "адамдарга чоң азап-кайгы алып келген бул маанисиз согуш дароо токтошу керек" деп белгиленип, Украина мындан бир жарым жыл мурда эле алдын ала эч кандай шарт койбостон ок атышууну токтотууга макул болгондугу эске салынган.

АКШ бул билдирүүгө кошулган жок, бирок согушту дароо токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды. Коопсуздук кеңешиндеги жыйында сөз сүйлөгөн АКШ өкүлү Дэн Негреа Орусия менен Украинаны жарандык объектилерге жана кемелерге сокку урууну токтотууга үндөдү. Анын айтымында, аскердик жол менен чечим табуу мүмкүн болбогон шартта күнөөсүз жарандардын канын төгүүнү токтотуу зарыл. Негреа АКШ ортомчу катары өз ролун аткарууну улантууга даяр экенин жана Украинанын эгемендүү, гүлдөгөн мамлекет катары келечегин колдоого берилген бойдон каларын айтты.

Орусиянын өкүлү Василий Небензя тынчтык сүйлөшүүлөрүнө байланышкан чакырыктарды четке какты. Ал Орусияны коркутуп сүйлөө өтпөй турганын, Жер шарындагы түзүлгөн реалдуу абал эске алынбаса, Украинадагы жаңжал боюнча олуттуу саясий жана дипломатиялык диалог жүргүзүүгө мүмкүн эместигин айтты. Ошондой эле ал жаңжалды токтото турууга багытталган бардык аракеттер ийгиликсиз болорун билдирди.

Украинанын өкүлү Андрей Мельник Орусия өзү баштаган согушта жеңилерин белгилеп, Коопсуздук кеңешин Орусиянын аракеттерин токтото албаганы үчүн сынга алды (Орусия Коопсуздук кеңеште вето коюу укугуна ээ). Мельник өнөктөш өлкөлөрдү баллистикалык ракеталардан коргонуу үчүн Украинага "Пэтриот" системасына ракеталарды берүүгө үндөдү.

17:26 25.8.2026

Германиянын тергөө органдары украиналык Ан-124 транспорттук учагына каршы болжолдуу диверсия аракетинде бир эмес, бир нече жардыргыч зат орнотулган дрон колдонулган деген жыйынтыкка келди. Бул тууралуу NDR жана WDR телекомпаниялары менен Süddeutsche Zeitung гезитинин 25-августта жарыяланган биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.

4-августта аэропорттун кызматкери Ан-124 учагынын жанынан дрон тапканы кабарланган. Ошол эле күнү DHL жүк ташуучу учагы ушул аэродромдон учуп чыккандан кийин абада белгисиз зат менен кагышкан болушу мүмкүн деген маалымат тараган.

Жаңы иликтөөдө окуядан он күн өткөндөн кийин, 14-августта аэропорттун батыш тарабындагы талаадан дагы бир дрон табылганы белгиленген. Маалыматка караганда, DHL учагы абада дрон менен кагышкан болсо, анда Лейпциг аэропортуна коркунуч жараткан үчүнчү учкучсуз аппарат жөнүндө сөз болуп жатат. Дрондун жанынан тергөөчүлөр 50 грамм зат табышкан, ал гексоген болушу мүмкүн.

"Балким, ниети бузуктар мурда болжолдогондон алда канча масштабдуу чабуулду пландаштырган", - деп жазылган иликтөөдө.

Тергөөчүлөр DHL учагынын абадагы окуядан кийинки абалына жана кагылышууга бир нече секунд калганда учкучтар кичинекей объектини көргөнүн айткандарына таянуу менен дрон менен кагылышуу болгон деген версияны карманууда. Бирок дрондун өзү же сыныктары табылган эмес. Тергөө дрон кагылышуудан кийин кыймылдаткычка кирип кетип, майда бөлүктөргө бөлүнүп кетиши ыктымал деген пикирде.

Аскердик жүктөр ташылган Лейпциг аэропортундагы бул окуя Германияда чоң резонанс жаратты. ЖМКлар өз булактарына таянып, бул окуяга Орусиянын атайын кызматтарынын тиешеси болушу мүмкүн деп жазышкан. DW басылмасы Германиянын ички иштер министри Александр Добриндт 19-августта өкмөттө азырынча окуяга так баа берүү үчүн жетиштүү далилдер жок экенин билдиргенин жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG