27-августка караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Ozon маркетплейсинин Оренбург жана Уфа шаарларындагы кампаларына сокку урду.
Компаниянын маалыматына караганда, жумушчулар эвакуацияланган, жабыркагандар жок.
Оренбургдагы кампа ишин калыбына келтиргенин, Уфадагы азыраак зыян келтирилгендиктен убактылуу жабылганын билдирди.
"Азырынча Уфада сатуучулардан жеткирүүлөрдү кабыл албай жатабыз. Жолдо келаткандарды башка объектилерге которобуз", – деп жазылган компания тараткан маалыматта.
Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторинг каналдары Башкырстандын Благовещенск шаарында Ozon'дун кампасы күйүп жатканын кабарлады. Бул маалымат расмий ырастала элек.
Дрон чабуулуна Стерлитамак да кабылды. Телеграмдагы ASTRA каналы түндө жергиликтүү жашоочулар жарылуулардын добушун укканын жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги түндө өлкө аймагынан 267 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
27-августка караган түнү Орусия Украинага баллистикалык ракеталар жана жүздөгөн дрондор менен койду. Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, өлкө 258 учкучсуз аппарат, ошондой эле “Искандер-М”/KN-23 жана “Оникс” ракеталары менен аткыланды. Абадан коргонуу күчтөрү жети баллистикалык ракетаны жана 225 дронду атып түшүргөнүн билдиришти.
Краматорск шаарында орус аскерлери турак жай кварталдарына жети авиабомба таштады. Көп кабаттуу 16 үй жана жарандык инфраструктуралык бир катар объектилер жабыркап, өрт чыкты. Эки адам жараат алды.
Харьков шаарында дрон соода борборуна тийип, 40 жаштагы эркек киши каза болду. Баштапкы маалымат боюнча, дагы эки адам жабыркады.
Запорожье облусунун Григоровка айылында дрон чабуулунан 78 жаштагы аял мерт болду. Ал эми Херсон шаарында велосипед менен бара жаткан эркек киши дрон соккусунан каза тапты.
Одесса облусунда жети саатка созулган чабуул маалында 16 кабаттуу турак жай, эки билим берүү мекемеси, жеке үй, ошондой эле инфраструктуралык объектилер жана элеватордун аймагы жабыркады. Киевде гимназиянын имараты жана турак жайлардын жанындагы аймактар зыян тартты. Кривой Рог шаарында өнөр жай ишканасына урулган соккудан эки киши жаракат алды.
Орусия жарандык объектилерди бутага алганын мойнуна албай келет. Өлкөнүн Коргоо министрлиги чабуулдар аскердик-өнөр жай, металлургия, мунай иштетүү жана логистикалык объектилерге багытталганын билдирди.
Ал эми Орусиянын өзүндө жүздөгөн дрон атып түшүрүлгөнү, Щебекинодо бир адам каза болгону кабарланды.
Дрон жеке үйлөрдүн бирине тийип, бир аял жаракат алды. Бир нече ишканага да зыян келтирилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде өлкөнүн 13 аймагында, аннексияланган Крымда, Азов жана Кара деңиздердин үстүндө украин тараптан учурулган 267 дрон жок кылынганын билдирди.
Ozon компаниясы Оренбург жана Уфа шаарларындагы логистикалык борборлору дрон чабуулуна кабылганын маалымдады. Компаниянын билдиришинче, кызматкерлер эвакуацияланган, жабыркагандар жок. Оренбургдагы кампа ишин кайра жандандырса, Уфадагы логистикалык комплекс аз өлчөмдө зыян тартып, убактылуу жабык бойдон калууда.
АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ, CIA) директору Жон Рэтклиффтин Москвага сапары тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берди.
Песков The Washington Post басылмасына Рэтклифф "атайын кызматтар ортосунда байланыш түзүү" максатында келгенин айтты. Андан башка маалымат берген жок.
Дмитрий Песков ТАСС агенттигине Рэтклиффтин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалбаганын билдирди.
The Washington Post андан мурда эле шейшемби күнү Песков америкалык аскердик учактардын Москванын Внуково аэропортуна конгону тууралуу Кремлде маалымат жок экенин айтканын эске салды.
25-августта CBS жана Axios басылмалары өз булактарына таянып, Рэтклиффтин Москвага алдын ала жарыяланбаган сапары тууралуу жазышкан. Axios басылмасынын журналисти Барак Равид АКШ бийлиги Рэтклиффтин сапары учурунда Орусиянын аймагына соккуларды токтото турууну суранганын жазган.
The Wall Street Journal басылмасынын баамында, Рэтклиффтин сапарына бир нече жагдай себеп болушу ыктымал: Орусияда мүмкүн болгон мобилизация, Украинанын орус аймагына чабуулдарынын күчөшү, Иран менен байланышкан согуштук кырдаал же Москванын НАТОго мүчө мамлекеттерге каршы быктымал чагымчыл аракеттери.
Кремлдин кабарчысы Александр Юнашев Рэтклиффтин сапарына байланыштуу Орусия президентинин иш жадыбалы өзгөртүлгөнүн боолгоду. Ал шейшембиге белгиленген чоң иш-чара АКШнын чалгын башчысынын сапарынын алдында башка күнгө жылганын белгиледи.
Американын Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Москвага акыркы жолу 2021-жылдын ноябрында барган. Ал кезде мекемени Уильям Бернс жетектеп турган.
26-августка караган түнү украиналык учкучсуз учактар Орусиянын бир нече аймагына чабуул койду. Липецкиде дрондун кулашынан улам жеке турак үй өрттөндү.
Липецк облусунун губернатору Игорь Артамоновдун маалыматына ылайык, эки адам каза тапты, бири 14 жаштагы өспүрүм. Дагы эки киши жабыркады.
Чабуулга Тамбов облусу да кабылды. Аймак башчысы Евгений Первышовдун айтымында, соккулардан кийин Wildberries компаниясынын кампасында өрт чыгып, эки адам жаракат алды. Кампа толугу менен күйүп кетти.
Первышовдун айтымында, облус аймагында жалпысынан 16 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.
Тамбов облусунда Wildberries кампасы буга чейин да дрон чабуулуна кабылган. 18-июлга караган түнү болгон соккудан жети киши каза болуп, дагы 25 адам жаракат алган.
Түнкү дрон чабуулунан кийин Нижегород облусунда да өрт чыкты. Украиналык Exilenova+ жана Supernova+ мониторингдик каналдары Кстоводогу «Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез» мунай иштетүүчү заводунда өрт чыкканын жазышты. Бирок бул маалымат расмий түрдө азырынча тастыкталган жок.
Тула облусундагы чабуулдун кесепетинен бир адам жабыркаганын аймак башчысы Дмитрий Миляев билдирди.
Воронеж облусунун үстүнөн 27 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн аймак жетекчиси Александр Гусев маалымдады. Анын айтымында, Воронеж шаарынын четинде атып түшүрүлгөн дрондун калдыктарынын кулашынан бир эркек жана бир аял жаракат алышкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде жалпысынан 426 украиналык учкучсуз учак жок кылынганын билдирди.