Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37
Орусия. Краснодардагы мунай базасына украин дрондору менен жасалган чабуулдан кийинки өрт. 2026-жылдын июль айы.
Орусия. Краснодардагы мунай базасына украин дрондору менен жасалган чабуулдан кийинки өрт. 2026-жылдын июль айы.

Трамп энергетика бутага алынбасын билдирди, Зеленский кепилдик керектигин айтты

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:49 30.8.2026

Германия Орусияны Лейпциг аэропортунда диверсия жасоого аракет кылды деп айыптоого ниеттенүүдө. Августтун башында аба майданда жардыруучу зат орнотулган учкучсуз учуучу аппараттар табылган. Politico жана Welt am Sonntag басылмалары өз булактарына таянып жазгандай, Германия Москвага каршы "кеңири масштабдагы санкция даярдоодо".

Маалыматтарга караганда, Германиянын канцлери Фридрих Мерц бул тууралуу кийинки аптанын башында расмий жарыя кылышы мүмкүн. Булактар кандай санкция киргизилери жана алар кимдерге багытталарын тактаган эмес.

25-августта Мерц Лейпцигдеги диверсия аракетине тиешеси бар адамдар жоопкерчиликке тартыла турганын билдирген, бирок конкреттүү айыптоо айткан эмес.

Августтун башында Лейпциг аэропортунда жардыруучу зат менен дрон кармалган. Ал аба майданда токтоп турган украиналык Ан-124 жүк учагынын жанынан табылган. Кийинчерээк тергөөчүлөр бул диверсия аракетине бир нече дрон катышкан деген жыйынтыкка келишкен.

Укук коргоо органдарынын версиясы боюнча, ошол эле күнү DHL компаниясынын жүк ташуучу учагы аэродромдон учуп чыккандан кийин белгисиз объект менен кагылышкан. Буга учактын бузулган жерлерин иликтөө далил болуп берген. Дрондун өзү же анын калдыктары табылган эмес. Тергөөчүлөр кагылышуудан кийин дрон кыймылдаткычка кирип кетип, майдаланып кеткен болушу мүмкүн деген версияны айтышкан.

Лейпциг аэропорту курал-жарак ташууда, анын ичинде Украинага берилүүчү жардамдарды жеткирүүдө маанилүү логистикалык борбор болуп саналат. 2024-жылы аэропорттун аймагындагы DHL логистикалык борборунда Улуу Британияга жөнөтүлгөн жүк жарылган. Ушуга окшош жүк кийин Улуу Британияда жана Польшада да жарылган. Тергөө бул аракеттер Орусиянын атайын кызматтары тарабынан уюштурулган операция болгонун билдирген. Учурда Литвада ошол окуяларга байланыштуу диверсиялык түйүндүн беш мүчөсүнө карата сот жараяны жүрүп жатат.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкан 2022-жылдын февралынан бери Германияда учкучсуз аппараттарга байланышкан окуялар катталды. 2026-жылдын биринчи жарымында эле Германиянын аэронавигация кызматы уруксатсыз учкан дрондордон улам өлкө аэропортторунун ишинде 145 жолу үзгүлтүк болгонун маалымдады. Көпчүлүк учурларда мындай дрондордун операторлорун аныктоо мүмкүн болгон эмес.

16:33 30.8.2026

30-августка караган түнү Орусиянын Ленинград облусуна 62 украин дрону чабуул койгонун аймактын башчысы Александр Дрозденко билдирди. Анын айтымында, Кириши шаарындагы өнөр жай аймагында өрт чыгып, бир нече турак үй зыян тартты. Дрон "Прибрежный" эс алуу жайына жана №3 мектепке жакын жерге кулаган. Дрозденконун жазганына караганда, жабыркагандар жок.

ASTRA басылмасы күбөлөргө таянып, "Киришинефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводунда өрт чыгышы мүмкүн экенин кабарлады. Завод буга чейин дагы дрон чабуулуна кабылган. Сокку тууралуу Украинанын байкоо салган Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм каналдары дагы жазды.

Ушул эле каналдар Краснодардагы Ейск шаарындагы авиабазага сокку урулганын NASA FIRMS каттаган өрткө таянып билдирди. Бул тууралуу Краснодар крайынын бийлиги маалымат берген жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү менен 494 украин дрону жок кылынганын кабарлады.

10:29 30.8.2026

Орусиянын дрон чабуулунан Киев облусунун Буча районунда каза болгондордун саны өсүп, 37ге жетти. Куткаруу иштери 29-августта дагы уланды. Расмийлер набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко «Бучада каза болгондордун саны 37ге жеткенин телеграм каналына жазып, куткаруучулар менен тийиштүү кызматтар издөө, куткаруу иштерин улантып жатканын билдирди. Жергиликтүү бийлик Украинада 29-августка караган түнү Киев облусундагы кампага Орусиянын аскерлеринин соккусунан кийин ири өрт чыкканын билдирген. Өрт учурунда бир нече жарылуу болгон. Ткаченко орус армиясынын соккусунан ондогон адамдар жабыркап, арасында балдар бар экенин кабарлады. Анын айтымында, ири өрт чыгып, турак үйлөргө дагы жайылган. «Азаттыктын» украин кызматынын журналисти Марьян Кушнир бүтүндөй район урандыга айланганын, карылар үйү дагы соккуга дуушар болуп, «көп» адам өлгөнүн окуя болгон жерден кабарлаган. Ткаченко Бучада каза болгондордун арасында райондогу коомдук бирикменин башчысы Тарас Дидыч дага бар экенин, бул чоң жоготуу болгонун билдирди. Зыян тарткан районго азык-түлүк жана башка жардам көрсөтүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Буга чейин Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий окуяны «кылмыштуу шалаакылык» деп атап, күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылышы керектигин билдирген. Украинанын Башкы прокуратурасы кызматтык шалаакылыкка байланыштуу кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чейинки иликтөө башталганын маалымдаган.

15:40 29.8.2026

Орусиянын соңку чабуулунан улам Киев облусунун Буча районундагы кампада болгон жарылуулар коштолгон өрттүн кесепетинен кеминде 27 адам каза болуп, дагы 42 адам жараат алды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-августта билдирди.

«Тилекке каршы, айланасындагы инфраструктура олуттуу жабыркады: турак үйлөргө, карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пансионатка зыян келтирилди», — деп жазды Зеленский.

Анын айтымында, 370тен ашуун адам эвакуацияланды. Эвакуация иштери дагы деле уланууда.

Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко чабуул болгон жердин жанындагы 50гө жакын имарат жарылуулардын кесепетинен жабыркаганын билдирди.

Буга чейин Украинанын Башкы прокуратурасы кызматтык шалаакылык болушу мүмкүн деген факты боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

«Тергөө Орусиянын чабуулунун бардык жагдайларын гана эмес, анын кесепеттерин олуттуу күчөтүшү мүмкүн болгон себептерди жана шарттарды да аныктайт. Атап айтканда, ишкананын аймагында жарылуучу заттар менен материалдарды жайгаштыруунун жана сактоонун мыйзамдуулугу текшерилет», — деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

Өлкө башчысы Зеленский, өз кезегинде: «Эрежелер бар: ок-дарыны үйлөрдүн жана башка турак жайлардын жанына жайгаштырууга болбойт. Тиешелүү жыйынтыктар сөзсүз чыгарылат», — деди.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул Милая айылындагы ок-дары кампасына жасалганын, ал жерде FP-1/FP-2 үлгүсүндөгү алыс аралыкка учуучу учкучсуз аппараттар үчүн тетиктер жана старттык ылдамдаткычтар сакталганын айтууда.

Украинанын премьер-министри Сергей Корецкий бул чабуулга комментарий берип жатып, окуяны «кылмыштуу шалаакылык» деп атады. Ал 6-июлда Вишневыйда болгон өрттү мисал келтирди. Анда да турак үйлөргө жакын жайгашкан ок-дары кампасына чабуул жасалган.

«Тилекке каршы, азыртадан эле Вишневыйдагы коркунучтуу трагедия сабак болбогонун айта алабыз. Кеңири масштабдагы баскынчылыктын бешинчи жылында эле бир каталарды кайра-кайра кайталоо — кылмыштуу шалаакылык. Мындай окуялар мындан ары кайталанбашы үчүн бардык күнөөлүүлөр, эч кандай өзгөчөлүксүз, катуу жазаланышы керек», — деди Корецкий.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG